Ата Апа деген сөз бул баа жеткис сөз. Апа Ата деп айталбаган, Апа Атага жетпей арман кылып сыздап чоңойгондор канча. Ал нерсени көбүбүз биле бербейбиз жана сезе бербейбиз...
Бүгүн апа жөнүндө видео аңгемени көрүп угуп жаман болдум. Бул нерсе азыркы биздин учурда көп кездешет, жана сабак катары жазгым келди.
Бир жаш үйбүлө, бактылуу үйбүлө. Атасы уста болуп шаардын бир чоң курулушунда иштейт, айлык маянасы жакшы шүгүр. Апасы төрт баласы менен үйдө, иштеп атасына жардам берейин десе балдар али кичине, и атасыда ал нерсени каалабайт. Ошондой күндөрдүн бир күнү атасы курулуштан кырсыктап каза болот. Эми байкуш апасына түшөт бүт түйшүк. Балдар кичинекей, улуусу али 11ге чыга элек. Байкуш эне атасынын ордун басып өзү иштеп баштайт. Аркандай жумуш, күнүмдүк жумуштарга иштей баштайт. Байкуш Апасы күндө эртең менен кетет, кичине майда чүйдө жумуштарга иштей калып түш убактысында үйүнө келе калып тапкан нерселерин балдарын курсагын тойгузуп кайра жумушка чыгып, канчалаган оор жумуштарда иштейт. Кеч үйгө келип балдарына тамак жазап курсактарын тойгузуп ар бирине мееримин төгүп кучактаган бойдон чарчап уктап калат. Күндө ошондой күндөр кайталанат, күндөр айга айланып, айлар жылдарга тегеренип убакыт өтө берет. Байкуш апа жалгыз балдарын эчнерседен кем кылбай чоңойтот, жакшы оку жайларга окутуп үйлөнтүп жайлантат. Эми баягы апа жок болгон күчү кетип, алдан күчүнөн тайып, бели бүкчүйүп, колдору беттери бырыш басып ден-соолугу начарлап сүйлөй албас болуп калат.
Балдар үйлөнүп жайланып зыңыраган жигиттер болуп чоңоюшат, алдында ак мерс, артында сулуу аялдары, ар кимиси өз өзүнчө бөлүнүп кетишет. Байкуп апа жалгыз калат. Балдар өздөрүнчө сүйлөшүп очередтешип апасын караганга өтүшөт. Ден соолугу начарлагандан начарлап. Андан дагысы келиндери мурчуюп карап, теңине албай, тамак береерде өзүнчө бир бурчка бөлүп салып, кагып силкип урушуп да калышат. Бир күнү очеред эң кичүү улунда эле апасын карай турган, бирок ал уулу кечинде жумушу аркылуу бир чогулушка чакырылган болот үй-бүлөсү менен, апасын ал түнү кара албай турганын айтып улуу байкесине айтып телефон чалат.
Байкеси "жок бүгүн сенин очередин, сен карашың керек эчнерсеңди билбейм и укпайм дагы, эгер апамды алып келсең эшикти ачпайм" деп жооп берип туруп өчүрүп коет телефонду. Баары бир эң кичүү уулу машинага салып алып апасын кечинде улуу агасыныкына алып барат. Эшигин такылдатса эчким ачпайт.
"Апамды алып келдим, мен шашып атам" деп апасын эшиктин алдына тыштап алып шашып жөнөйт чогулушуна.
Кечинде кыштын кыраан чилдесинде байкуш Апа баласынын ачылбаган эшигинин алдында сүйлөй албасада, көзүнөн жаш тамып канчалаган күнүн, түнүн мээримин, канчалаган ден-соолугун, канча деген азап мыскылдарга кабылганын, балдарым келечеги, үчүн деп эмне кана жумуштарды кылбады. Кичинекейинен чоңойтуп үйлөндүргөнгө чейин наский ич кийимдерине чейин алып берип бапестеп, айланып кетейин балдарым, алтындарым, мени бага турган ушул азаматтарым деп чоңойтуп, балдарын колунда эркелей албай, жакшы сөз укпай, бапестеп чоңойткон уулдарынын келиндери четке кагып, бөлүнүп эчкимге кереги жок эшикте калганына нааразы болот
Эртең менен баласы жумушка чыгайын деп эшигин ачса, эшигинин алдында шүмүрөюп байкуш апа тоңуп жашоодон кайтыш болуп кеткенин көрөт...
Айтарым ата энелерибиз каарыган сайын, жашарат. Жаш баладай таарынып калат. Канча жаман нерсе кылсак дагы кечирет, бирок ушул деңгеелге чейин бизди чоңойткон ата энелерибиздин эч качан жүрөгүн оорутпайлы. Эркелетип эки сөз айтсаң дагы ал сөз биздин ата энелерибизге чоң байлык. Анткени алар биз үчүн деп жашаган.
Элестетип көргүлө балдарыңар бир сонун сөз сүйлөп койсо ушунчалык бактылуу болосуңар. Эгер ошол балдарыңар чоңоюп силерди карабай сөз укпай кетсе кандай болосуңар?
Ата энени көзү барда сыйлайлы урматтайлы. Күндө жылуу сөз айтып жүрөгүн толуктап сүйүнтүп туралы. Ата эне бар бактылуубуз, ата эне жок жалгыз бир мусаапырбыз...
KG ХаН👑
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1