Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Кыргыз Республикасынын аймагындагы мектептерде эмгектенип жаткан жалпы мугалимдерден атайын КАЙРЫЛУУУрматтуу Президент сизге кайрылуубуздун негизи төмөндөгүдөй: Түмөн-түйшүктүү мугалимдик кесипте эмгектенип жатканыбызга ыраазы болуу менен бирге бул кесиптин көкөйгө тийген айрым маселелерин чечип, көйгөйлөрдү жоюп берүүңүздү сурап сизге кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Педагогиканын атасы Сухомлинский айткандай убакыт мугалимдин рухий байлыгы эмеспи. Мугалим канчалык көп убакытка бош болуп эс алууга көңүл бурса андан окуган жаш жеткинчектердин мыкты инсан болуп чыгуусу шексиз! Ал эми бизде азыркы учурда абалыбыз кандай? Теңирден тескери десек туура болоор, билим берүү министрлиги бизге жакшылап иштөөнү көрсөтүүнүн ордуна кагазга мугалимдерди көмүп салды десек туура болоор, биз бала окутууга, сабакты өзгөчө өтүүгө, чыгармачылыкка изденебизби же керексиз майда-барат кагаздар менен алектенебизби? Дагы билим сапаты начар иштебейсиңер деп талапты катуу койгондоруна жол болсун?!. Албетте жарытылуу айлык алсак да бир жөн... Өзүңүз түшүнгөндөй учурдун талабына ылайык өп-чап жашоодо биздин алган маяна суу кечпей калып жатат! Ашыкча жүктөлгөн кагаз үчүн көрүнгөн үйгө барып жүрүп мугалимди мугалим эмес карыз доолап келгендей түшүнүп кабыл алган коом пайда болууда! Бул кетиште жакынкы 5-10 жылдыкта мектептер ээн калат кадр маселесинде көйгөйлөр пайда болот, алган айлыктын 3/2 бөлүгүн кагазга жумшасак анан!... Мугалимдик асыл кесиптин бедели түштү десек да жүйөөлүү кеп айткан болоорбуз!.. Сөзүбүз курук болбошу үчүн бир нече мисал келтирели:1. Класстык журналдагы соц.педагогго тиешелүү бөлүм2. Иш план, конспект 3. ОМС толтуруу4. Кандайдыр бир бланкаларды толтуруу5. Военкоматка окуучулардын документин толтуруу, алып барып келүү (сабагын жаман көрүнүп кесиптешине дайындап) айылдык военкомкызматкери не иш кылат белгисиз?!.6. Өз билимин өркүндөтүү портфолиолорун толтуруу7. Айыл өкмөтүнө тиешелүү айрым бир кагаздарды толтурткандачы (жыга эле чапкың келет го)8. Маалымат базасы үчүн метирка, омс, ата энесинин паспорту, ата энесинин омси, чарба китеп боюнча номери. (ушуларды былтыртан бери чогултуп келе жатабыз)10. Окуучу бир нерсе болсо мугалим күнөөлүү (24 саат бою, түнбү, күндүзбү айырмасы жок)11. 11-класстын окуучулары үчүн паспортко документ топтоп, чуркап алып берүү (ата-энелеп алып берсн күнөө болобу)12. Каникул убагына окуучулар үчүн түзүлгөн иш-пландар Бул дагы чет-чебери, тактай берсең чыга берет.... Анан да "Мугалимдин статусуна" айылдык, шаардык мугалимдерге шартына карап акысыз үй берүү, же жер участогун бөлүп берүү боюнча атайын жоболор иштелип чыгып өзгөртүү киргизилсе... Себеби, көпчүлүк мугалимдердин үстүндө үйү, жер участогу жок болуп батирлеп жашап келишүүдө. Кыска жууркан өңдөнгөн маянасын бир жагына тартса бир жагына жетпей дасыккан билимдүү кесиптештерибиз "гастарбайтер" аталышып, чет өлкөлөргө агылууда. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген жумуш, түзүлгөн шарттар болсо коомдун куруучулары кесибин сүйүп мыкты иштешмек.Сөзүбүздүн соңунда сизден сураарыбыз, биздин түйшүктүү кесибибизге кошумча жумуш болгон ашыкча кагаз-иштерин бир нукка салып, жеңилдетип берсеңиз!.. Антпесе биздин көпчүлүк убактыбыз кагаз иштерине кетип сабакты мыкты, чыгармачылык нукта өтүүгө, изденүүгө убактыбыз жетпей калууда. Биз да жумушубуз жемиштүү болуп, окуткан окуучуларыбыздын мыкты, өлкөгө пайдасын тийгизген инсандар болуусун тилейбиз. Сизге кайрылуу жолдогон WhatsApp колдонмосунда түзүлгөн "Көрөңгө-Билим мугалимдер" тайпасынын жалпы 200 (эки-жүз) чамалуу агай-эжейлерден түзүлгөн мүчөлөрү."Көрөңгө-Билим мугалимдер" тайпасынын негиздөөчүсү Абдимиталип уулу Келдибек. Ош областынын Алай районундагы N37А.Арзиев мектебинин англис тили мугалимиЖооптор үчүн: keldibek_osmon@ mail.ru 996771572323
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38