Ушул кундору мен бир дагы жолу Бокишти эстегенжокмун. Эсимден эле эмес туболукко журогумдон чыгып кетти. Журогумду толугуменен Ильяз ээлеп алды. Кантип суйбойсун? Сени суйуп, оозунан бир жаман жокчыкпай айланып-кагылып, козундун агы менен кошо айланып турса. Керек болсо мени кыжалат кылган : "Эми мен балалу боло албайм" деген ой дагы жоголду!
Кайненем бир айдай журуп калды шаарда. Бир айичинде экообуз мамыр-жумур болуп мамилебиз ташкындап калды. Чогуу мал жайгарып,чогуу суу ташып. Ал от жакса, мен тамак жасап ынтымакташып калдык. Ильяз мениозунун шайырдыгы менен тартып алды. Оозунан эч бир жаман соз чыкчу эмес. Керекболсо итти дагы кет деп кубалабачы. Озу соз бергенде мага ойдо карап жаман созайткан жок.
Кайненем ууз аял эле. Отуруп алып тошок курап, туз кийиз, шырдак жазайт. Мен анынжанынан чыкпай кошо жардам берип, коп нерсени уйронуп алдым. Учообуз кобурашыпоткон кеткенди суйлошуп отура беребиз.
Ильяздын классташы уйлонуп калып тойгобарып калдык. Бир аяш келин мектепте иштейт экен. Ошол айтып калды, мектепкеиштеп албайсынбы, билимин бар экен деп. Кайненеме, Ильязка айтсам макулболушту. Кайненем мектепке алып барып, директору менен суйлошуп, иштеп калдым. мурдасабак берип корбосом да конуп кеттим. Аяш келин коп жардам берди. Мен жумуштанкелгенче кайненем менен куйоом жол карап кутуп калышат. Мен келсем экообу тенжаш баладай кубанып тосуп алышат. Мен дагы уйго жеткенче аларды тимеле сагыныпкалам.
Жазкы каникулда ата-энеме калын алыпбарышмай болушту. Уйдогулор опурап-топурап даярданып кутуп жатышыптыр. Торкунумо келип кубанычым койнума батпай отурдум. Диля менен куйоосун дагычакыргам, келишиптир. Бизди болушунча сыйлап жатышты. Диля экообуз чет жакка чыгыпсуйлошуп, ал-акыбалды суйлошуп калдык.
- Азамат, жакшы баланы табыпсын.Бактылуу бол эми.
- Рахмат.
- Баягы Болсунбек жонундо айтыпберейинби?
- Озун баштадын айт эми. Ал менимурдагыдай толкундатпай калган, айта бер.
- Аялынын боюнан тушуп калыптыр биринчиси,эми боюна болбой экообу кун алыс урушат экен. Чикага жашоо кыйын деп жазыптыр.Сени сураптыр. Чика ал аябай бактылуу деп жазыптыр.
- ий жаман болуптур! Тороп алса болмокэкен.
- Сен дагы деле «добрая душа» болупжуросунбу? Анын эмнесин айайсын! Сени таштаган учун кудай жазалап жатат да.
- Койсончу Диля бироону табалаганболбойт.
Ушул менен созубуз бутту. Уйго кайтыпбара жаттык. Жолдон журогум айнып, кыйналып келдим. Мындайым жок эле. Эмнесидеп тан калдым. Эртеси Ильяз болбойбольницага алып барды. Анализдерди тапшырып коюп уйго келдик. Кайра эле окшупкусуп, башым айланып жатып калдым. Ашказаныма суук тийип калса керек деп айраничип коем. Кайненем дары ичпей эле тур деп дары бербей койду. Ильяз чый-чыйычыгып козу аландап коркуп жатты. Кудай сактаса экен сага эмне болду деп бушайман.
Эртеси анализдерге бардык. Врачкакирсем
- Боюнда бар экен. Срокту аныкташ учунУЗИге тушуш керек. Бизде жок. Нарынга направлание жазып берем. Барып тушупкел-деди.
- Сиз жанылып калган окшойсуз. Менторой албайм.
- Ок ким айтты сага мындайды.
- Бишкектен врачтар айткан.
- Мен жанылбай эле, ошол жактагыврачтар жанылып калса керек анда.- деди.
Эсиме келе албай, же суйунорду, жекуйунорду билбей машинага келип отурдум. Ильяз кебетимди коруп чоочуп кетти.
- Боюнда бар дейт, жинди врачокшойт. -дедим нааразы боло
- Чын эле бекен? – деп суйунгонунон бакырыпжиберди.
- Билбейм ошентип айтты. Нарынга барыпУЗИге туш деди.
- Кеттик анда азыр эле барып келебиз.
УЗИге очередь экен копко куттук. Чогуукирем деп жанымда эрим отурат. Биздин очередь жетип, кирдик.
