
*
Суроо: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көп ысымы бар деп уккан болчумун. Алар кайсылар?
Жооп
Мухаммед алейхиссаламдын төрт жүзгө жакын ысымы "Мавахиб-и ладунниййа” китебинде жазылган. Булардын айрымдарынын мааниси алфавит тартиби менен кыскача төмөндөгүдөй:
✨Абдуллах: Аллахтын кулу.
✨Абид: Кулдук кылуучу, ибадат кылуучу.
✨Адил: Адилеттүү, чынчыл, чынчылдыктан, хактан айрылбаган.
✨Ажвад: Эң жакшы, эң жоомарт.
✨Азиз: Абдан улуу, абдан шарапаттуу.
✨Акрам: Эң шарапаттуу.
✨Али: Улуу, бийик.
✨Алим: Билгич.
✨Аллама: Көп илимдүү.
✨Амил: Иштөөчү; иш жана аракет адамы.
✨Амин: Чынчыл жана ишеничтүү.
✨Ахмед: Эң көп макталган, сүйүлгөн.
✨Ахсен: Эң сонун.
✨Башир: Сүйүнүчтүү кабар берүүчү.
✨Бурхан: Ишеничтүү далил.
✨Вали: Ээ, жолдош, дос.
✨Васыл: Кулду Раббине жеткизген.
✨Вафи: Сөзүнө бекем.
✨Галиб: Аким жана жогору.
✨Гани: Бай.
✨Жаббар: Каар кылуучу, жеңүүчү.
✨Жавад: Жоомарт.
✨Заки: Таза, акылдуу.
✨Закир: Аллахты көп зикир кылган.
✨Захид: Пайдасыз нерселерден баш тарткан.
✨Каййим: Карап, көз салып туруучу.
✨Камар: Ай.
✨Карим: Өтө жоомарт, өтө шарапаттуу.
✨Мадани: Шаардык, билимдүү жана тарбиялуу (маданияттуу).
✨Мажид: Улуу жана шарапаттуу.
✨Макки: Меккелик.
✨Мансур: Жеңишке жеткен.
✨Мархум: Ырайым менен кооздолгон.
✨Масуд: Бактылуу.
✨Масум: Күнөөсүз, айыпсыз.
✨Матин: Мыкты, өзү жана сөзү туура, ишеничтүү.
✨Махди: Туура жолду көрсөтүүчү, туура жолго баштоочу.
✨Махмуд: Макталган.
✨Му’ти: Берүүчү, ихсан кылуучу.
✨Муаллим: Үйрөтүүчү.
✨Мубарак: Бакыт алып келүүчү, кайырдуу, берекелүү, пейиздүү.
✨Мужтаба: Тандалган.
✨Музаффар: Жеңишке жеткен, жогору.
✨Мукаррам: Шарапатуу, улуу, урматтуу, урмат-сыйга ээ болгон.
✨Муктафа: Артынан ээрчилүүчү.
✨Муктафи: Иктифа кылуучу, канаат кылуучу.
✨Мунир: Нурданткан, жарык кылуучу.
✨Мурсал: Элчи кылып жиберилген.
✨Муртаза: Жактырылган, тандалган.
✨Муслих: Түзөтүүчү, иретке келтирүүчү.
✨Мустаким: Туура жолдо болгон.
✨Мустафа: Өтө арынган, өтө таза.
✨Мути: Хакка баш ийүүчү.
✨Мухаммед: Жерде жана көктө өтө макталуучу.
✨Мушавир: Өзү менен кеңешилген.
✨Наби: Пайгамбар.
✨Нажийуллах: Аллахтын сырдашы.
✨Нажм: Жылдыз.
✨Назир: Эскертүүчү, коркутуучу.
✨Наки: Абдан таза.
✨Накиб: Калктын жакшысы, коомдун эң тандалганы.
✨Насиб: Асыл, таза тукумдан болгон.
✨Насих: Насаат кылуучу.
✨Натык: Сүйлөшүүчү, сөз сүйлөөчү.
✨Нимат: Жакшылык, бакыт-таалай.
✨Нур: Жарык, жарыктык.
✨Рагыб: Каалоочу.
✨Рази: Кабыл кылуучу, кубануучу.
✨Расул: Элчи.
✨Рафи: Көтөрүүчү.
✨Рахим: Момундарды өтө жактыруучу, мээримдүү.
✨Рашид: Акылдуу, жетилген, жакшы жолду баштоочу.
✨Сабир: Сабырдуу, кыйынчылыктарга чыдаган.
✨Садуллах: Аллахтын ыйык кулу.
✨Садык: Чынчыл.
Саид: Бактылуу.
✨Саййид: Мырзы.
✨Сайфуллах: Аллахтын кылычы.
✨Салам: Кемчилик жана айыптардан узак.
✨Салих: Жакшы жана көркөм мүнөздүү.
✨Саффат: Арылган, тандалган.
✨Сахиб: Ээ, жолдош; маектеш.
✨Таййиб: Халал, таза, көркөм, жагымдуу.
✨Таки: Харамдардан сактанган.
✨Таха: Курани ккримдеги румуз (жашыруун, сырдуу) ысымы.
✨Тахир: Өтө таза.
✨Фадлуллах: Аллахтын ихсаны, жакшылыгы.
✨Фарук: Хаккты жана батылды айыруучу.
✨Фаттах: Жолдогу тоскоолдуктарды жойуучу.
✨Хабиб: Сүйүктүү, өтө жактырылган.
✨Хади: Туура жолго алып барган.
✨Халил: Дос.
✨Халим: Жумшак мүнөздүү.
✨Халис: Асыл, таза.
✨Хамид: Хамд кылуучу, мактоочу.
✨Хаммад: Көп хамд кылуучу.
✨Ханиф: Акыйкатты бекем кармаган.
✨Хафыз: Коргоочу.
✨Шакир: Шүгүр кылуучу.
✨Шамс: Күн.
✨Шафи: Шапаат кылуучу.
✨Ясин: Чыныгы инсан, инсан-и камил (жогору даражалуу инсан).
▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
Формула


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7