Президенттик шайлоо тынч эмес өтүп, өлкө бир ай президентсиз калат, Бабанов президент болот деген да айтымчылар болгон. Алардын арасында президенттик шайлоо тынч өтөрүүн, Сооронбай Жээнбековдун президент болоорун "Шамбала" газетасына берген маегинде туура так айткан айтымчы,элдик дарыгер Улан-Бек мырзаны кайрадан кепке тарттык.- Экс-президент Атамбаевдин мындан аркы келечеги кандай болот?-Убагында тарых бул кишинин эмгектерин баалайт. Келечек десеңиз эсиме түшүп жатпайбы. Атамбаев президенттиктен түшкөндөн кийин дагы бир түш көрдүм. Атамбаев эс-мас абалында экен. Анын аркасынан куралчан жоокерлер кубалап жүрүшүптүр. Колун ийниме артып алып аны менен чогуу улам бир жерге жашынып жүрүп, акыры колго түшөт экенбиз. Атамбаев эсине келип калыптыр карасам. Мен тиги жоокер баланын тапанчасын тартып алып куугандарды аткылап,иши кылып ал жерде согуш болуп кетиптир. Менимче Атамбаевге атайын кол салуу болот окшойт. Ал азыр деле өзүнүн жан сакчылары менен жүрсө керек. Сактансаң сак болосуң-дейт,эмне болсо да сак жүрсүн. Саясатчылардын арасынан өзүнүн командасынан бирөө саткындык кылып кетет, чет өлкөлүк адам кол салышы мүмкүн.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2