Бийлик аны коркунуч жаратат деди
АКШнын чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын директору Жон Смит улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштеринин алкагында ушундай чара көрүлүп жатканын билдирген.АКШнын Финансы министрлиги тарабынан мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн 10 криминиалдык аталыгына, анын ичинде кыргызстандык Камчыбек Көлбаевге каршы санкция берилди. Бул туурасында аталган министрликтин сайтында маалымдалат.Санкцияга кабылгандардын арасынан Алимжан Тохтахунов, Васили Христофоров, Владимир Тюри, Владислав Леонтьев, Гафур Рахимов, Захарий Калашов, Лаша Шушанашвили, Рубен Татулян жана Юрий Пичугинди көрүүгө болот.АКШнын чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын директору Жон Смит улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштеринин алкагында ушундай чара көрүлүп жатканын билдирген. Анын айтымында, жогоруда аты аталгандар Америка жана анын союздаштарына коркунуч жаратат.Криминалдык аталыктар кара тизмеге илинген. Аларга АКШга кирүүгө тыюу салынып, алардын активдери менен менчик мүлктөрү өлкөнүн аймагында камакка алынып, чектелет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев