Кыштын ызгаар түндөрүнүн биринде, миллиардер киши кедей карыя менен көчөдө жолугуп калат. Андан үстүндө жылуу кийими жок суукта үшүп-үшүбөгөнүн сурайт.
– Эч кандай кийимим жок, бирок көнүп деле калдым... – деп жооп берет карыя. Буга боору ооруган миллиардер киши:
– Күтө туруңуз. Мен үйгө кирип, сизге жылуу кийим алып чыгып берейин – дейт. Эчкиси эгиз туугандай сүйүнгөн карыя ыраазы болуп, күтүп турарын айтат. Үйүнө кирген бай башка жумушка алаксып кетип, сыртта күтүп турган кембагалды унутат да калат...
... Эрте менен ойгонгондо сыртта күтүп турган кедей карыяны эстеп, шашкан бойдон чуркап чыгат. Бирок аксакалдык суукка тоңуп өлгөн жансыз денесин жана өлөр алдында калтырып кеткен эскерүү кагазын көрөт. Анда мындай жазылган эле:
"Менде үстүмө кийгенге жылуу кийимим жок кезде, суукка каршы күрөшө тургандай күчүм болчу, анткени ал абалга көнүп калган элем. Бирок мага жардам берериңе сөз бергениңде, сенин убадаңа байланып калдым да, суукка каршы чыдамкайлыгым жоготуп алдым..."
Ибрат: Убадаңды аткара албасаң, эч нерсеге сөз бербе. Бул сен үчүн эч нерсеге турбашы мүмкүн, бирок башка бирөө үчүн бардык мааниге ээ болушу мүмкүн.
Баян Акпаралиевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8