Иран полициясы баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылыгын билдирип, жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармады."Тасним" кабар агенттиги 1-февралда маалымдагандай, тартип коргоочулар камаган аялдар чет жакта жашаган ирандыктардын үгүтүнө сугарылып, жоолуктарынан баш тартышкан.Сөз болгон 29 кыз-келин кайда кармалганы так айтылган жок.1979-жылкы Ислам революциясынан кийин аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү Иранда милдеттүү болуп калган.Ошондон бери аялзат өкүлдөрүнүн сырткы келбетине такай көз салынат. Аялдардын бардыгы жаш-карысына карабай денесин жана чачтарын жашырган кийим кийиши зарыл.Адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд уюштуруп келет. Ушул аптада эле башкалаа Тегеранда алты аял жоолуктарын чечип салганы үчүн кармалган.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8