Бишкекте келе жаткан ит жылына арналган Dog’s fashion show деген мода көргөзмөсү болуптур. Иш чарага кожоюндар иттерине ар түрдүү кйимдерди кийгизип алып мода көргөздүрүшөт экен. «Кылаарга иши жок, салаарга кушу жок» болсо, каалаганын жасай берсин. Бирок кыргыздын улутттук баш кийимине тийишпей эле коюшса болмок.Итке калпак кийгизүү бул жалпы улутту мазактоого барабар көрүнүш. Ошондуктан Маданият министрлиги же башка тийиштүү мекемелер кандайдыр бир чара көрүп, кой-ай деп койбосо болбойт.Калпакты мончого кийгендиги тууралуу маселе көтөрүлүп, азыр андай көрүнүш кездешпей калды. Эми мынтип итке кийгизип коюшуптур.Dog’s fashion show иш-чарасынын уюштуруучулары тууралуу маалымат жок болуп жатат. Бирок иш-чара Бишкектин борборундагы Bishkek Park соода жайында өткөрүлгөн. Мындай маалыматты govori.tv жазып чыкты.Эске сала кетсек, мындан бир нече ай мурун, кудаа күткөндөр койго калпак кийгизип, мойнуна жолук салып ашыкча обу жоктуктун жарыя кылганбыз. Мына кыргыздардын жоошуп бара жатканынан, кенебестиктин айынан, маңкурттуктун айынан төмөндөгү улуттук кийимге болгон мамиле жана улутту сыйлабаган тоотпостук келип чыкты.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 46
Атадан откон балага
Андан да кымбат эмне бар