Анын артында бир уул, бир кызы калды
Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында өрттөн улам каза болгон 44 жаштагы Кыргыз жараны Рыспек Жолдошбековдун сөөгү туулуп өскөн айылына жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрга маркумдун жакындары группага билдиришти.Алардын айтымында, Жолдошбековдун сөөгү 23-декабрда Кыргыз жерине алынып келген. Бүгүн анын сөөгү өзү туулуп өскөн Талас районундагы Үч-Эмчек айылына жерге берилди. Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.Айта кетсек, Жолдошбеков Түштүк Сахалинде КамАЗ айдап иштеп жүргөн. 13-декабрь күнү түнкү саат 3кө жакын үй-бүлөсү менен телефон аркылуу байланышкан. Ошол күнү өзү жашаган контейнерден өрт чыгып каза болуп калган
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2