Орозбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунда 3 жаштагы баланын өмүрү кыйылды. Коопсуз деп эсептелген короодон наристени унаа тепселеп кеткен.
⠀
Кечээ, 3-ноябрда саат 16:00 чамасында «Тойота Секвойя» унаасы үйдүн короосуна кирген. Айдоочу наристени байкабай калганын айткан. Окуя богон жерге милиция кызматкерлери барып, видеокамерага тартылып калган кадрлар алынды.
⠀
Бишкек ШИИБ расмий маалымат бере элек. Ал эми тез жардам кызматынан чакыруу болбогонун билдиришти.
⠀
АКИpress агенттигине көп кабаттуу үйдүн жашоочусу билдирген маалымат боюнча, «П» формасындагы короодо бир нече көп кабаттуу үй жайгашкан. Турак жай жакынкы жылдары эле курулгандыктан жашоочулар да жаңыдан жайгашкандар. Жашоочулар балдардын коопсуздугу үчүн короону тосуп, тосмо орнотуп, күзөт да коюшкан. Ал эми дарбаза өтө зарыл учурда гана ачылып турган.
⠀
Кечээ жүктөрүн ташып жаткан жашоочулардын бири унааны чыгаруу үчүн дарбазаны ачып койгон. Тактала элек маалыматтар боюнча, короодо ойноп жүргөн балдар көчөгө чыккан чоң апасын көздөй бара жатышкан. Алардын экөө өткөндөн кийин унаасын жүргүзгөн айдоочусу эң кичүүсүн байкабай калган.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6