Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу Антонина Шевченко Дубайда 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү өткөн эрежесиз уруш боюнча "Phoenix 4 Dubai" аттуу мелдешинде франциялык Валери Домергуну жеңип алды."Phoenix 4 Dubai" аттуу мелдештин алкагында бокс, тай бокс жана ММАнын эрежесинде беттештер орун алды. Эрежесиз уруш боюнча мелдеште Кыргыздан чыккан спортчу Антонина Шевченко 61,2 килограммга чейинки жеңил салмак ченинде франциялык Валери Домергуменен беттешип калыстардын чечими менен жеңишке жетти.Муну менен Антонина Шевченко ММАнын эрежеси боюнча 3-жолу беттешти.Эске салсак, Шевченко сентябрь айында Лондон шаарында өткөн эл аралык "Phoenix 3" мелдешинде голландиялык Анниса Хадау менен мушташып, аны жеңип алган.Шевченко тай бокстун эрежеси боюнча "Phoenix Fighting Championship" версиясынын чемпиондук курунун ээси
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев