Алардын саны барган сайын көбөйүүдө. Соттун чечими болгонуна карабай, алимент төлөбөй, издөөгө жүргөндөрдүн саны миңден ашат. Айрымдары колунда бар болсо да, атайын айлыгын азайтып, 200-300 сом алимент төлөп коюшат.
⠀
Бул көйгөйдү чечүү максатында Кыргызстанда алименттин эң төмөн суммасын 1800 сом кылуу Жогорку Кеңеште сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору учурда биринчи окуудан өттү.
⠀
Демилгечилер белгилегендей, мыйзам долбоору алимент төлөө маселелерин жөнгө салуу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган.
⠀
Эске сала кетсек, учурда статистикалык маалымат боюнча алимент төлөөдөн качкан 2731 адамга издөө жарыяланган. Жапысынан 41 миң 843 эне баланын атасынан алимент төлөтүп алуу үчүн сотко расмий түрдө кайрылган.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10