Бул каргашалуу окуя күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Бүт бардыгы кетменден башталды. Жөнөкөй эле арык чапчы кетмен. Ошол күнү Шыгай арыктарды тазаламак болуп, кетменин издеп чыккан: сарайдан — карайт жок, көмүрканадан карайт — жок. Шыгай ичинен бир сыйра күңгүрөнүп алды да, анан аялынан сурады.
— Ошо жерде турган,— деди аялы.
— Турса анан кана?— деп кыжырланды Шыгай. Эринин кыялын жакшы билген аялы ошол замат үйдөн чуркап чыгып, кетменди кошо издеп калды. Ал дагы бүт аңтарып карап чыкты, кетмен көрүнбөйт.
— Кошуналардан бирөө алып кетсе керек,— деп кобуранды аялы, анан эшикти көздөй жөнөдү. — Алышса кайра жеткирип бербейт... Ал үйдөн үйгө өтүп ар кимдикинен кетменин сурап жүрдү, акырында эч жерден таппай үйүнө кайтып келди.
— Балээ баскан турбайбы! Үйдөн чыккан эле нерсе жоголот, — ал короосунда туруп наалыды.
— Биз силердин кетмениңерге тийген жокпуз! — кыйкырык бийик дубалдын артынан угулду. — Корооңо сак бол, коңшунду ууру тутпа. Шыгайдын аялынын кыжыры келди.
— Ушу силер эле алган болушуңар керек. Дайыма бир нерсе алсаңар, кайтарып бербейсиңер.
Кошунанын аялы да зорго турган экен, ал айкырып жиберди:
— И, биз сенин минеңи алыптырбыз? өзүң көчүгүңү беките aлбай, элден көрө бересиңби? өзүңөр уурдап жүрүп, элдин баарын ууру көрүп калган экенсиңер!
Бул отко тамган майдын акыркы тамчысы болду.
— Мине? —Шыгайдын аялы турган жеринен чыңырып жиберди.— Ким ууру? Биз сенин минеңи уурдаптырбыэ, я? ө-өлүгүңдү көрөйүн, бетбак!..
Андан кийинкисин кошуналардын bардыгы көрдү: эки короодон тең бир маалда чуркап чыгып аялдар бири бирин чачтап калды. Чыңырык-кыйкырык, көйнөктөрдү тытмай, каргап-шилөөлөр. Эшиктин алдында ойноп отурган балдар эмне болуп кеткенин түшүнбөй, ыйлап жиберди. Акырында гана ызы-чууга чуркап чыккан эрлери аялдарын тарткылап отуруп араңдан зорго аларды үйлөрүнө алып кирип кетти.
Ошондон баштап эки үйдү тең караан түн каптады. Бир күнү Шыгайдын тоогу кошунасынын короосуна кирип кетиптир.
— Түт! Карасан булардын тоогу да ууру,— деп угуза кыйкырып, аны көздөй таш ыргытты Жумабектин аялы. Жумабектин баласы Кадыр дайыма кагаздан кайык жасап, сууга агызганды жакшы kөрчү. Ошентип кайыгынын артынан барып калганда дарбаза ачылып, босогодо Шыгайдын аялы көрүндү. Ал баланы бир сыйра жийиркенгенсип карап алды да, жини менен чакчаңдады:
— И, дагы минени уурдаганы келдиң? Бар өзүңүн эшигиңе барып ойно! Бияка дагы келгениңи көрөйүн, бутуну сындырам...
Эртеси Шыгайдын баласы Үсөн теңтуштарынын бирөөсүн чакырьш жаткан.
— Шака-а!.. Шака-а!.. Тигинин апасы чыкты да, ага кыйкырып кирди:
— Бас үнүңдү, эй, бала! Шакан жок үйдө, — анан өзүнчө кобуранды. — Булардын үнү да өчпөйт экен, жубарымбек. .. Үсөн мурдун шыр тартып, таарынган өңдүү көчөнү бойлоп жөнөдү. Ал нарагыраактагы жашыл дарбазалуу үйдүн алдына барып, Шакандын апасы кирип кеттиби деп кылчактап карап алды да, дагы бир шеригин чакыра баштады:
— Жека-а!.. Жека-а!.. Тигил чыгып келди. Анын артынан апасынын үнү угулуп
калды:
— Жекшен, өлүгүңдү көрөйүн, барба аяка!— деп доолуланып жатты апасы.— Беймаалынын баласы менен ойногонуңду кой дебедим беле, шүмшүк! Жекшен шеригин күнөөлүү
карап алды.
— Эртең келчи, Үка, —деди ал, улам артына кылчактап. — Апам урушуп атат... Үсөн унчукпай тескери бурулуп, жолуна түштү. Шамсуддин-бабанын үйүнө жакындаганда, дубалдан ашып чыгып турган алчадан секирип жулуп алды. Бир алча жарылып анын колун чыканагына чейин кызылга боёду. Үсөн калгандарын jалбырактардан тазалап, уучундагынын баарын оозуна ыргытып койду. Оозу-башы кызыл болуп өтүп баратканда, аны карыя Осмон короосунан туруп чакырды. Үсөн токтоп калды: биринчи эле анын ою — качмак болчу, бирок тигил жылмайып турганын көргөндө, эмне кылаарын билбей тура берди.
— Бери кел, Үсөн, — деп кол булгады карыя Осмон. Үсөн жай басып короого
кирди.
— Келе кой, айланайын, —карыя Осмон ага жол бошотуп үй тарапты көргөздү. — Кир, айланайын, кире кой... Чоңоюп калган турбайсыңбы, садагаң болоюн, апаңы ошондо төрөт үйүнө жеткирген мен болчум. Мына, эми сен минтип чоңоюп да калыптырсың. ..
Алар күңүрт далистен өтүп барып төркү бөлмөгө кирди.
— Отур, — карыя Осмон колу менен төрдү көргөздү. —Азыр чай ичебиз, анан мен сага бир кызыкты көрсөтөм. — Мен чай ичпейм,— деди Үсөн.— Мен үйдөн чай ичкем.
— Кой, кокуй, андай дебе... Үйдөн ичкен чайың башка, меникинен ичкениң башка да.
— Улам чай иче берсем, курсагым жарылып кетпейби, — Үсөн тура калып торсойгон курсагын көргөздү. — Андан көрө, мага жана айткан кызыкты көрсөтүңүз.
— Мейли, айланайын, мейли, — карыя Осмон күлүп калды. — Жүр анда месе, сага бир кызыкты көрсөтөйүн.
Алар ээрчишип эшикке чыкты. Карыя Осмон Үсөндү колунан тартты.
— Биякта... Силер экөөңөр тез эле дос болуп аласыңар. Алар сарайдын ичине кирди. Карыя Осмон колу менен бурч тарапты көздөй жаңсап:
— Тигине,— деди. — Бар, ал азыр уктап аткан чыгаар...
Үсөн алдыга кадам шилтеди. Бурчта, калың төшөлгөн чөптүн үстүндө кичинекей күчүк жатыптыр. Баланын дабышын уккан күчүк башын көтөрдү. Ал кичинекей топко окшоп оролуп, жүлжүйгөн көздөрүн караңгыда араң ачып турду.
— Ал, колуңа алсаң, —деди карыя Осмон баланы алдыга түртүп. — Коркпой ле кой.
Үсөн ириде ишенбегенсип чалды бир карап алды, анан эңкейип күчүктү акырын, этияттык менен колго көтөрдү. Күчүк ошол замат анын кучагында жоголуп кетти. Анан бир аздан кийин анын кыңшылаганы угулду.
— Ана, көрдүңбү, — деди чал. — Ал дагы сага кубанып атат... Ал, ала бер, күчүк эми сеники. Бу менин сага белегим. Бала жылмайып чалды карап турду, анан айнып кетпесин дегенсип шашкан бойдон үйүнө жөнөдү. Ошол күндөн баштап Үсөн теңтуштарын дагы унутту. Күнүгө мектептен кайтканда, аны алдынан күчүгү тосуп чыгат. Ал алыстан эле борсулдап үрүп, куйругун шыйпаңдатып келип Үсөндүн бутуна жабышат, бала аны басып албайын деп колуна ала коюп, тумшугунан бир өөп, анан жерге коё берет. Ыраазы болгон күчүк сызган бойдон короону аралап чуркап, жолунан чыккан тоокторду бир сыйра кууп, кайра кожоюнунун жанына келип калчы. Үсөн кээде күчүгүн короонун тээ четине алып кетип, ал жерде аны мойнунан кучактап, андан көптөн бери жүрөгун өйүгөн суроолоруна жооп издечи. Минеге чоң кишилер көп урушат? Минеге алар чатакташса ле, балдарын бир-бири менен ойнотпой коёт? Күчүгү анын бул суроолоруна жооп бербейт, бирок ал баланы түшүнүп тургансып мөлтүрөгөн эки көзү менен аны тиктеп калат. Үсөн ушуга да ырааэы, болбосо аны кээде уга турган да эч ким табылбай калаарын билет.
Мурун аты жок күчүк эми Акжолтой деп аталды. Бала эртең менен туруп дайыма эшиктин алдынан чакырганда, анын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан тигил тилин салаңдатып чуркап келчи. Экөө короону бир сыйра айланып карап келип, тоокторго жем чачып, малдарга чөп салгандан кийин бала күчүгүнө да тамактан куюп берип, анан эң акырында гана өзү жуунуп, оокатка отурчу. Ал көчөгө чыкканда Акжолтой аны ээрчип алат. Экөө балдарга кошулуп, Үсөн так секирип, күчүк тилин салаңдатып, алар керээли-кечке ойноп жүрчү. Бир күнү бала демейдегидей эле эшикке чыга калып:
— Акжолтой! — деп чакырганда күчүгү чуркап келген жок.
Таңгалган бала көздөрүн сүртүп алып итке атайын курулган кепенин жанына барды. Күчүк ордунда жатыптыр. Баланын дабышын укканда ал башын көтөрүп аны карап койду.
— Акжолтой, сага мине болду? — деп сылады аны Үсөн.
Күчүк күңгүрөнүп алып, кайра тээ алысты томсоргон көздөрү менен тиктеп калды.
— Мине болду сага, Акжолтой? — бала ыйламсырады.
Анда Акжолтой аны карап кыңшылап бир нерсени айткысы келип, бирок тили жок кайрадан унчукпай жатып калды.
— Апа! — деп чакырды Үсөн. —Апа, Акжолтойго мине болгон? Апасы ашканадан чыгып келди, ал иттин тунарган көздөрүн көрүп иштин жайын дароо түшүндү, бирок ал баласына эч нерсени айткан жок. — Мине болуптур, апа? — Үсөн ыйлап жибере турган болуп турду.
— Ооруп калса керек,— деди апасы.— Оокатын бердиң беле? Үсөн чуркап барып чөйчөккө дайыма кечки оокаттан салып коюучу кешикти алып келди. Аны иттин астына койду, бирок тигил чөйчөктү бир сыйра жыттап көрүп, жебей кайра жата берди.
— Апа, ал минеге жебейт?— баланын көз жашы сызылып чыкты.
— Жейт, — деди апасы. —Азыр ооруп аткан турбайбы... Кечинде жейт.
Үсөн чуркаган бойдон карыя Осмондукуна барды.Тигил көп күттүрбөй тез эле баланын артынан жетип келди. Күчүктү бир сыйра карап чыгып оозуна суу куйду. Суу кайра иттин оозунан куюлду, ошондо чал оор үшкүрүнүп баладан сурады: — Баягыда апаң бирөө менен урушуп кетти дедиң беле?
Бала башын ийкеди. Чал желкесин кашынып, эч сөз дебей үйүнө жөнөдү.
— Акжолтойго мине
болуптур, чоң ата?— деп кыйкырды артынан Үсөн.
— Эчтеке мес, балам, —карыя Осмон бир пас токтоп калды. — Оокат бере бер. Эгер ал оокат ичсе, анда баары жакшы болот.
— Ичпесечи?.. Буга чал эч нерсе деп жооп берген жок. Ал башын жерге салган бойдон эки колун артына кайчылаштырып алып, шылкыйып кетип калды. Үсөн эки күн катарынан улам күчүгүнө оокат алып барып берип жатты, бирок тигил эми анын шарпасына дагы көңүл бурбай, зорго дем чыгарып кыймылдабай жата берди. Үчүнчү күнү эртең менен Акжолтой өлүп калды. Бала эмне болгонун түшүнбөй бирде күчүгүн, бирде атасы менен апасын карап жалдырап турду.
— Болду, — деди атасы бир топ убакыт унчукпай тургандан кийин. — Кечинде муну алып барып талаага таштап кел...
Күүгүм киргенде Үсөн күчүгүн мойнунан байлап, аны сүйрөп көчөнү бойлоп баратты. Бирок бир аз баскандан кийин эле аны колуна ала коюп көтөрүп алды. Үсөн колундагы күчүгүн ойготуп албайын дегенсип жай басып жүрүп отурду. Аны четтен көргөн киши бала бир назик, колго илинээр-илинбес нерсени көтөрүп баратабы деп ойломок, бирок бул маалда көчөдө эч ким жок болчу. Гүзөрдөн чыгып Үсөн ачык жерге жетти. Асмандагы толук ай тоолордун түбүндөгү ээн талааны бүт жарык кылып бул жердеги майда, көзгө илинээр-илинбес нерселердин бардыгына нурун төгүп, аларды кандайдыр бир ыйык түскө боёп жаткансыды. Бала күчүктү акырындык менен чөптүн үстүнө жаткырып, колдоруна таш алып чукулап көр каза баштады. Казып бүткөн соң ал түбүнө чөп-чардан төшөп, ага өлүктү жаткырып, анан кайра дагы анын үстүнө чөптөн жаап, кийин көмүп койду.
Бала кичинекей дөбөнүн жанында узак туруп катуу үшкүрүндү. Анан үйүн карай жөнөдү. Эми гана жолдо келатып, ал күчүгүнөн түбөлүк айрылганын түшүндү. Мурдун шыр тартып, буттары ташка чалынып ал бир маалда шолоктоп ыйлап жиберди. Ал кимге экени белгисиз даттанып келатты. Минеге адамдар ынтымакта жашай албайт? Минеге алар дайыма чатакташа берет? Минеге алар өздөрү урушса деле күчүн күчүктөн чыгарат?.. Бирок аны бул жолу эч ким уккан жок.
Бала кичинекей дөбөнүн жанында узак туруп катуу үшкүрүндү. Анан үйүн карай жөнөдү. Эми гана жолдо келатып, ал күчүгүнөн түбөлүк айрылганын түшүндү. Мурдун шыр тартып, буттары ташка чалынып ал бир маалда шолоктоп ыйлап жиберди. Ал кимге экени белгисиз даттанып келатты. Минеге адамдар ынтымакта жашай албайт? Минеге алар дайыма чатакташа берет? Минеге алар өздөрү урушса деле күчүн күчүктөн чыгарат?.. Бирок аны бул жолу эч ким уккан жок.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 28