Бүгүн Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугат, Сөөк унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар
Бүгүн, 11-мартта жааган жана түшө турган карга байланыштуу тоолуу райондордо жана Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга, Ала-Бел, Чычкан капчыгайына, Көк-Бел ашуусуна, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-110-чакырымдарына, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-97-чакырымдыраны, Красная Горка- Ак-Таш жолунун 1-9-чакырымдырына, Казарман-Актал-Чат жолунун Кара-Көө ашуусуна, Ийри-Суу тилкесине, Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолундагы Долонго, Арал-Миң-Куш жолунун 1-10-чакырымдарына, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууга, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Барскоон ашуусуна, Сөөк жолунун 60-68-чакырымдарына кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдор тоңголок болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
"Унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерде унаалар аралыгы 500 метрден болушу керек. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев