Бул маалыматты провинциянын саламаттык сактоо министри Ясмин Рашид ырастады. 30 киши жаракат алган. Алардын саны дагы өсүшү мүмкүн деди куткаруу кызматтары. Жергиликтүү басылмалар тамак-аш жасоо үчүн колдонулган газ баллону жарылып, ошондон өрт чыгып кеткенин жазууда.
Айрым маалыматтарда өрт дароо эле үч вагонго жабылып кеткен. Өлкө бийлиги жүргүнчүлөрдүн көбү жүрүп бараткан поездден секирем деп ажал табышканын айтты. “Эки газ плиткасы жарылып кеткен. Газ плиткаларында тамак-аш даярдалчу“,-деди темир жол министри Шейх Рашид Ахмед.
Узак аралыкты басып өткөн темир жол каттамдарында бул көйгөй кеңири жайылган. Көпчүлүк жүргүнчүлөр ислам конференциясына баратышкан деди министр.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16