- Алладан мага отуз жылга жетчүдөй байлык сурап берчи, - деп өтүнүп калды.
- Өмүрүңдүн алгачкы отуз жылында бай болгуң келеби, же акыркы отуз жылында? – деп сурады Муса пайгамбар.
Жигит көпкө ойлонду. Пенделик напсиси алгачкы отуз жылда бай болууну каалап турду. Бирок, «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деген накылды эстеп, өмүрүнүн акыркы отуз жылында бай болууну туура го деп ойлоду. Акырында алгачкы пикирине токтолду.
«Өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы, кийинки отуз жылда менин жашаар-жашабасымды ким билип коюптур, андан көрө жаштыгымды барчылыкта өткөрөйүн» деп ичинен бир чечимге келди да:
- Мага алгачкы отуз жыл үчүн байлык керек, - деди.
Муса пайгамбар Алла Таалага дуба кылды.
Ошол күндөн баштап жигиттин мал - мүлкүнө береке кирди. Мал-жандыктары эгизден төлдөп, эгин-тегини жылына экиден түшүм берди. Базарга алып чыккан малы, түшүмү өтпөй калбады. Ошентип эл арасындагы өтө бай адамга айланды. Бирок, кээ бир адамдар сыяктуу байлык аны сараңдыкка алып барган жок. Тескерисинче, байлыгы көбөйгөн сайын колу ачылды. Алгач жетимдердин курсагын тойгузду. Анан кедей-кембагалдарга садака-зекетин берди. Соодагерлердин соодасын жүргүздү. Дыйкандардын дыйканчылыгына жардам берди. Үйлөнө албаган жаштарды үйлөдү. Үйү жокторду үйлүү, ую жокторду уйлуу кылды. Ошентип эл арасында берешен, жоомарт атка конуп отуз жыл өмүр сүрдү. Убакыт учкан куш сымал деген сөз өз акыйкатын дагы бир жолу далилдеп, жигит суранган алгачкы отуз жыл ушинтип акырына чыкты.
Арадан күндөр өтүп, айларга айлана баштады, бирок бул адам дагы эле бай боюнча кала берди.
Сырттан байкап жүргөн Муса пайгамбар таңдана баштады. Эмне үчүн отуз жыл өтсө да мунун байлыгы уланып жатат? Арадан дагы бир канча убакыт өткөн соң Муса пайгамбардын сабыры түгөнүп, Алла Таалага кайрылды:
- Бул жигитке отуз эле жылга байлык берем дедиң эле, отуз жыл өтүп кетти, бирок байлыкты дагы эле берип жатасың, мунун сыры эмнеде?
Ошондо пайгамбарынын суроосуна Алла Таала минтип жооп берди:
- Бул пендем Мен берген ырыскынын эшигин башка пенделериме да ачып койду. Эми Мен ага ачылган ырыскы эшигин жабуудан уялып жатам.
Интернет булактарынан.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3