"" Жалгыздык жанга батканда ""
Туйлайт кечке туталанып журогум.
Тажап кеттим жалгыздыктан жудодум.
Тонуп калган журогумду жибитер.
Таппай келем жан шеригим тугойум.
Тан аткандан кеч киргенче жарышып.
Айланага коз жугуртом алаксып.
Кугум кирсе шам чырактай булбулдоп.
Олтурамын калем менен карашып.
Буулугуп кез - кез ыйлагым келет.
Бугумду айтсам кай адам сезет.
Сакталып сырым ичимде куйот.
Журогум эми канткенде суйот.
Айтылбай ичте сырларым калат.
Ар куну кечте жалгыздык камап.
Алаксыйм кээде соротуп озум.
Жайгарып койом озумду алдап.
Жалгыздап басып жылдызды тиктейм.
Кундорду эстейм эскирип кеткен.
Адашпас эгер туз жолдор болсо.
Тагдырга кандай туш болор элем билбейм?
Кымгуут болот ойлорум тынч туралбай.
Алаксыйм жумуш кылам тынчтык албай.
Алаксып эртеден кечке жүрсөм дагы.
Түн кирсе олтурамын уктай албай.
Таптым деп сүйүнөм чындык бекен.
Ойлорум бир өзүңдө кантип жетем.
Аралык алыстыгы кыйнап келет.
Күттүрбөй ыкчам бат келсең экен.
Мен сүйдүм сен да мени сүйдүң бекен.
Сүйсөң сүйөмүн деп айтчы эркем.
Мага болгон сезимиңди жашырбастан.
ТаТыНаМ айтып койчу мендикпи сен.
Күн санап өтүп жатат өмүр бачым.
Өмүрдү токтото албайт убакытын.
Жанашып дайым бирге бир болсок дейм.
Жыргалын чогуу көрүп махабатын.
Жалал-Абадтык сулуу жайдары айым.
Ватсаптан сени күтөмүн дайым.
Жүзүңдү көрүп жайдары болом.
Жаркылдап күлгөн жүзүңдөн айым.
Т-фон тиктеп жообуңду карап.
Ыр жазгым келет өзүнө арнап.
Көрсөм деп сени түшүмдөн издеп.
Кучагым жайып өзүңдү самап.
Аралык алыс баралбайм сага.
Чакырам күндө келбейсиң мага.
Күкүк бир Зейнеп болбойлу эркем.
Тилегим менин сага да мага.
Күндө беш маал сүрөтүң карайм.
Сылап жүзүң чачынды тарайм.
Кыялым менен кайдадыр учуп.
Карааның издеп өзүңдү самайм.
Ойумда сен кана
Сүйүүмдү көзүңдү бал ширин сөзүңдү.
Укканы өзүнө мен чаламын.
Жан биргем өзүнө тик карап көзүнө.
Өбөйүн чЫрАгЫм жамалындан.
Ойумда сен болуп.
Тиктеймин мас болуп.
Кубанам тагдырга.
Калганыма сага туш болуп.
Суранам кудайдан.
Сени мага туш кылган.
Айрыбасынчы эч качан.
Кеч тапкан махабатымдан.
Сездиңби мен эмне болуп турам.
Сага деген ойумду кайда бурам.
Жатамын жаздыгымда жалгыз болуп.
Кабылып мен сүйүүдөн азап тартам.
Сени сүйгөм сүйүп койчу мендей болуп.
Сагындым сагынчы жарым болуп.
Махаббат майданында убарамын.
Сен дегенде кетким келет дербиш болуп.
Ар ойдо чайналамын чагыламын.
Келсең деп үмүт кылып жол карадым.
Жүрөгүмдүн бүтүн бойдон ээлеп алып.
Кээде таарынып кээде өзүңдөн үмүт кыламын.
Мен сүйдүм сен да айтчы сүйөмүн деп.
Айлам жок жете албай жүрөмүн деп.
Тартынып айта албасаң сүйүү сөзүн.
Жөн кана жылмайып кой алтыным деп
Кантем анан
Арзыган жанга мен жетпей.
Азапта жүрөт бир башым.
Ашыктык менен дүйнө көрк.
Көздөгөн жанга мен жетпей.
Көкүрөк толо күйгөн өрт.
Кызыктырды кылык жоругуң.
Көрө албай сенде ойлорум.
Телефондон угуп сөзүңдү.
Кусалык дарттан соо болдум.
Айлана тынч бир сонун.
Алыстан угам добушун.
Кармагым келет акырын.
Апапак назик колдоруң.
Сүйүүмдү сенин көзүңдү.
Көрүп тойор күн барбы?
Кебездей жумшак дегенде.
Оролуп жатар түн барбы?
Телефондон эмес өз оозуңдан.
Үнүңдү угар күн барбы?
Жандай басып сен менен.
Жанашып басар күн барбы?