Жолдо баратып, биринчи жумушума кайрылдым. Мындан ары иштей албасымды, кайненемдин ооруп жатканын, аны багуум керектигин түшүндүрүп айттым. Жолду катар апам менен акылдашпай, баламды эмчектен чыгараарыма кейип жаттым. Үйгө кирип эле, апама абалды түшүндүрдүм.
— Макул, кызым. Өзүңө кара... Баланы сүт берип карап тураармын. Жок дегенде бирге чыккыча эмизсең болмок. Канча күн жатасың белгисиз. Эми балаң ушуну менен эмчектен да чыгып кетет. Көкүрөгүң ооруса кантесиң? Оорулуу карап жатып, өзүң да ооруп ...
— Апа, башка аргам жок. Баарынан да биринчи кайненем жакшы болуп кетсинчи. Ансыз деле мен күндүзү жумушта жүргөндө, балам кыйратып деле эмчек эмбейт го. Аман - эсен чоңойсун!
Баламды өөп - жыттап, эркелетип коштошуп алып, ооруканага бардым. Мен жеткиче убакыт кеч болуп кетти. Кичүү кайынсиңдим чыдамы түгөнүп, мени күтүп отуруптур.
— Эрте келбейсизби, жеңе! Кечке жүрө бересизби! Менин да үйүм бар, жолдошум урушуп жатат.
Кайынсиңдим апасынын ооруганына кейибестен, жолдошун күттүргөнү үчүн кейип, үйүнө шашылды.
Кайненемдин жанында орто жаштагы эки аял бар экен. Акырын кайненемдин жанына келдим. Кайненем көзүн ачып жатыптыр. Мени көрдү да, сүйлөгүсү келди. Бирок, сүйлөй албады. Көз карашынан баарын түшүнүп жатканын билдим. Колу - буттарын кармаладым, айрыкча буттары муздай болуп тоңуп калыптыр. Памперсин алмаштырып, бутуна жылуу байпагын кийгизип, кымтылап жаптым.
Кечки тамак да келген экен, тамак ичирүүгө камдандым. Эшиктен кирген медайым: "Азыр тамак иче албайт , глюкоза сайдык. Өзүң ичип ал. Сага бош орун жок, столдо уктайсың " - деди. Дары - дармектерин кайсы убакта ичирээримди түшүндүрүп кетти. Тамакты ичип, столго отурдум да, ойго чөмүлдүм...
" Көрсө ... адам өзүн эч качан өлбөөчүдөй сезет тура. Өз кемчилигибизди, күнөөбүздү билбей жашайт экенбиз. Жадагалса, эртең кандай күн күтүп турганын билбей, бүгүнкү күнүбүзгө көбүрөөк кейийт экенбиз. "Кудай баарын өз ордуна коет "деген сөз чын окшойт... "Кайтар дүйнө " деген ушулбу?... "Бирөөгө жакшылык кылсаң да, жамандык кылсаң да кайрылып келет " деген чын экен да. Жашоо өзү баарын таразалайт турбайбы ... Бул жашоодо сабырдуу болушубуз керек экен "...
Ойлонуп отура бердим... Түндүн бир оокумуна чейин ...
Алгач шприц менен тамак ичирсем, бара - бара кашык менен үйрөтө баштадым. Жаш бала сыяктуу кашык менен биринчи жолу тамак жеп жаткандай. Кайненемдин чачы узун, сулуу аял. Чачын тарап, өрүп берсем, ансайын сулуу боло түшөт. Акырындап жетелегенге да үйрөтө баштадым. Памперсин чечип, туалетке жетелейм. Врачтар: "Көп бастыргыла , кан айлансын, антпесе баспай калат " - деп айтып жатышты. Алардын кеңешин угуп, улам - улам узун коридорго алып чыгам. Өз салмагын көтөрө албаганынан , салмагы мага түшүп, жетелеп жүрүп чарчап калам. Абысыным бизге тамак ташып жүрдү. Мен "жуунуп алайын " десем , жарым күнгө кыздарынын бирөөсү келет. Мен жуунуп эле, баламды чала - була өөп, ооруканага шашылам.
Баш - аягы он беш күндөй ооруканада жатып, үйгө чыгып келдик. Бул күнү балдар, кыздары баары үйгө келишти. Апасыны көрүшүп, чай ичишкен соң, үйлөрүнө кетишти. Үйдө кайнатам, ажырашкан кайнагам, күйөөм үчөө эле калыптыр. Баласы менен үйдө отурган кайынсиңдим, баласын өз атасына бериптир да, башка батирге чыгып кетиптир.
Караганга эч ким жок... Жумушка чыкпай, кайненемди карап, үйдө отурмак болдум. Балдарды үйгө алып келген апам: " Айжамал, мен эми айылга кетейин. Атаң да жалгыз куурады. Сиңдиңе каралашып тур " - деди.
