1-бөлүм
--Качанкыга чейин кыйналып чыдап жүрө бермек элем? Тойдум баарына болду жетишет, ажырашам! - деп Эрке өпкө- өпкөсүнө батпай буркурап ыйлап жиберет. Жанында кейип отурушкан эки курбусунун бири үн катып:
--Ай Эрке, күйөң сени "жыргатпайт" деп айтып жүрүп, тилим тешилди... Кор болуп азап чегип жүрө бергенчекти, ажырашып эле кетсеңчи? Мен деле чекемди жылытпаган күйөм менен ажырашып кеттим го? Азыр тим эле кулак- мээм тынчып, жыргап эле калдым! Каалаганымды ичип жеп, каалаган жагыма кенен-чонон басам! "Ай-уй" деп мээме чай кайнаткан адам жок. Сен деле кара жаныңды багып кете албай, эмне болуптурсуң ботом? Анын үстүнө өң десе өң, суйкайып али жашсың. Мындай чыксаң эле каалаганыңды чекесинен чертип аласың, ошондуктан эрте күндү кеч кылбай, ажырашып эле кет!- деп бапылдаган Зыйнашты Асыл чыканагынын учу менен түртүп:
--Каяктагы болбогон кепти айтпай, койсоңчу Зыйнаш... Өзү айласын таппай жарылайын деп турган араң жанга да, ушинтип кеңеш берчү беле? Ансыз деле дубалы урап кыйрайын деп турган үй-бүлөнүн жагдайын, ого бетер татаалдаштыруунун эмне кажети бар? - деп ачууланган Асылды Зыйнаш акырайып карап:
--Капырай де? Ай кече жакында эле бырылдаган мурдуңду "шор" тартып, "ажырашам эле ажырашам" деп эки жака чуркап жүргөн менби же сенби? Анан эле адамдын күлкүсүн келтирип, алеки заматта акылдуусунуп чыга келгенин кантесиң? Кептин баары кеңкейген кайненеси менен битиреген кайнежесинде жатпайбы. Деле бир ушуларды көрөйүн деген көзүм жок, жеткен начар адамдар! Ошондуктан, ажырашып кеткени эле туура болот! - деп ак эткенден так этпей көгөргөн Зыйнаш Асылды мостоюп карап коёт. "Ай-ай-ай" деп башын чайкаган Асыл:
--Ой бул үй-бүлөгө деги сени кандай тиешең бар? Сага жакпаса Эркеге жагат, анткени бул Эркенин үй-бүлөсү! Булар бир казанда былкылдап кайнап жаткандан кийин , биринин сыры бирине жакшы маалим. Ошондуктан чын- төгүнүн жакшы билбей туруп, жумурткадан кыр издегениң туура эмес... Эркени ажыраштырып алып, чиедей болгон балдарын сен бакмакчысыңбы? Бирөгө кеңеш берердин алдында, кичине тереңирээк ойлонуп акыл калчап койсоң, ашыкча болбос...- деген Асыл үшкүрүнүп, өзүнчө ойго чөмүлүп отурган Эркени карайт.
--Сөзуңөргө аралжы, кыздар. Балдарымды өзүм эле сопсонун багып алганга кудуретим жетет. Дүйнө жүзү боюнча мага окшошкондордун саны арбын, жалгыз мен эле эмесмин да... - деп "борк" эткенине Асыл ийнинен кучактап:
--Жалгыз бой эне болуу да оңой эмес Эрке, жалгыздык деген жалгыздык... Жалгыз бой эненин көйгөйлүү, түйшүк азабы да көп... Кыскасы, кийин баш бармагыңды тиштеп өкүнүп калбагыдай бол курбум! Ачууга алдырып, баарын талкалап басып кетиш оңой. Бирок бүлүнгөн нерсени кайрадан калыбына келтирүү оңой болбойт. Эрке, мынчалыкка баруунун жүйөлүү себеби барбы? Мүмкүн болсо көйгөйүң менен бөлүшө кетсең? Балким түйүнүн чечмелегенге жолу табылып калаар? - деп Асыл Эркеге суроо узатат. Эрке болсо улутунуп алып:
--Себеби көп, кайсы бирин айтайын... Мен тааныган көпчүлүктүн телегейи тегиз, ичкен- жегени кенен, жашоолору тың десең. Меники эле качан болбосун тиягына тартсам, биягына жетпейт. Жыртык тешигим аңырайып бүтөлбөй, кем-карчым чачымдан көп! Деги менин башкалардан эмнем кем йяа, же мурдум бучукпу?Чыкыйып кийинген аяштарымдын жанында, өзүмдү бир мусаапырдай сезем... Кийбегенди кийип, жер кыдырып эс алгандарычы? Мындай жыргал жашоо, үч уктасам да түшүмө кирген эмес... Мына кече жакында эле бир аяшымдын туулган күнүнө карата, күйөөсү кычыраган унаа белек кылды... Жолдошума бир нерсе десем эле, "шүгүр дебейсиңби" деп одураңдап, дароо оозумду жабат. Же өзү кыйратып таппайт, анан ичиң күйөт да? Кайын журтумдун жашообузга кирише бергени да, жаныма батып кетти... Кынтык издеп сынтагып, мени аңдып эле турушат. "Кыңк"эте турган болсом эле күйөөмө жамандашып, экөөбүз чабышып жатып калабыз... Иииий-ий, жеткен ичи тар ушакчы абысындарыма болсо, сөз жок... Калп күлүмүш болуп тим эле итатайыңды чыгарып, ашмалтай кылып жиберишет го чиркин... Алар менен кармашып салгылаша берип, чачым агарып бүтмөй болду... Анан дагы жоругу жолдо калгыр жолдошумдун кылыгычы... Экөөбүз эки жакка чогуу чыга албай калдык. Эмнеге дебейсиңби? Балээ басып, ары-бери өткөн кыз-келиндерди шилекейин чуурутуп кылчактап карай берип, мени кууратты Асыл... Анан күйбөгөн жериң күл болуп күйөт да... - деп Эрке шолоктоп ыйлап жиберет. Кунт коюп угуп отурган Асыл Эркеге бет аарчысын сунуп:
--Эми баары түшүнүктүү болду... Эрке, азыр менин айткандарым катуу тийсе да кунт коюп уксаң, макулбу? Балким оюмду туура кабыл алып, көп нерсени туура түшүнө аласың!- деп Эркени караганда, Эрке "макул" дегенсип башын ийкейт.
--Эрке, Зыйнаш табалагандай эле жеке жашоомо нааразыланып, "ажырашам" деп ыйлап жүргөнүм эсиңде да? Ооба, убагында мен дагы жакшы эле чайналдым... Ошондо мен да ажырашкандан башка жол жок деп, жарга такалгандай болгом. Өзүм жалгыз болсом алибетте кабагым- кашым дебестен "чыйт" түкүрүп, башым оогон жака камырабай басып кетмекмин. Бирок ортодогу балдарымдын келечегин ойлоп, бир ачуумду экинчи колум менен бастым. Акыл калчап терең ойлонуп көрсөм, өзүмдүн кетирген кемчилик- каталарым толтура экен. Адам өзүнүн шилтеген кадамына баа берип кемчиликтерин көрө алмайынча, терең түшүнүк келбейт Эрке. Бир топко убакытка чейин, жан дүйнөмдү эңшерген жеке кызыкчылыгым менен алпурушуп күрөштүм. Өзү менен өзү күрөшүүсү, адам үчүн өтө оор болот экен. Бирок үй-бүлөмдү сактап калуу башкы максатым болгондуктан, каталарымдын үстүнөн иштеп, өзүмдү тарбиялоого туура келди. Азыркы майнаптуу жыйынтыгына, өзүң күбө болуп келатасың курбум! Куттуу очогумдун өчүп бараткан отун тутандырып, азыр түтүнүн тың булатуудамын. Ошентип аракет мээнетим менен үй- бүлөмдүн пайдубалын уратпай, өзүмдүн кичинекей мамлекетимди сактап кала алдым! Билесиңби Эрке, "бакыт ачкычын" таптып десем, жаңылышпастырмын. Анткени мен азыр чындыгында эле абдан бактылуумун! - деген Асылга Зыйнаш кызаңдап:
