Кечээ, 9-декабрь күнү кечки саат 11лер чамасында Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан "Эне жана баланы коргоо" борборунда кичинекей балдардын дем алдыруучу аппараттары иштебей калып балдар 10 мүнөттөй дем албай жатып калышты", - дейт окурман. Бул тууралуу ал "Элдик кабарга"билдирди."Инимдин бөйрөктөрү иштебей ооруканада жасалма аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Анын палатасында 8 бала жана башка палаталарда дагы балдар бар. Кечинде жасалма дем алдыруучу аппараттар иштебей калып, балдар дем алалбай калышты. Ызы чуу болуп, ата-энелер запастагы кислороддук баллондорду таап, балдарын көтөрүп келип, аппаратка туташтырышты. Балдар 10 мүнөттөй дем албай, өзүн жоготуп, муздап баштаганда гана кислород кошулуп эсине келишти. Дарыгерлер, баллондо кислород аз калгандыктан, суукта тоңуп калыптыр дешти. Бул нерсени алдын ала көзөмөлдөп коюшса болот беле? Ошол жерде бир нече бала каза болуп калса эмне болмок?", - деп жазат окурман
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7