А.Р.) ишин карап чыкты.
Майрамкан 1969-жылы Алай районунда туулган, билими орто, эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес.
⠀
Ал 2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 10:00 чамасында мурдагы кудагыйы — Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган тургуну Кымбаттын (аты-жөнү өзгөртүлдү, К.Ш.Т.) үйүнүн кулпусун өзү менен ала барган балка менен талкалап, кызынын себин алып кеткен.
⠀
Соттук отурумда соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып, кызы Лира (аты-жөнү өзгөртүлдү, К.Л.А.) Асанга турмушка чыгып, эки балалуу болушкандыгын, өз ара пикир келишпестиктен 10 жыл мурун ажырашып кетишкендигин айтты. Андан ары сөзүн улап, 2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 10:00 чамасында мурдагы кудагыйы Кымбаттын үйүнө барып, кулпусун бузуп, кызына белекке берген көрпө төшөк, килем, стенкасын жана кызынын килеми экен деп Кымбатка таандык чоң килемди дагы кошо алып кетип калгандыгын, ага чейин көрпө төшөктөрдү бер деп эки жолу барганда кудагыйы бербей койгондугун, учурда алып кеткен кудагыйынын буюмдарын кайтарып берип, андан кечирим сурагандыгын, өзү пенсионер жана 5 баласы бар экендигин билдирип, жеңил жаза берүүнү суранды.
⠀
Соттук отурумда жабырлануучу Кымбат 2019-жылдын 9-сентябрь күнү Ош шаарына неберелери менен кеткендигин, үйүндө эч ким калбагандыгын, мурдагы кудагыйы үйүнүн кулпусун бузуп кирип, өзүнүн жүктөрүнө кошуп кызына даярдап койгон баркут
төшөктөрүн, 5 метрлик килемин алып кетип калгандыгын билдирди. Андан ары сөзүн улап, келини эч себепсиз баласын таштап кетип калгандыгын, аны кайра келтирүү максатында септи бербей жүргөндүгүн билдирип, келтирилген материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп, мыйзам чегинде жаза белгилөөнү суранды.
⠀
Жыйынтыгында Майрамкан күнөөлүү деп табылып, эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндөгү (40 миң сом) айып пул салынды.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22
Эгер сиз ИНСТАГРАМДАН РЕКЛАМА кылып АКЧА табууну кааласаныз анда бизге кайрылыныз