--Ой-бууй шумдугуң кургур, кой десе болбой катуу кеттиң го? Ой кече жакында эле, "эримдин азабынан оорукчан болуп калдым" деп ай караган текедей кокуйлап, арманың аттын башындай болуп жүрбөдүң беле катыгүн? Ай ушу деги сенде бир закым бар, өлөйүн соо эмессиң!Акыркы күндөрү мүнөзүң өзгөрүлүп, жадырап-жайнап жаркөптөй кайнап дегендей, бир башкача эле болуп баратасың! Сырыңдын чын-төгүнү эмнеде экенин ким билет ай ким билет... - деп көзүн кылыйтып, шекшип карайт. Айласыздан башын чайкап күлүп жиберген Асыл:
--Оой Зыйнаш, Зыйнаш... Кылдан кыйкым издеп шекшинип, кынтык издеп сынтагып эле турасың курбум! Өңгө оңолср да, сен эч качан оңолбойсуң го чиркин... Мына Эрке, алыс барбай үчөөбүздөн эле тыянак чыгарчы? Албууттанып, ачууланганыбыз бери жакта эле калат. Ичибиз укмуштуудай тар ээ, курбуларым? Ооба, азыр экөөң тең бир ооздон: "жок ай, мен андай эмесмин" деп айтаарыңар, турган иш. Бирок биз эле эмес, тилекке каршы көпчүлүк мындай илдетке чалдыккан. "Бактылуумун" десем Зыйнашым чалкасынан кетип, ичи күйүп жарылып кала жаздады. Мындай мүнөздөмө бир гана Зыйнашка таандык эмес, көпчүлүктө кездешет. Эрке, аяштарыңдын бардар жашоосуна кызыгып, алар менен тең тайлашып жашагың келет экен. Мүдөөңө жете албагандыктан аларды көрө албайсың. Ичиң күйүп жек көрөөрүң, айкын эле болуп турбайбы?
Бул көралбастык эмей анан эмне? Жан дүйнөң тарып турса, жүрөгүңө тынчтык бербей оордук алып келет Эрке! Бул эң жаман айыккыс дарттын бири. Эрке, эгерде таарынбасаң, дагы бир терс жагыңды көзгө сайып айта кетейин. Өзүңө байкалбаса керек, бирок сен акыркы учурда менменсиреп калдың. Көпчүлүктүн көзүнчө өзүңдү бийик коюп, күйөөңдүн кемчиликтерин баса белгилеп басынтканыңды байкап жүрөм. Дос, душман деген болот Эрке. Күйөөңө ушундай мамиле кылсаң, анан сени ким сыйласын? Эч убакта жолдошуңду башка бирөгө салыштырып, кемсинтпе да. Жосуну жок кызгана бергениң да ашыкча деп эсептейм. Ооба, ким эле сүйүктүү адамынын туруктуулугун каалабасын. Бирок күзгүгө жакшылап каранып, баштан-аяк кебете-кешпириңе көз чаптырчы? Башында кандай чекчейген, жакшынакай кыз элең? Азырчы? Азыр озуңдү карабай калгансың... Мисалы, жолдошуң чарчап үйгө кечинде келди дейли. Анан ал кандай Эркени көрөт? Чачы майланышып уйпаланып, бырышып- тырышып салбыраган халатчан же эскилиги жетип шөлбүрөгөн көйнөкчөн Эркени көрөт. Мындай жүдөп- какаган кебетең менен бөйрөгүңдү таянып, күнүгө нааразыланып ажылдай бергениңди, эми өзүң элестетип көрчү? Жолдошуңдун ордунда болсоң эмне кылаар элең? Суйкайып созолонгон, жазанып кылыктанган кыз-келиндерди кылчактап карайт белең?- деп суроолу караганда, Эрке анардай болуп кызарып-татарып:
--Иий Асыл, чын эле туура айтасың... Акыркы учурларда сиркем суу көтөрбөй, өтө урушчаак болуп баратам... Эч нерсеге көңүлүм жок болуп, өзүмдү таштап салдым. Асыл, чынын айтсам жолдошумдун буга чейин жаза басканы такыр кечире албай койдум. Бассам-турсам көз алдыма тартыла берип, дале көзүмө чөп салып жүргөндөй болуп туюла берет... Ошондуктан бул нерсе жүрөгүмдү өйүтүп, ишенбестикти жаратты өңдөнөт. Же биротоло ажырашып басып кете албайм, же эл катарында бактылуу боло албай, кыйналып кеттим... - деп Асылды кучактап алып, токтоно албай ыйлап жиберет. Асылдын да көзү жашылданып:
