Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыздын Орусияга болгон 240 миллион доллар карызын кечүүгө багытталган мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, “2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз-Орус өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген насыя боюнча Орусиянын алдындагы Кыргыздын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрда кабыл алынган.Протоколдун максаты - мурда берген насыя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиянын алдындагы карыздарын жөнгө салуу. 2017-жылдын 30-апрелине карата карыздын калдыгы 240 миллион долларды түзөт. Ошондо Кыргыздын Орусияга болгон карызы жок болот.Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев