– Сагын эже, Сагын эже-е...
– ???
Эски үйдүн жер төлөсүндөгү сыры өчүп эскилиги жеткен, кулаганга аз калгандай шалкылдап турган каалгага башын салып кыйкырып жаткан бала дабыш тыңшап туруп калды. Кебетесинен эмнегедир бир сестенүү, чочулоо байкалат. Жаман эшикти коё берип бир аз артка чегинди да, кайра наристе үнүн бек чыгарып кайраттуураак унчукту:
– Сагын эже дейм. Барсызбы? Мен келдим.
Сөзүн аяктай электе эшиктин ичинен талп-тулп деген үн чыкты. Бала ошого ыраазы болгондой кабагын ача, өзү бой-келбетин оңдоп-түзөп койду, каадалуу.
– Ии, садага болоюн, Эрмек. Ырас келбедиңби? Кечирип койчу, ошо, кечээ да катуу ичкенбиз. Башым сынып жаткам. Сени келип калабы деп...
Качантан бери жуулбаганга узун кара чачы салаа-салаа болуп батташып, сурмалуу көзүнүн асты-үстү билинбей каканактаган аял эскилиги жетип сүзүлүп бүткөн жаман жемпирин кымтыланып балага жакын келди. Жашы кырктан ашып калган бул аялдын кенедей баланын алдында күнөөлүү болуп турганын эч ким деле байкаган жок. Таң менен бири ишине, бири окуусуна шашып бараткандар кычырап кийинген, али кенедей болсо дагы турпатынан сөөлөт байкалган ал баланын көчө селсаягы болуп бүткөн сасыган аялдын жанында турушуна таң калышып, аларды шектүү карап айланып өтүп жатышты. Бирок айланадагылардын аларга карата болгон мындай мамилеси баланы да, аялды да кабатырлантпайт.
– Мына бул сизге, - бала колундагы кичинекей баштыкты аялга сунду. Аял аны алууга ашыгып турганы менен тартынып, ыңгайсызданып кетти.
– Эрмек, сенден уялып атам.
– Алыңыз. Ачкасыз да.
***
Ырас, аялдын бала берген баштыкты ала коюудан уялганынын жөнү бар. Мындан туура бир жыл мурун дал ушундай кеч күздө нөшөрлөп жааган жамгырда ушул кичинекей мээримдүү жанга жолуккан. Анда да мурунку күнү бөтөлкөлөш достору менен ашынып ичип жолдо жатып калган. Таң агарганга чейин майдалап жааган жамгырда жатып, таң алдында араң соолугуп башы зыңгырап ооруп, курсагы ачкандан кайда барарын билбей бет алды жөнөгөн. Күзгү нөшөрдө көчөдө жан адам жок эле. Андан улам кебетеси ит качкандай болсо да “мени ким көрүп коюптур” дегенчелик кылып түрүлгөн көйнөгү, тытылган кийимине кайыл болуп баскан. Бирок аны көрүп турган бир адам бар эле.
Жетинчи кабаттын айнегине жармашып терезеден азыраак ылдый жактагы бактын сары жалбырактарына кызыгып олтурган Эрмек тээ төмөндө кыбыраган бир жанды байкады. Темтеңдеген ал караандын үйгө жакындаганын карап олтуруп аял экенин тааныды. Эрмек ата-энеси жумушка кеткенде дайыма жалгыз калат. Ал үчүн биринчи класс кези абдан жакшы болчу. Түш болгончо ойноп, курсагын тойгузганча атасы же апасы келип калчу да, мектепке алып кетишчү. Ал эми акыркы эки жыл андагы кызыктан айрылып калгандай. Себеби ал 2-классынан бери мектепке өзү барганды билип калды. Эртең менен баары кетип калган боюнча кеч кирип каш карайганча эч ким ага көңүл бурбайт. Апасы дайыма дасторконун жайнатып, кийимин камдап кетет. Атасы болсо кетип жатып колуна акча карматып, жолдо этият болуусун жана эшикке чыкпашын жакшылап эскертет. Бирок акыркы кезде Эрмек ата-энесинин “сыртка чыкпа” деген эскертүүсүн тоготпой көп убактысын эшикте ойноп өткөрүп, сабакка кирерде гана үйгө кирчү болгон. Бүгүн да сыртка чыккысы келип, бирок күздүн суук күнүнөн ичиркенип үйдө корголоп жаткан эле.
Жанатан узун кирпиктүү карагат кареги гана акырын жылганы байкалганы болбосо, каткан жандай кыймылсыз олтурган бала катуу селт этип кетти. Аз жерден терезенин кырынан кулап кете жаздап араң карманып калды. Төмөндө ал карап олтурган аял темтеңдей жай басып келе жатып бети менен кеткен эле. Эрмек ордунан ыргып турду да, сыртка зуу койду. Ал учуп-күйүп жетинчи кабаттан түшүп келгенче аял жанагы жаткан ордунан жылбаптыр.
– Эже, туруңуз, сизге эмне болду?
Аял тырмалаңдап колуна жармашкан жаш баланын кайдан пайда боло калганына таң калгандай карады. Баланын колуна сүйөнүп туруп жатып анын апапакай жүзүн, таза келбетин байкап “менден кирдебесин. Оолак болоюн” дегендей андан колун тартып ала коюп, жаңы эле өзү кармаган билегин күбүп койду.
– Кайдан келе калдың?
– Терезеден көрдүм сизди, - бала олуттуу тарта аял менен жанаша басты.
– Кайсы терезеден?
– Тээтиги, даана көрүнбөйт. Бак тосуп калат тура бул жерден. Сиздин үйүңүз кайсы?
– Менинби? Үйүмбү? – аял жооп таба албай буйдалып калды, – менин үйүм жок, – жер карады.
– Анда каякка барасыз анан?
– Эч жакка.
– Каякта жаттыңыз эле, үйүңүз болбосо? Кайдан тамак ичесиз?
– Жаткан да, тамак ичкен да жерим жок. Ошол үчүн кебетем ушундай. Ошол үчүн ачкамын, – аял баланын тыкылдаган тири карактыгына алгач ачуусу келип кетсе, кебинин акырында аны жалооруп карап кемшеңдеп кетти. Бала да күнөөлүү немече унчукпай калды.
– Эже, биздикинде тамак бар. Жүрүңүз анда, биздикинен ичебиз.
– Жок, мени сенин үйүң турсун, бул кире беришке да кондурушпайт. Дайыма кууп чыгышат.
– Куубайт. Азыр үйдө эч ким жок.
Буга чейин жалгыз калганын жактырбай келген Эрмек үйдө эч ким жок экендигине азыр чын дилинен кубанып кетти. Эртең менен апасы адаттагыдай дасторконду дайындап, “муздаткычтагы борщту ич” деп кеткен. Ишенгени - ошол тамак.
– Жүрүңүз. Ысык тамак ичип, жылынабыз.
Аял баланын мындай камкордугуна ичи жылып, ыраазы боло ээрчип жөнөдү. Курсагы курулдап турганда да жакшы болбодубу. Экөө ээрчишип кирип дасторконго отурушту.
– Колуңузду бул жакка жуусаңыз болот.
Аял тамактануу алдында колду жууш керектигин канчадан бери унутуп калганын байкады.
– Биз мектептен тамактанарда кезекке туруп алып колубузду жууп, анан ашканага киребиз, - зирек бала аялды уялтпайын дегендей кеп улап койду.
Тамактанган соң экөө ээрчишип чыгып, бала мектепке кетти. Аял дагы кайда барарын билбей орто жолдо калды.
***
Ошол күн аял үчүн анын караңгы жашоосуна жарык шоола түшкөндөй жагымдуу күн болгон. Баланы узатып коюп канча убакыттан бери биринчи жолу өзү тууралуу ойлонуп олтурду. Эң биринчи эле келбетинен уялды. Бул үчүн өзүн жемелеп, жек көрдү. Анан кайра ага кол шилтеп салып бактылуу болгусу келди. Баарына бир тең кубанычы – ага бүгүн адам аттуулардан адам катары мамиле кылган жан табылды. Андан калса ал адамдын али эне сүтү жыттанган мектеп жашындагы наристе экенине кубанды. Болбосо аны чоң кишилерден да ушул кичинекей балдар ыза кылчу эмес беле. Ал карап койгон бала энесинин этегине жармашып, энелер ыйлаган баласын аны көргөзүп сооротушчу. Анын кыжырын келтирген да, ыза кылган да нерсе ушул болчу. А бүгүн наристеден сый көрдү, наристеден адам мээримин туйду. Ушундай ойлорго оролуп олтурган аял кырк кырынан ашкан өмүрүндө биринчи жолу эрктүүлүк менен “эми арак ичпейм” деди ишенимдүү.
– Эми ичпейм, “кичинекей досум” таарынбайбы? – өзү менен өзү сүйлөштү да, жагымдуу жылмайып койду.
***
Чыкыроон күздүн кечээки алай-дүлөй түшкөн каарынан жик калбаптыр. Коюу тарткан ак булуттар ала салып, күндүн шооласына эшик ачып баратышты.
Сагын эмнегедир ал күнү бөтөлкөлөш досторуна кошулбады. Демейде кулкуну кууратып, тамагын кургатып туруучу жинди сууга да табити жок. Күн кечтеп баратканда бүгүнкү күндү ушунчалык ачык кабак, жакшы ойлор менен узатып жатканына таң калып кетти. Таң калгандай эле бар эле. Анткени ал ар бир күндү наалып тосуп алып, сөгүп узатчу. «Мени ушул акыбалга келтирдиң» деп ар бир күнгө наалат айтып, кокту ичиндеги тынч жашоосун бузуп, жолдошу менен мончоктой уулун алып кеткен селди каргачу. Ал селди эстери менен жин ургандай үнү бийиктеп, тарамыштары түйүлүп барып ачуусун арак менен басып отуруп калчу.
Жайлай жатып чыккан бактын далдоосуна барып жатууну ойлоп, бирок андан ыңгайлуу, андан жылуу жерге уктагысы келди. Демейде баарына кайыл болуп беш бүктөлүп жатуп алчу эле. Бул жолу жакшы орун табууну ойлоп эки жакты карап жөнөдү. Акыры караңгы кирип көз байланып калганда кабат үйдүн жаман эшиги ачык турган жер төлөсүнө кирип жатып алды. Ал жер ары тазараак, анан чын эле сууктан кыйла коргочу жер экен.
Баарынан кубанганы - бул жерди селсаяк досторунан кызганып, аларга көргөзбөй жалгыз баш калкалаган бир жума ичинде аны бул жерден кууган жан болгон жок. Балага жолуккандан бери баарын анын шарапаты деп кабыл алып жаткан аял өзгөчө бир эбедейи эзиле: «Ак жолтоюм менин», - деп койду жылмайып. Анан дароо ордунан чечкиндүү туруп кайдадыр бет алды. Чоң көчөнүн жээгинде тамеки, чемичке саткан кемпирдин тушуна келгенде чөнтөгүн сыйпалап тура калды да, ал жакка кайрылды. Кемпир менен тим эле кербендердин жүгүн соодалашкандай бир топко алышып туруп максатына жетти окшоду.
– Эрмек, кандайсың?
Балдар менен бир нерсени кызуу талкуулап кетип бара жаткан бала үн чыккан тарапка бурулуп ошол эле жерден топтон бөлүнүп калып калды.
– Саламатсызбы, эже? – баланын мычалык олуттуу учурашуусу аялды тайсалдатып жиберди.
– Ии, жакшы. Жакшы, садагасы. Мен тиги… Сени күтүп. Ой, жолугайын деп…
– Мен сабактан эми эле бошодум да.
– Аа, муну… Ме, мегой, - аял колундагы таттууну балага сунду. Эң жакшы көргөн таттуусу үчүн кубанган бала колуна алары менен сыртын сыйрып шоколаддан бир тиштеди.
– Рахмат, эже.
– Жей гой, ачка болгондурсуң.
Аял баланын таттууну кубануу менен жегенине жетине албай калды. Анан “ага жолтоо болбоюн” дегенчелик үндөбөй келе берди. Алар чоң жолго жетип калган маалда чаңк эткен үн экөөнү тең чочутуп жиберди.
– Эрмек, ким менен келатасың? Ким алдагы?
Бала да, аял да татынакай кийинген сулуу келинге эмне жооп берерин билбей туруп калышты. Аңгыча жандарына жетип келген келин баланы колдон силке оң тарабына өткөрдү да, аялды жийиркеничтүү карап алды.
– Муну кайдан алдың? Акчаң жок эмес беле?
– Эже алып берди.
Ошол замат келин уулунун колундагы таттууну алып ыргытты.
– Көчөдөгү көрүнгөн алып бергенди жей бересиңби? – келин уулун декилдете жетелеп аялга кылчайып да койбостон узап кетти. Сагын абдан ыза болуп калды. Келинге баласына эч жамандык каалабасын, жөн гана анын балалык мээримине ыраазы болуп чөнтөгүндөгү акыркы тыйынына таттуу алып келгенин түшүндүрүп бергиси келди. Бирок суз келиндин аны уга турган түрү жок экенин билип ызалуу умсунуп калып калды.
***
Сагын өткөндөгү окуяга, «көчөдөгү көрүнгөн бирөө» деген кепке ушунчалык кекенди. Ушунча болуп өзүнүн мындай селсаяк адамга айланып калганына биринчи жолу ызаланып, андан дагы биринчи жолу мындан жакшы болууну ойлонду. Эки күн бала тарапка келбегени менен ал тууралуу ойлонбой коё алган жок. Жоодураган кара көзү, аппак жүзү бойтоюп көз алдында болуп, жароокер, сылык сүйлөгөнүн элестетип алып эле ыраазы. Үчүнчү күн дегенде ага болгон сагынууну сезип, көргүсү келди. “Барып дагы өткөндөгүдөй ыза болбосом экен” дегени менен барбай да коё алчудай эмес. Акыры мектеп алдына жетти да, баланы алыстан күтүп олтурду. Эрмектин карааны көрүнөрү менен жүрөгү тынчып, өзүнчө кубанып алды. Жолдун жээги менен баланын караанын артынан көргөнүнө ыраазы боло бара берди. Качан өткөндө алдынан чыккан келиндин карааны көрүнөрү менен алдастап бурулуп кетти. Аял Эрмек жакындан бери тирүү жетим калып атасы аларды таштап кеткенин, ошол үчүн келин баласын күйөөсү уурдап кетпесин деп тосуп алып калганын билген жок.
***
Сагын жашаган шаарда жашоо кадимкисиндей уланып, күндөр зуулдап өтө берди. Эч ким эл арасында бир селсаяк мээримдүү, жароокер баланын жакшы көз карашына таасирленип күн сайын жакшы сапат күтүп жатканын байкабады. Ырасында эле Сагындын аны байкап, ага карай турган эч кими деле жок. Ошол эле маалда ал жашоосунда болуп жаткан мындай өзгөрүүлөрдү кимдир бирөөгө туйдуруп, билдирүүнү деле ойлонгон жок. Ал баарын эч кимге милдет кылбай, эч кимге көрүнүүнү максат кылбай жан дилинен жасайт.
Мурда эмне табылса жеп көнүп калса, кийин аракеч досторунан качып калганы аз да болсо аракет кылып дүкөнчү аялдын эшик алдын шыпырып нан таап калган. Ушинтип жашап жүргөн бир күнү Эрмекти кезиктирип калбаганда, дагы деле ошол жашоосу улана бермек болушу керек эле.
– Ой, Сагын эжесизби? Эмне унчукпай келе жатасыз? Же мени тааныбай калдыңызбы? – бала Сагынга жолугуп калганына чын дилинен кубанып кетти. Сагын аны кайдан тааныбай калсын. Бир айда бир-эки ирет артынан акмалап, алыстан карап койгонуна курсант болуп жүрбөйбү. Бирок анысын жашыра:
– Тааныдым, кагылайын, тааныдым. Жолугуп калганыбызды. .. – деп койду. Ырас, артынан карап, ыраактан боюнун өсүүп калганын гана байкаганы болбосо, келбетин көрө элек эле. Эрмектин балалыктан жаштыкка кадам салган жүзү ага өзгөчө сүйкүм көрүндү. Мурут изи байкалып, кыска алып жүрчү чачы оңго бурулуп өзгөрүп калыптыр. Аял эмнегедир аны кучактап бооруна кыскысы келип кетти. Антүүгө батынбаганы менен ичтегисин жашыра албай кобуранып алганын өзү да байкабай калды:
– Ушунча жыл өтүптүр да. Ушунча жыл сени караан тутуп жашаган экенмин. Сен мага кимсиң? – көзү жашылданып кеткен аялдын кебине Эрмек түшүнгөн жок.
– Эже, сиз баягы мага шоколад алып бергендегиден жакшы болуп калыптырсыз. Сизге ушундай жүргөн жарашат экен.
– Рахмат.
Ал күнү бала үйүнө, аял короо шыпырууга шашкан жок. Кенен маек куруп узакка олтурушту. Кеп арасында Эрмек ушул жайда, 11-класска кирер алдында жол кырсыгына кабылышып апасынан ажырап калганын, атасы болсо бир кеткен боюнча кайрылып келбегенин айтты. Маектин ушул мүнөтү экөөнү ого бетер жакындатып, ого бетер бири-бирине күйүмдүү кылып койду.
***
Бүгүн акыркы коңгуроо. Эрмектин демилгеси менен ал жашаган үйдүн бир бөлмөсүнө көчүп келген Сагын тим эле жаш баладай кубанып алган. Ал бүгүн мектепке барат. Болгондо да Эрмектин эң жакыны катары барганы жатат. Кантип кубанбасын анан. Эрмектин сунушу менен анын апасынын гүлдүү жоолугун мойнуна жараштыра салып, кечээ кечте эле алып келип катып койгон бир кучак гүлдү колуна алып мектепке бет алды. Жол бою ал өзү үчүн бир укмуш ой тапты. Өмүрүндө эки чоң майрам болгон экен. Бири өзү мектепти аяктаган жылдагы акыркы коңгуроо болсо, бири – бүгүнкү, эч кимге айтпай, бирок жан дилинен балам деп кабыл алып алган уулу Эрмектин акыркы коңгуроо майрамы. “Биринчи майрамдан соң мени жолдошум ала качып кетти эле. Мен аял атын алып, аны менен таттуу жашоо баштагам. Эми экинчи майрамдын соңунда эмне болот болду экен?..” Ушинтип ойлор менен алышканча мектепке жетип келди. Чын эле укмуштай майрам, ак-кара кийим куп жарашкан окуучулар, кызыл-тазыл желек, анан да кооз гүлдөр. Майрам соңунда Сагын уулуна гүлдү тапшырды да, анын уруксаты менен үйгө кайтты. Эмнегедир башы зыңгырап ооруп, кусуп ийчүдөй жүрөгү айланып үйгө араң жетти да, муздак душка түштү. Жок, анда деле эс ала албады. Күзгү алдына барып чачын тарап, бүгүнкү күн үчүн Кудайга ыраазычылыгын билдирди. Буга чейинки армандарын бүт унуткарып, жаздыкка бактылуу баш койду.
***
Майрамдан куунак көңүл менен кайткан Эрмек эшикти шарт ачып үйдүн караңгылыгынан муздай түштү. Бүгүн аны жалгызсыратпагандыгы үчүн рахмат айтып тартуу кылам деген бир тал гүлүн оңдоп кармап Сагындын бөлмөсүнүн эшигин какты. Тынч, жооп жок. Кирип барып ары карап жаткан аялдын ачык далысын жаап коюуга бутунун учу менен басып жетти. Жуурканды жапканда аялдын колу артка карай шалак этти.
***
Эрмек атайын Сагынга арнап алгандыгы үчүн сулуулугу кетип соолуп калса дагы бир тал гүлдү жаңы гана үйүлгөн боз топуракка чын дилинен аяр койду.
(Аягы)
Гүлайым Калыбекова


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24