— Апа, сиңдим биз менен жашасын. Мага да жакшы, жардамы тийип турат.
— Окуусунан келип, топчу таккан жумушуна барат. Сага жардам берип үлгүрөөр бекен?
— Апа, ал жумушуна дем алыш күндөрү эле барсын. Башка күндөрү окуусунан келип, менин жанымда эле болсун.
— Макул, кызым. Бири - бириңе эш болуп, жакшы жашагыла.
Сиңдимдин биз менен жашаганы мага жакшы болду. Өзүм жалгыз эки бала менен оорулууну карап, үй - тиричилигине жетишпей калам.
Күндөр өтө берди. Кайненем памперс киймейин тура албайт. Эс алсын деп чечип коем , заара ушатып коет... Заарасы токтобой калды... Чоң аял болгондуктан, өзүм жалгыз эптей албайм, сиңдим баарына жардам берип жатты. Күнү - түнү бат - баттан которуп, дарысын өз убагында берем.
Кайнатам байкуш эчтеке менен чатагы жок. Карааны эле болбосо, өзү менен өзү алек. Эч кимге жардамы да, зыяны да жок. Ажырашкан кайнагам болсо жашоодон көңүлү калгандай, баарына кайдыгер... Курсагы тойсо болду, убактысын көчөдө ичип жүрүп өткөрөт.
Кумардын тапканы анча - мынча ичип - жегенибизге жетет. Жашообуз өтүп жатты... Коендой окшош күндөр ... Кумар адатын карматып кээ бир күндөрү бир күн ичсе, кээде эки күн ичет. Кээде андан да көбөйөт...
Кайненемдин абалы жакшырып баратты. Тамагын да, дарысын да убагы менен берем. Сүйлөп да калды. Оорулуу адам таарынчаак да болуп кетет экен. Кээ бир күндөрү маанайы түшүп, кабагы бүркөлүп, мени ачуулана карайт. Кайра бат эле жазылып, көзүмдү карап, аяй тиктейт. Көздөрүнөн өкүнүчүн көрөм...
Чынында, кайненеме аябай боорум ооруду. Тогуз ай көтөрүп төрөп, түнү бою кирпик какпай чоңойткон балдары эми минтип, жумушун, жолдошторун, аялдарын АПАсынан жогору коюп, баккылары келбей шылтоолошту. Эне байкуш ай! Жүрөгү өзүнчө эле мээрим толгон чоң дүйнө тура! Өзү ооруп жатса да, балдарын ойлойт. Жакшы тамак жеген күндөрүбүздө: "Айжамал, балдарды чакырчы, тамак жеп кетишсин. Ачпы, токпу, эмне болуп жатышты экен? " - дейт .
А балдары, кыздары телефон менен апасынын абалын бир жумада бир сурашат. Ооруканадан чыгып келген күнү келишкен боюнча, бир да жолу келише элек. Телефондон сурап эле тим болушат. Кайненем байкуш, ары басса да, бери басса да терезени үмүттүү карайт. Мен баарын көрүп байкап, кайненеме жүрөгүм ооруйт...
— Айжамал, кыздар телефон чалдыбы? Балдар чалдыбы?
— Ии, апа, чалышты. Жумуштары көп экен, бошобой жатышыптыр.
— Аа , байкуштарым десе. Оорубай жакшы жүрүшсө экен...
Менин жообумду уккан кайненем, терезеге үмүттүү карап отуруп калат.
Бир күнү кайненем. "бутум ооруду "деп эле, басалбай аксап калды.
— Эмне болду, апа? Кайсы жери ооруп жатат?
— Бутум... тырмагымдын түбү ооругансып жатат.
— Келиңиз, байпакты чечип карап берейинчи.
Байпагын чечип карасам, тырмагы этине кирип сайылып калыптыр. Жакын арадагы мончого жүгүрүп барып, убактысын белгилеп жазылып келдим.
— Апа, жүрүңүз мончого. Жазылып келдим.
Тазикке жылуу суу куюп, кайненемдин бутун салып, отургузуп койдум. Жибип калган тырмактарын алып, кирлерин чыгарып, манжаларынын арасынан бери тазалап, жууп бердим. Кайненем ыраазы болуп, аябай сүйүндү.
— Ии, рас болбодубу?
Көздөрүнө жаш алды.
— Эми арканызды жууп берейин.
Кайненемди жаш бала сыяктуу жуунтуп жаттым. Аркасын жууп жатып, аябай арыктаганын байкадым. Мен жаңы келин болуп келгенде , толугунан келген, эч кимге ээ - жаа бербеген , заңгыраган аял эле. Эми болсо, арыктап, кичине байбиче болуп калыптыр. Өңүнөн азып, арыктаптыр...
Менин көзүмө карап кечирим сурагандай, бирде муңайып, бирде сүйүнүп, ыраазы болуп отурду.
Кантсе да, эне байкуш түтпөйт экен. Кайнагам күндө ичип келип, үйдүн ичин аракка толтуруп жыттантса да, өзүнүн ооруп жатканын ойлобой, баласын ойлойт.
— Балам, тамак ич. Эс алып алчы. Жылуу жат, жамынып укта.
"Карга баласын аппагым дейт " дегендей, баласы канчалык жаман болсо да, эне үчүн "аппак, күнөөсүз " болот турбайбы...
Балдарын интернатка өткөрүп салган кызына кайра - кайра чалып: " Балдарды алып кел! Уят! Элге - журтка шерменде болобуз. Заңгыраган үйүң бар, квартирант кармап турсаң, ушунча бир тууганың турса, эл эмне дейт?! Алып кел, биз карайлы!? Мага караан болушсун?!
Кайненем ыйлап, суранып сүйлөп жатты .
Апасынын өтүнүчү үчүнбү же "биз карайбыз "деген сөзү үчүнбү, кайнежем эки баласын алып келип бизге таштап кетти. Үйдө топурап, көп киши болуп калдык. Эки баласы бизге жакын жердеги мектепте окуп калышты. Алардын келгени мага да жакшы болду. Бош убактыларында менин балдарым менен ойношуп, карашат. Кайненемдин да ден соолугу жакшырды. Тамагын өз алдынча ичип калды. Балам да там - тум басып, чоңоюп жатты.
Бир күнү балам сыркоолоп калыптыр. Күндүзү балдар менен алаксып ойноп, көп кыйнабайт. Түнү чыргоолонуп ыйлап, көп уктабайт. Баламды уктатайын деп, таптап отургам. Саат түнкү эки.
Эшик ачылып, биз жаткан кухняга мас болуп теңселе баскан кайнагам кирди да, светти күйгүздү. Чай иччү столдун жанына келип, сөгүнүп кирди. Мени сөгүп жатты.
Мурда да мас болуп, анча - мынча мени сөгүп калчу. " Мас да "деп, көңүл бөлчү эмесмин. "Бирөө менен урушуп келген го. Кой, унчукпайын . Өзү эптеп бир жан болсо ". Унчукпай жата бердим. Кайнагам ансайын күчөп, катуу сөгүнө баштады.
— Келиндей болуп чай кое албайт! " С..... , жалап! ".
Жаңы эле дары ичип, уктап бараткан балам, катуу үндөн чочуп, ыйлап баштады.
— Байке , бөлмөңүзгө кирип эс алыңыз?
— Эй! Сенин мээң ордундабы?! Мени ачка жат деп! Сен апама да тамак бербей жатасың да, ошон үчүн апам ооруп жатат! Жалап десе!
"Мейличи, маска теңелбейин. Ооз ачпайын " - деп ызам ичиме толуп, өзүмдү сооротуп, баламды таптап отура бердим.
Кайнагам столдун үстүндөгү кашык менен мени бир чаап жиберди. Кашык мага тийбей, белимди кучактап жаткан баламдын колуна тийди. Балам чарылдап эле ыйлап калды. Мен чочуп, ордуман турдум.
— Акмак! Бизге кол көтөргөнгө кандай акың бар?!
Ачуума чыдабай, биринчи жолу "сенсиреп " кайнагама катуу сүйлөдүм.
— Эннеңди!
Кайнагам мени карап жулкунду.
Баарын угуп жатса да, жаныбызда унчукпай жаткан Кумарга бакырдым.
— Агаңды ал!
Балдарым ойгонуп , ызылдап ыйлап жатышты. Кумар ордунан ыңгырана араң туруп, агасын акырын түртүп: " Жатчы, жүр " деп бөлмөгө жетеледи.
Биздин ызы-чуубузду баары укту. Кайненем баарын угуп отурса да, мага болушууга абалы жок эмеспи. Бирдеме десе эле, кайнагам аны да жыга чабаары анык. Бөлмөсүндө жаткан кайнагам, бир топко чейин ызырынып сөгүнүп жатып, анан гана уктады.
Ыза болуп ачууланып, Кумарга сүйлөндүм.
— Эмне агаң мени урушуп жатса унчукпай жатасың? Эмне өз үй - бүлөңө болушпайсың?! Агаңа бир ооз сөз сүйлөп койсоң болбойт беле?! Бүгүн кол көтөрсө, эртең эмне кылат? Баламдын башына тийсе эмне болот эле? Эми кайнагамдан таяк жегеним эле калды эле.
Балдарымды сооротуп, өзүм ыйлап жаттым.
— Ал мас да, Айжамал.
— Баарына сен күнөөлүүсүң! Сенин чечкинсиздигиңден баары мага чоң болуп жатпайбы!
Сүйлөнүп да, ыйлап да жаттым.
Бир чети туура, түшүнөм... Бир эле жаш айырмалары болбосо, удаалаш бир туугандар ... Чогуу ойноп өсүшкөн. "Жашоодон кыйналды "деп да, катуу сүйлөгүсү келбегендей. Бирок, туура түшүндүрсө болот го. Кумардын боштугуна, чечкинсиздигине таарынып отурдум.
Ушул түнү таң аткыча көз ирмебедим. Өткөн - кеткендин баарын ойлонуп:" Эмнеге? " деген суроону өзүмө - өзүм берип жаттым. "Канткенде жашоом оңолот? Мындан ары кандай жашоо болот? Кандай кылсам? " деген суроолорума жооп издедим. Ойлонуп, ойлонуп отуруп: "Бул үйдөн кетүүм керек " деген чечим чыгардым. Бирок, каякка? Баары бир кетишим керек ...
Таң агарды. Балама дары берип уктаттым. Кайненемдин дарысын берип, памперсин алмаштырдым. Үйдөгүлөрдүн баарына эрте мененки тамакты бердим. Түнү менен ойлогон оюмду уланттым. Алыста иштеген таежелерим менен телефон аркылуу байланыштым. Таежемден кеңеш сурадым.
— Эже, мен жаныңызга барсам жумуш табылабы? Мен барсам жардам бере аласызбы?
— Айжамал, жумуш көп. Келсең таап берем да.
— Эже, билетке акчам да жок. Билетке акча бере аласызбы?
— Келсең өзүм тосуп аламын. Макул, жолуңа акча салайын. Келсең, иштеп берээрсиң. Аты - жөнүңдү толук жазып жиберчи.
— Макул, эже.
Эжем менен сүйлөшүп бүтүп, абдан сүйүндүм. "Болду, бүттү. Жаңы жашоо баштайм! ".
Кумарга да, үйдөгүлөргө да эч нерсе айтпай турууну чечтим. Акчаны салса билетти алып, анан айтайын дедим. Таежем ошол эле күнү акча которду. Баламды көтөрүп, ооруканага барганча, банкка барып акчаны алдым. Бир жума кийинкиге билет алдым . Жолдо келе жатып, телефондон апам менен сүйлөштүм.
— Апа, мен сиздер менен кеңешпей чечим чыгарып алдым. Кандай дейсиз? Мен Р.... таежем менен сүйлөштүм. Анын жанына барып иштемей болдум. Акча да салды, билет алдым.
— Ия.?! Жакшы ойлондуңбу, кызым?!
— Ооба, апа. Менин суранычымды билесиз да...
— Билем. Сен анда үйгө кел. Атаң менен коштошуп кет. Үйгө келсең сүйлөшөлү, кеңешели. Кайненеңди бир күнгө сиңдиң карап тураар.
— Макул, апа.
Апам менен сүйлөшүп, санаам аз да болсо тынчыды. Үстүмөн оор жүктү алып салгандай, эс алып калдым. Үйгө эч нерсе болбогондой келдим. Кайнагамды көрүп, ага таарынган да жокмун. Ал мага жол көрсөткөндөй кабыл алдым.
Баары өз ордуна келгендей ... Жамандык кылсаң да, жакшылык кылсаң да өзүңө келээрин түшүндүм. Жашоомдо эң оор, кыйын күндөр болду. Антсе да, жашоодон жакшы күндөрдү күтүп, үмүтүмдү үзбөй, баары жакшы болооруна ишендим. "Эң негизги ата - энелерибиз, балдарым, башыбыз аман болсо, калганы баары болот ". Ушул ойлорду ичимден ойлоп, көңүлүм көтөрүлүп жүрдүм.
Учаарыма убакыт жакындап баратты. Атам мени айылга "мейманчылыкка "чакырды. Ата - энем менен кеңешүүм да керек ... Кайненемди, балдарымды кошо карашып жүргөн сиңдиме табыштап, айылга камдандым. А балдарымды кайнежемдин ( улуусу кыз) балдары да жакшы карашат. Алар жардам берип турмак болушту. Баарын көрсөтүп, дайындап, "эртең эрте келемин " деп, түштөн кийин Кочкорго жол алдым.
Вокзалдан таксиге отурдум. Баары отуруп, машина жүрүп баратты. Айдоочунун жанында отурган бала, айдоочу менен сүйлөшүп баратты. "Үнү тааныш ... Бул ким? Ким эле? ... Ооба, бул Азиз! ". Азизди тааныдым. Негедир, андан катуу уялып отурдум. " Көрбөсө экен, таанымаксан болоюн " деп, өзүмдү уйкуга салдым. Көзүмдү жуумп, уктап бараттым.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 85