Кыргыз тараптан өнөктөш болуп "Автоцентр Эстакада", ал эми өзбек тараптан GM Uzbekistan компаниялары чыгып жатат.Учурда GM Uzbekistan 10 түрдүү автокөлүктөрдү чыгарууда. Алардын төртөө седан — Nexia, Cobalt, Gentra и Malibu, ал эми экөө майда аз сарптаган Matiz и Spark, бир Captiva жолтандабасы, бир түрү минивэн — Orlando үлгүсүндөгү техникалар. Андан сырткары Damas кичиавтобусу менен Labo үлгүсүндөгү микровэн жасап жатат. Аталган компания Ravon автоунаасын экспорттойт. Артем Новиковдун айтуусуна караганда Өзбекстан Кыргызстанга жүз миң АКШ долларын насыяга бере тургандыгын кабарлаган.Агенттиктиктин кабарчысына өкмөттүн мүчөсү бул маалыматты билдирип жатып, учурда жабдууларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айткан."Январдан тарта ишкананын ордун, жайгаша турган аймагын талкуулап баштайбыз. Кыргыз тараптан "Автоцентр Эстакада", ал эми Өзбекстандан GM Uzbekistan компаниялары биргелешип иштемекчи", — деген ал. Ошондой эле, ал автоунаалардын сынамык үлгүлөрү 2018-жылдын аягында чыгарылып каларын айткан.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев