Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Максатбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, акысыз кызматтар турмуш шарты оор жана жалгыз бой кары-картаңдар үчүн каралган.
⠀
«Мамлекеттик социалдык буюртма» деген программанын алкагында талондор аркылуу акысыз кызмат көрсөтүүлөр башталды. Учурда жеке ишкерлер менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр аягына чыгып, келишимдерге кол коюлуп жатат. Пенсионерлер биз келишим түзгөн чачтарач, мончолордун кызматтарын акысыз пайдалана алышат. Жеке ишкерлерге мэрия тарабынан ай сайын акча төлөнүп турат. Биз кайсы ишкерлер менен келишим түзгөнүбүз жөнүндө пенсионерлерге маалымат берилет», - деди Максатбек Орозалиев.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында жашоо шарты оор 167 пенсионер каттоодо турат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7