Алардын ичинде Хабаровск шаарында жашаган Тажикстандык 10 жашар Бахтиёр Усмонов да кайратман эрктүүлүгү үчүн медалга татыктуу болду.
⠀
Мектеп окуучусунун досу Вячеслав Конограя, сабактан келе жатып ысык суу өтүүчү жолдогу кудукка түшүп кеткен. ” Мен үйдөн чыксам, Бахтиёр ыйлап өңүнөн кетип эшиктин алдында турган экен. “Эмне болду?”деп сурасам, ал “Мен кудукка түшүп кеткен Славаны куткардым” деди. Кайра, баламдан: “Сен коркуп кеттиңби?” дегенимде “Жок корккон жокмун, менин жүрөгүмдө коркунучка орун жок” деп, жооп кайтарды””,-деп жаш куткаруучунун атасы ошол күнкү окуяны эскерди.
⠀
Кудукка түшүп кеткен Славанын денесинин 40 пайызы кайнак сууга күйүп калган. Бирок, кичинекей тажик досу өз учурунда куткарып калган үчүн тирүү калды. Эртеси мектепке бейкапар барган Бахтиёрду мектеп жамааты жана окуучулар кызуу куттуктоо жылуу сөздөр менен кучактап тосуп алышкан. Алар: Бахтиёрдун чыныгы эр жүрөк, баатыр экенин бир ооздон айтып, башка бала болсо балким коркуп качып кетмектир деп алкоого алышты. Сууга күйүп жаткан Славаны куткарууда ар бир секунд баалуу болгонун ыкчам сезе билген балага алкыш туш тараптан тынбай айтылып жатат.
⠀
Бахтиёрдун каармандыгын анын туулган жери Тажикистанга да жетип Усмоновдордун үй-бүлөсүнө өз мекенинен коңгуроолор болуп баласын эр жүрөк кылып туура тарбиялаган атасына ыраазычылыктар билдирилди. Рустам маалымдагандай, учурда куткарылган Конограйдын үй-бүлөсү менен бир тууганча катышып, туулган күндөрдү бирге белгилешет. Сыйлык алуу үчүн Москвага чакырылган Бахтиёрго алар тынбай коңгуроо кылып чогуу толкунданып жатышты. Орусиянын борборуна биринчи ирет келген баатыр балага Росгвардия уюштурган экскурсиянын ичинен кинология багыты абдан жакканын айтат:
⠀
“Ит адамдын досу, адамга кыйынчылык келгенде кызматтагы иттер куткарууга дайым даяр” Бахтиёр медаль гана албастан, атайын кызматтар тарабынан ар кандай грамота, ыраазычылык каттар менен да сыйланды
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6