Жаңы мыйзам: Аш-тойдо бодо мал сойсоң, айып төлөйсүң
Аш-тойлорго чектөөлөрдү киргизүү маселесин камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 10-майдан тарта коомдук талкууга коюлду. Мыйзамды депутат Улукбек Ормонов демилгелеген.
Мыйзам аш-тойлордогу ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттү азайтуу, ошондой эле каржыны сарамжал пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында жазылган. Ага ылайык, той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттарга чакырылган коноктор 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойлорго 200гө чейинки конок катышып, банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанатына 3төн ашык машина менен барууга тыюу салынат.
Маркумду акыркы сапарга узатууда адам санына чек коюлбайт. Бирок бодо мал союуга тыюу салынат. Жетилиги, кыркылыгы, ашы сыяктуу жөрөлгөлөргө 100дөн ашык адамды чакырууга болбойт, анда да бодо мал союлбайт.
Зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу үй-бүлө, жакындары менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.
Үлпөт той, маараке-салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жогорудагы эрежелерди бузгандар 8 категориядагы айыпка жыгылышат. Эң жогорку айып жеке тараптарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом
Маралфм
Штрафты жеке тараптагыларга 50 мин Юридикалык жактарга 100 мин кылыш керек.. Антпесе ошончо тойго дунуйосун чачып жаткан адамга 17 ,5 мин сом анча эле ойлонтпойт..А байларга тем более.. Байлар учун хоть 20 мин болсо да пул эмес..балам учун деп штрафты толоп кыла берет.. Штрафтын суммасын кобуроок кылса, ошондо адамдар ойлонот..
Мен мисалы жармына каршымын мейли байлар сойо беришсин антпесе жерге мал батпай кетпейби илгери деле колунда барлар сойуп аш тойдо кедейлер барып эт аш жеп сорпо шилен ичип кетишкенда
Эми колунда жоктор элге уятдеп кур намыска алгызбай койсо биздин мамлекетте азыр колундагы шартын карабай кредит алып алып бир тойго чачып салып жатпайбы
Колумда барлар андай мал сойгусу келсе , союп пакеттерге салып, бала - чакасы коп уй- булолорго, же кары - картан аксакалдарга, жалгыз бой энелерге, жетим- жесирлердин уйлоруно таратып берсин! Ошол этти ошол адамдар эконом кылып 2-3 кун, мумкун бир жума тамак кылып жеп Дуа кылат..Дуа кылбаса да уже периштелер ал адамдын сооп дептерине жазат..
Комментарии 53
Юридикалык жактарга 100 мин кылыш керек..
Антпесе ошончо тойго дунуйосун чачып жаткан адамга 17 ,5 мин сом анча эле ойлонтпойт..А байларга тем более..
Байлар учун хоть 20 мин болсо да пул эмес..балам учун деп штрафты толоп кыла берет..
Штрафтын суммасын кобуроок кылса, ошондо адамдар ойлонот..