Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматов: “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”, — деп айткандай, бул жашоодо адамга биринчи кезекте эле адам болуу маанилүү деп ойлойм. Эгерде адам өзүнө өзү талдоо жүргүзө алса, өзүнүн кемчиликтерин сезе билип, сынды туура кабыл алса, анда ал адамдын жеке жетишкендиктеринин бири болуп саналат.Албетте азыркы жашоодо мыкты адис болуу деле маанилүү. Бирок, сенин адамдык касиетиң төмөн болсо, анда эртели кечпи адистигиңдин да кереги жок болуп, жардамы тийбей калат.Азыркы заманда адамдар өздөрүнүн адамдык сапатын жоготуп бара жатышат. Бири бирине күйүмү жок, керек болсо бир туугандар да бир-бирине жат адамдай мамиле жасап калган мезгил. Андан сырткары жакын адамың да сатып кеткен заман. Бекеринен айтылбаса керек “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман”, — деп. Мындай нерсенин баары адам өзүнүн адамдык сапатын жоготкондуктан келип чыккан маселе болуп эсептелип, азыркы замандын чоң көйгөйү десек да жаңылышпайбыз.Адамдар убактылуу дүйнөнү сүйүшөт, ал эми алдыдагы оор күнгө кайдыгер болушат. “Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста”, — дегендей, адам миң жакшы болгон күндө деле, колуна бийлик, мансап берсең, ошол нерселерге азгырылып, адамдык сапат деген нерсени унутуп, жаман жолго түшүп кетүүсү мүмкүн. Бирок, баардык адам ошондой деп айтуудан алысмын, анткени: “Бир карын майды бир кумалак чиритет”, — деген сыяктуу эле, биз жашообузда мансапкор адамдарды кезиктирип, кыйын учурда жардам бере албай калсак, анда бүтүндөй ааламды жек көрүп, адамзатты ыймансыз, ынсапсыз деп бир жактуу жыйынтык чыгарып жүргөндөрүбүз дагы көп.Бир акылманга: — “Канткенде адам болобуз?”, — деп суроо узатканда: — “Үч кадам таштоо менен”, — деп жооп берген экен. — “Эң башта, сага жамандык кылгандарга жамандык кылгың келбесе, демек бул адам болууга таштаган биринчи кадамың. Сага жамандык кылгандарга жакшылык кыла баштаган болсоң, экинчи кадамды таштап, чыныгы адам боло баштаганың. Акырында, сага жакшылык жасагандар менен жамандык жасагандын ортосунда айырманы билбей турган абалга келгениңде адам болгонуң ошол”, — деп.Адам бул кайталангыс уникалдуу көрүнүш, ал коомдун эң негизги өзөгү, түзүүчүсү эмеспи. Чынында эле адам коомдун чыныгы адамы болушу үчүн негизги үч асыл сапат болуш керек деп эсептейм. Алар: ыймандуулук, акыл-эстүүлүк, жана жоопкерчилик. Адам адам катары калыптанууда ал жеке эле физиологиялык жактан эмес, психологиялык жактан да өнүгүүсү маанилүү.Адамдын акыл-эси, жүрүм-туруму жогорку деңгээлде өнүккөндө гана ал чыныгы кесиптин адиси ээ боло алат. Бир сөз менен айтканда, коомдун чыныгы жана негизги мүчөсүнө айланып, коомго, өзүнө пайда алып келет. Тилекке каршы, айрым учурларда адамдык сапатты эмес, адистик сапатты же карьералык өсүүнү, аттын башындай амбицияны өстүрүп алып коомго дагы, өзүнө дагы зыян кылып жүргөн замандаштарыбыз азайса деген ниет, кыял.Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, айтаар оюм, адамга бул жашоодо мыкты адис болуудан мурда, адамдык сапат, мыкты адам болуу маанилүү экендигин эскертким келет. Качан гана сен адамдык касиетиңди мыкты сактап, аздектей алган учурда гана өз ишиңди билген мыкты адис боло аласың.Гүлкайыр Ишенбек кызы, И. Арабаев атындагы КМУнун кызматкери
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев