Ыр дүйнө, булагыңан жуткум келет,
Көкөлөп асманыңда учкум келет.
Жүрөккө жетээр жакшы ырлар жазып,
Жылуу сөз, жакшы пикир уккум келет.
Бакчаңа гүл жыттанган баскым келет,
Оролуп көк шиберге жаткым келет.
Оо ыр дүйнө мен өзүңдө жашап келем,
Ыр менен бүт сырларды ачкым келет.
Жол жүрөм, чарчап калган жолоочудай,
Кетилген чака сымал толбоочудай.
Оо ыр дүйнө сен мага мугалимсиң,
А мен болсо үч алган окуучудай.
Эх ыр дүйнө, ашууң бийик аша аламбы,
Жолуң татаал, чалынбай баса аламбы.
Окуганда сезимди селт эттирген,
Сонун, сонун ырларды жаза аламбы?
Өмүрдөн өткүчөктү сенде жашайм,
Өзүңдөн өз ордумду таба аламбы?
Жаратман: Жыргалбек Усенов. О5.02.2025.
01:08 Москва.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3