Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
⠀
Жактоочу Исаковду мажбурлап алып келүүдө мыйзам бузулганын белгиледи.
⠀
— Адамды сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду соттук приставдар аткарышы керек болчу. Бул жерде УКМКнын кызматкерлери күч колдонуу менен алып келиптир. Бул мыйзамга туура келбейт.
⠀
Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттолуп жатат.
⠀
25-октябрда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну айрым күбөлөр суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.
⠀
Мындан соң сот Исаковду күч менен алып келүү жөнүндө токтом кабыл алды.
⠀
ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.
⠀
Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.
⠀
Сот быйыл февраль айынан бери жүрүп жатат.
⠀
Жактоочунун бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча соттон комментарий боло элек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3