"Алардын бармагынын учу бул жалган дүйнөгө көрүнө турган болсо, күндүн нуру тартылып кетмек. Ал эми бир тамчы шилекейи деңизге түшө турган болсо, деңиз толугу менен эң таттуу балга айланып кетмек" деп айтылат.
Эми бул жалган дуйнодогу аял заты 3 эле нерсеге бекем амал кылса, алардын даражасы "Үр" кыздардан алда канча бийик болот делинет!
Аял:
1. беш убак намаз окуса, орозо кармаса.
2. өзүнүн уяттуу жерин сактаса.
3. күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигине кирет жана "Үр" кыздар ал аялдын нурунун алдында көрүнбөй калат.
________
Ыйманга бекем 1 (бир) аялдын даражасы 70 "Сыддык" (чынчыл, ишеничтүү, ар тараптан үлгүлүү) эркектен бийик болот. Сыддык деген ысымга Ислам тарыхында Абу Бакр ас-Сыддык разияллоху анху ээ болгон. Абу Бакрдын разияллоху анхү даражасы Пайгамбарлардан кийинки орунда турат.
Аял киши:
Кыз кезинде - атасынын бейишке киришине себепкер болот.
Жар кезинде - күйөөсүнүн жарым ыйманынын ээси болот.
Эне кезинде - бейиш таманынын астында калат.
Мындан бийик аял кишиге даража берген ким бар?
АЯЛ КИШИНИН БАРКЫН ИСЛАМ ГАНА БИЙИК ТУТАТ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5