- А 19 недель болуп калыптыр, мынажурогунун согушу деп угузду. Журогунун согуп жатканын угуп алып, Экообузкучакташып алып суйунуп ыйладык. Врачтан кандайча болуп калды деп сурасам.
- Может это чудо? Неси болсо дааман-эсен тороп ал- деди.
Кутулбогон бакытка же суйунорумду жеыйлаарымды билбей эсим ооп калды.
Ильяз машинаны жай айдап бара жатты. Биринчи эле ата-энеме тийе кетели деди.Апам менен атамдын суйунгонуно соз жок. Аябай суйунушту. Кайненем алардан отупсуйунду. Мага чайнек суу дагы котортушпой калды. Озум дагы тура эмес бир нерсекылып аламбы деп коркум журдум.
Мектепте иштеп журо бердим. Бир кунутуруп колбаса жегим келет, бир куну сары май. Омуру майлуу жебеген жаным,майлууга талгак болдум. Тун ортосунда туруп колбаса жегим келсе, Ильяз жонойткамокторду кыдырып. Каяктан болсо дагы табып келет. Курсагымды сылап баласыменен суйлошот тимеле. Мен болсо мунун баары туштой эле болуп журо бердим. Баардыгыжомоктой эле туюлуп, ишенип-ишенбей кетем кээде.
Ай-кунум жетип эркек тородум. Ошондогукубанганымды соз менен жеткизип бере албайм.
Баламды алып келип устумо жаткызканда, буга чейин кыйналган кундорумдун баарын унутуп калдым. Ильязга врач суйунчулосоыйлап жибериптир. Мага келип кучактап алып рахмат айтып жатты. А мен ага:
- Сага рахмат, мени бул жашооготирилтип кайра алып келдин! Мен сен менен гана суйуу эмне, бакыт эмне экенинбилдим. Сен барда адамдык сапаттар эч бир жан адамда жок, жаным! – дедим.
Тилегибиз орундалды деп кайненем атынТилек койду. Ильяз бизди больницадан баягы опур-топур достору, менин ата-энем,кайненем иним болуп баарын эрчитип келип чыгарып кетти. уйго жетсек тойго камкорулуп, даярданып коюшуптур. Ошол куну эле бешик той бердик. Билинбей кундорото берди. Балакайыбыз чоноюуп бир жашка чыгып калган кез. Тамтундап баскангааракет жасап калган. Менин дагы боюмда бар экенин билип аябай суйундук.Кайненем
- Мен аман турганда торой бер айланайын. Анаторой албайм деп журдун эле. Мына буйруса экинчисин торогон отурасын. Айттымэле го сага. Буйруса аман эсен тороп ал айланайын деп батасын берди.
23-февраль болуп калды. Бугун майрамдеп Ильяз торт алып келейин деп калды.
Биз жашаган айыл Нарын шаарына жакын.40 мин. Жол машина менен. Айылда торт жок Нарынга жоноп калды. Карангы кирип,саат 8 болуп калды. Ильяздан дайын жок. Телефонуна чалсам дагы очук. Эмне болдудеп бушайман боло баштадык. Атама чалып Ильяз барбады бекен деп сурасам, аларгадагы барбаптыр. Таан маал Ильяздын досукелип калды.
- Ильяз болницада экен абалы оор дейт.Нарындагы балдар чалышты Мас балдар тоноп, бычак сайып кетишиптир
Кайненем, кайнагам учообуз жонопкалдык Тилекти абысынга калтырып. Барсак реанимацияда жатыптыр. Врач бир элеадам кирип коруп чыксанар болот деди. Кайненем сен кирип чык деп ыйламсырады. Кирсем Ильяз бопбоз болуп жатат.
- Балдарымды ыймандуу, акылдуу кылыпчонойторуна ишенем.- деп журуп кетти.
Мен эс учумду жоготуп коюптурмун. Козум ачсам больницада экенмин. Жанымда апам бар экен.
- Апа Ильяз кайда?
- Кызым кайрат кыл Ильязды жергебергенибизге 10 кун болду. Сен эс-учунду жоготуп жаттын. Ичиндеги балан кудайгашугур жакшы. Тилек биздикинде кабатыр болбо. Балам тагдыр деген ушул экен,кайрат кыл!
- Апа алдабанызчы! Ал олбош керекболчу! – деп бакырып окуруп баштадым.
Врачтар чуркап келишти укол салышты.Кайра эсим ооп калды. Больнида 20 кун жатып калдым. кыркына жакын чыктым.Бутундой аалам башына келип кулап ар тарапка чачырап , мен ошол чачырандылардын арасынан чыгалбай тенселипбасалбай калгандай эле болдум. Бирок тагдырдын сыноосу ушуну менен эле бутупкалган жок!!! !
РS(мага бул кундорду эстоо онойго турган жок. бир аз озумо келгенде улантам....)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 113