#ТАГДЫР
Нуриянын бир постунан Идрис Айтбаевдин мигранттарга жүрөгү ооруп,өмүрүңөрдүн көп учурун кабат-кабат үй салам деп өткөрүп жибербегиле деген маанидеги сөзүн окуп калып,ага пикир жазган болчумун.Ал пикир көп окурмандардын жүрөгүн ыйлаткан го,пост кылып чыгаруумду суранышты...Албетте,толуктадым...
Заманга жараша адамдардын талабы,керектөөсү да улам өсүп жатканы маалым,балдарым жакшы жашасын, аларды окутайын, үйлөп-жайлайын, жакшы там салайын деген максат менен чет жерде канчалаган жердештерибиз эмгектенип жүрүшөт.Жараткандын алыска болсо да чачып койгон ырыскысына ыраазы болосуң. Сыртта жүргөндөрдүн арасында баарыбыздын жакындарыбыз бар,алар менен кошо кубанып да,кайгырса ко
БАЛАНЫН ТИЛИНИН КЕЧ ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕЛЕР СЕБЕП???
Ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши ата-эне үчүн чоң кубаныч. Ал эми «апа» деген алгачкы сөзү - өзүнчө бир чоң бакыт. Бирок аны күткөн сайын тили кечиккен учурлар да болот. Адам баласы төрөлгөндөн чоңойгонго чейин ар ай, ар жыл сайын өсүү темпи менен алдыга жылып олтургандай эле наристелердин сүйлөөсү да жылышта болуп турушу керек. Бул үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги менен милдети абдан чоң.
Баланын 2 жашка чейин сүйлөбөгөнүнүн себептери
Тукум куучулук. Эгер ымыркайдын ата-энесинин биринин тили эки жаштан өтүп барып чыккан болсо, баласы аны кайталоосу толук мүмкүн.
Кулагы укпайт. Баланын кулагы укпаса, анда ал үн алышып сүйлөшө албайт.