--Түшүнөм Эрке... Сүйгөн адамыңдын чыккынчылыгын дароо кечирип, биротоло унутуп жүрөгүңдөн коё бериш оңой эмес... Бирок ушу жүрөгүңдү кыжылдаткан таарынычыңдын артынан, күн сайын артка кетип баратпайсыңбы Эрке?Минтип отурсаң бүлөөңдөн кол жууп, акыры оорукчан болуп каласың... Өмүр бою кектеп, шекшинип жек көрүп өмүр сүрүү туура эмес Эрке! Ошондуктан сага үй-бүлө керек болсо, өткөн-кеткенге өкүнбөстөн жүрөгүңдү тазала! Кечиримдүү болгонго аракет кыл Эрке. Карачы, жанатан бери сүйлөшүп отуруп, өзүңдүн да канчалаган толтура кемчиликтериң бар экенин түшүнүп биле алдың. Ал эми кайын журтуңа таарынып, теңелбей эле койгонуң туура болот Эрке! Аларды тарбиялап өзгөртөм деп убара болбогун, анткени алар калыптанып чоңоюп калган адамдар. Бир жагынан бирөөнүн өзгөрүүсүн кааласаң, демек өзүңдөн башташың керек Эрке! Эгерде жолдошуң аракеч, чоң муштум, жалкоо жаман адам болсо, анда мен деле Зыйнаштай болуп, ажыраш деп какшамакмын. Бирок күйөөң жакшы эле адам. Болгону азырынча колунан көп нерсе келбей турса керек. Балким убагы келгенде сен каалагандай болуп калгысы бардыр. Эрке, жаман эркектин мартабасын арттырып жакшы кылыш да, даражалуу жакшы эркекти жок кылып жибериш да аял кишинин колунан келет. Ушул жагын этибарга алып, ойлоно жүр! Кайненең боюнча берер кеңешим, сен да бир убакта ал кишидей болуп картаясың! Тилин тапканга аракет кылып, болбосо теңелбей эле койчу. Кайненең деле сага окошокон эне да! Ал киши деле баласынын багын тилейт, балким баласын кызганат чыгаар? Ошондуктан эмне дебесин "сиздики чын" деп ачууңду басып, тилиңди тишиңдин артына катып кой! Балким баркыңды кийин билет, билбесе сен өз келиниңден чекең жылыыр! Эгерде сен өзүң ийкемдүү акылдуу жан болсоң, баарынын тең бирдей тилин таап, жеңе билмексиң. Бактылуу болгуң келсе, анда бакытың үчүн күрөшүш керек! Турмуш, жашоо деген оңой эмес, бул дагы өзүнчө бир чоң мектеп! Чоң эмгек, аракет мээнетти талап кылат! Бирок жакшылап аракет кылсаң кийин сөзсүз акыбети кайтат. Өзүңчө очор- бачар болуп, бак- дөөлөттүн ордосунда, бактылуулуктун таттуу мөмөсүнүн даамын татып өмүр сүрөсүң! Өз бакытыңдын ачкычы өз колуңда Зейнеш, али да кеч эмес! Убактылуу кыйынчылык көйгөйлөргө чөгүп моюн сунбастан белди бекем бууп, кайраттуу бол! Аракетиңден эч жазба! Чоң коомдун бир бөлүгү болгон, өзүңдүн кичинекей мамлекетиңди сактап калганга аракет кыл Эрке! - деп үнүн өкүмдүү чыгарып, ишенимдүү сүйлөгөн Асылдын сөзүнө, Эрке таасирленгенсийт. Зыйнаш да эмнегедир адатынча сөз бөлбөй, унчукпастан муюп угуп отуруп, бир убакта ийнин куушуруп:
--Айткан сөздөрүңдүн деги бирин эле түшүнсөм, мурдумдун учун кесип бермекчимин... Ал эмне болгон ачкыч? Капырай десең, тим эле тапкычтыгын кара мунун! Ой эми ичимди кытыгылабай, ал эмне болгон ачкыч экенин тезирээк айта салчы! Болбосо чыдамым кетип, тыбырчылай түштүм десең?! Айта турган болсоң маалкытпай, тезирээк айтпайсыңбы анан? - деп чыдамы кетип, Асылды көзүнүн төбөсү менен карайт. Курбулары болсо "ай Зыйнаш, Зыйнаш" деп "бырс" этип, күлүп жиберишет.
Уландысы бар.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова.
18.07.2023 жылы жаэылган.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев