Кыздарга жылаңачтанып бийлөө боюнча сынак уюштурган Бишкектеги түнкү клубдун жетекчилигине коомдук тартипти бузгандыгы үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда группага Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, видео интернетке тарагандан кийин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп сынакка катыштыгы бар адамдардын баарынын аты-жөнү такталган. Андан кийин топтолгон маалыматтар, коомдук тартиптин бузулгандыгы тууралуу түзүлгөн протокол Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.“Сот ишти карап чыгып клубдун 1983-жылы туулган администратору К.О.ну жана ошол күнү төшүн жылаңачтап бийлеп, уюштуруучулардын сынагында утушка ээ болгон 30 жаштагы К.Ф аттуу кызды коомдук тартипти бузган деп таап, эскертүү берди", - деп жазылат маалыматта.Буга чейин жазылгандай, сынактын жеңүүчүсүнө 200 доллар акча убадаланган.
Айжан БайзаковаАйта кетсек, социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн "чуулуу" сүрөт, видеолору менен белгилүүлүгү арткан казакстандык Айжан Байзакова аттуу кыздын коомдук жайда жылаңачтанып бийлегендеги видеосу интернетке тараган. Байзакова да түнкү клубда көпчүлүктүн көзүнчө бийлеген. Анын бул ишин жергиликтүү тартип сакчылары текшерип чыгып, коомдук жайда этика нормаларын сактабагандыгын аныкташкан. Жыйынтыгында ал 3 суткага камакка алынган. Ал эми Байзакова жылаңачтанып бийлеген эс алуучу жай жабылган
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13