====================================
Биринчиси мындай, багымдат намазынан кийин күн чыкканча зикир чалып, таңкы дубаларды айтып, Куран окуп отурдум. Күн көтөрүлгөндө Духа намазын окуп, андан кийин гана ишиме бет алдым. Бул күнү кечке дейре көңүлдүү жүрдүм, иштерим ийгиликтүү болду, болжогонумдун баары өз убактысында аткарылды. Убактым ушунчалык берекелүү болгонун сездим. Айласыздан Пайгамбарыбыздын (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) "Аллахым үммөтүмдүн таңкы убактысына береке бер" - деген дубасын эстеп, ушул күнү таң эрте ийгиликтин жана берекенин ачкычын таап, Алланын жардамын тилеп алганымды, зикир коргону менен курчалганымды, рухий азык топтогонумду билдим.
Экинчи күн бир аз башкача, түндө уйкудан калгандыктан багымдат намазы бүтөр замат үйгө келип, жаздыкка баш койдум. Шашкеде денем оорлошуп, ордуман араң козголдум. Бир топ адам менен кезигүүгө убада бердим эле. Биринчисин экинчиге, экинчисин үчүнчүсүнө жылдырып, айтор бири бүтсө, экинчиси чала калып, жасаган ишимдин дайын-ирээти жок, руханий жактан да, физикалык жактан да аябай чарчап кеч киргиздим.
Мунун себеби, күнүмдү шарият көрсөткөн, Пайгамбарыбыз (Саллаллаху Алейхи Уа Саллам) айткан туура жол менен баштабадым. Таңкы зикир, дубалар менен коргонбодум.
Бул эки күндүн айырмасын карачы!
Жаны күнүң жагымдуу болсун десең, Жаратканга жалбаруу менен башта, аны эстеп, Ага дуба кыл. Пенделерине ачкан таңкы береке эшигинен кирип ал. Ошондо күнүң берекелүү болот.
"Бакыттын сырын ачтым " китебинен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1