Кичинекей Жанбүбү, атасы, байкеси болуп жазга жуук короо тазалап жүрүшкөн. Бир маалда узун бойлуу, сары жуумал, шуулдаган келин алардыкына кирип келди. Кошунанын келини экен, көрсө. Ал баласы ойноп, бул жакка келбегенин сурады. Жанбүбүнүн атасы анын баласы кошуна Таштан чалдын неберелери менен жүргөнүн айтты. Шашкан келин бурулуп жөнөөрдө артынан эки жүз сом акча түшүп калды. Анда эки жүз сом деген чоң акча. Жанбүбү акчаны дароо ала коюп бермекчи болуп “эже” дегиче болбой атасы аны желкеден алды да “унчукпа” деп оозун басты. Ошентип баягы сомду өздөрүнө иштетип, тиги аялга унчукпай коюшту. Кыз өзүнчө кызык абалда жүрдү. Мектепте эжесинин “бирөөнүн акчасын алба, а эгер таап алсаң үч жолу “кимдики” деп кыйкырыш керек” дегенин эстей берди.
*** ***
Арадан көп жылдар зуулдады… Баягы кичинекей Жанбүбү чоңоюп, өзүнчө үй-бүлө күттү. Бир кыз, эки баласы бар. Жараткан Жанбүбүнү энелик бакыттан айрыбаганы менен өмүрлүк жолдош менен барчылык жашоодон аксатты. Жолдошу Жантай өзү каалап үйлөнбөгөнгөбү же табиятынан эле ошондойбу, кыскасы, Жанбүбүгө жөлөк боло албады. Же акча таап, үй-бүлөсүн бакпайт, же күндөлүк ишке кол-кабышы жок бир нолок чыкты. Керээли-кечке сыналгы тиктеп суналып жатканы жаткан. Жанбүбү анысына көнүп бүттү. Унчукпайт. Өз тирлигин өзү кыбыратып, эшикке чыкса эркек, үйгө кирсе аял болуп таманы тешилет. Анын үстүнө ата-энеси бу дүйнөдөн өтөөрү менен мектепти аяктаган Жанбүбүнү байкелери турмушка берип салышкан. Орто билим менен жарытылуу жумушка кире албайсың да. Барсаң дипломуңу көрсөт же чөнтөккө бир нерсе сал деп турушат. Жанбүбү эмне кылсын, же билими жок, же чөнтөк түбүндө берери жок, эптеп ар кайсыл жумуштун артында жүрдү.
Жаз алды сары чөп сыяктуу дарылыгы бар, атайын алыстан шаардыктар сураштырып ичкен чөптөрдү мээ кайнаткан ысыкта тоо-ташты аралап терип келип сатат. Күзүндө болсо кышкыга деп кыямдын түрлөрүн жасап базарга алып чыгат. Ошентсе да чуркап тапканы эч нерсеге жетпейт. Насыя да ала койгон. Ай сайын банктан насыя берүүчүлөр келип, Жанбүбүнүн үйүн сурашканы сурашкан. Эл да билип бүттү. Айылга галстукчан костюм-шым кийип келгендерди көрсө эле “Жанбүбү карызын төгө албай жатыптыр, ай, шордуу эми үйүн алдырып койбосо болду” деп кейип-кепчигендер көп. Чоңоюп калган улуу баласы “мени уят кылып бүттүң, апа” деп ага жакын жолобойт. Бир үй-бүлөнүн көйгөйү бүт мойнунда. Көрсө, турмуш деген башка, тагдыр биз күткөндөн да башкача тура...
*** ***
Ошол кылым башындагы жашоо кыйын эле болду. Адамдар да бири-бирине көп каралашпай калды. Тамак-аш кымбат, жумушсуздук чыкты бир жактан. Кеч күз. Эртелеп айылга кар жаап салды.
-Апаа, суук кирип атат эшикти жабыңызчы батыраак,-деп Кылымайдын чый-пыйы чыгат.
-Азыр кызым, жаңы эле отун жарып келбедимби. Отун жакпасак бул кык күйчүдөй эмес,- деген апасынын сөзү кичинекей кызынын кулак сыртынан кетти.
Бир убакта короону такылдаткан катуу дабыш чыкты. Жүрөгү “шуу” дей түшкөн Жанбүбү чоң баласы Арсланга “карап келчи балам, ким экен беймаалда?” деди. Баласынын барганынан келгени бат болду. “Милиция менен айыл башчы келиптир. Бодо мал уурдатпадыңарбы дейт. Жок дедим.” деп күңкүлдөмүш болду. Жанбүбү жасап аткан оокатын унутуп, саамга жер тиктеп, мелтиреп олтуруп калды. “Бул эмнеси эми, эптеп жашап жатканда. Кудай ай, бул оокаттан да кур калтырасыңбы? Эми эмне болот?” деген бүдөмүк ойлордун көчкүсүндө калды. Жолдошу Жантай аркы бөлмөдөн кулак мээни жеген сыналгынын дабышын тып басып, корулдаган үнү менен сүйлөнүп баштады. “Ой энеңди.., ушулардыкы өттү. Же элге жардамы жок, же иш таап бериш колдорунан келбейт. Издегендери эле уурулар!. Өзү бул айыл башчы жаман көөп кетти. Ызы-чуу кылыш керек, элди көтөрүп” деп үйдү башына кийип бакылдап-бакылдап алды. Эч ким унчуккан да жок. Ага бул үйдө бирөө-жарым үн каткандан айбыгып турушчу. Жантай ошол бойдон кеп-сөзү жок кайрадан сыналгынын үнүн болушунча көтөрдү да жатып алды.
Эртеси таң атпай булардын эшигин дагы такылдатышты. Бул ирет Жанбүбү өзү чуркап чыкты. Эшик алдында милиционер менен айыл башчы турат. Айыл башчы Кутманбек сөз баштады.
-Жакшысыңбы, Жанбүбү, бул Жаңгырчак айыл өкмөтүнөн келген милиционер. Угуп атсаң керек ээ, элдердин бодо малы жоголуп жатат.
-Кутманбек аба, ага эмне тиешем бар? Билесиз да биздин турмушту. Кыйраткан деле бодо малыбыз жок,-деп Жанбүбү чыйпылыктап жиберди.
-Ой, бул эмне дегениң, Жанбүбү? Биз силерди күнөөлөгөнү келген жокпуз. Элдин баарынан сурамжылап жүрөбүз.
-Ооба, кечээ элдин баарынан сураштырып чыктык. Кээ биринин ую, торпогу жок. Сөзгө милиционер аралашты.
-Бизде эзели бодо мал болгон эмес. Бая күнү черный касса ойноп, колго тийген акчабызга бир кунаажын алганбыз. Аны да балам эртең менен кыш түшкүчө деп Чатыр-Тоого айдап кетти. Бизде чөп деле жок да.
-Эми ошол жалгыз кунаажыныңарды урдап кетпесе болду. Бул шүмшүк ууру элди курут кылмак болду!
-Оо, жанагы Ала-Букалык койчумандарды текшерип көрдүңөрбү?,- деди Жанбүбү.
-Бүт койчумандарды, мал алып сатарларды, мергенчилерди сурадык. Жер жуткандай жок болуп атпайбы... Айыл башчы айла жоктон башын чайкап жиберди.
-Эл арасында эмне имиштер бар, кулагыңыз чалгандай болбодубу?,- деди милиционер кайра. Жанбүбү саал ойлоно түштү да:
-Каяктан угам, мен балдарым менен болуп, эшикеликке көп чыкпайм. Баягыда аңчылар карышкыр күчөп кетти, ошолордун айынан болуп атат дегенин кулагым чалган.
-Жоок, карышкыр деген айылга акыркы жолу оо совет маалында түшкөн. Азыр жок. Бул жерде адамдын эле колу менен жасалып жатат. Эми силер да кунаажыныңарга этият болгула,- деп айыл өкмөт Жанбүбүнүн кунаажынын эртең эле алдырып жиберчүүдөй тыбырчылай кетти.
-Азыр уулум Арсланга айтам, айдап түш дейм. Андан кам санабагыла, эл көргөндү көрөбүз да…
-Аа, ошенткениң оң. Сактыкта кордук жок. Кабар эшитип калсаң, бизге айттырып жибер,- деп айыл башчы менен милиционер коштошуп жол улашты. Жанбүбү алардын карааны көрүнбөй калганга чейин тиктеп турду да, дароо шаша-буша сарайга жөнөдү.
Бирин-серин үйлөрдөн түтүн чыгат. Таң атканы менен эшик көзгө сайса көрүнгүс. Ошол караңгылыкта аялдын шашып бараткан сөлөкөтү көрүнүп-көрүнбөйт. Ал сарайга кирди да аштоонун кол батар бурчунан кулпуну алып чыкты. Эки жагын карап, тооктор үчүн жем сакталчу жыгач жашыкты ары түрткүлөп атып, бек турган эшикти ачты. Караңгылыкта көздөрүн бакырайтып, пышылдап дем алган кунаажындын алдына Жанбүбү чөп салып кайра бекитти.
Көпкө дейре айыл башчы менен милиционер көз алдынан кетпей ортодо болгон сөздү эстей берди. Жокчулуктун айынан колу туткак жаны эмнелерди гана жасабады күйөөсү экөөлөп. Жети өмүрү жерге кирип, ааламы аңтарылып кеткендей болсо да билмексенге салып көкбеттигинен көгөрүп койбодубу. Эми эмне болот?.. Бул канчага чейин созулат…
*** ***
Жанбүбү тезинен кеч киришин күтүп олтурду. Мамыда байланган ат көп жол жүрөт деп суутуп, жемден жакшылап берди. Кеч да кирди. Эл уктаган маалда акырын чыкты да баягы бек турган сарайга баш багып, бөлмөнү ачты. Дубалга кагылган эки кабат калың кийизден улам бөлмөнүн ичи Сахара чөлүндөй ысык. Ал кунаажын мөөрөбөсүн деп буга чейин даярдаган каптагы тузду оозуна тосту. Акырын сыртка айдап чыгып, үйдүн терезесин тыкылдатты. Ошону эле күтүп тургансып, чоң өтүктөрүн кийген Жантай чыгып, шып эле мамыдагы атты чечип минди да, кунаажынды айдап караңгыга сиңип кетти.
Эртеси үйдөгүлөр чайга олтурганда: -Апа, атамды чайга чакырайынбы?,- деди Арслан.
-Атаң кышкыга отун камдаганы токойго кеткен, балам. Күтпөй эле чай иче берели,- деп Жанбүбү мешке жылытылган нанды сындырып, балдарына чай куйду.
-А неге мени ойготподу?. Мен да бармакмын да атам менен. Экөөлөп көп отун чогултмакпыз!
-Атаң түндө, силер уктап атканда эле атын минип чыгып кеткен,- демиш болду апасы.
*** ***
Кечке жуук үйгө кошуна Сапан эже кирип калбаспы. Жанбүбү кечтин камы менен мешке от тамызгы даярдап жаткан. Кичинекей кызы Кылымай күчүгү менен ойноп жанында. Кошуна Сапан эженин келгенин эч кимиси байкаган жок. “Ээй, Жанбүбү!” деп бир канча ирет кыйкырса дагы угушпай качан иттердин үргөнүнөн улам байкашты. Сапан эже бир азга көчүк басып наркы-беркиден кобурашып олтурган соң, кетип баратканда олтурган жерине акчасы түшүп калды. Аны Кылымай байкап калды. Бирок, унчукпады. Ал кеткенден кийин жарылган отундарды бир бурчка жыйнап жаткан апасына эки бүктөлгөн акчаны сунду. “Апа жүз сомду таап алдым” деди. Аң-таң калган Жанбүбү акча керек болуп турса да сыр билгизбей: “акчаны кайдан алдың?” деп өктөм сурады. “Сапан эже кетип атканда кемзелинен түшүп калды. Мен алып ага бергеним жок. Аларда акча көп, а биз кыйналып жатабыз. Эч ким көргөн жок, апа” деп колундагысын сунду. Ызаага белчесинен батып турган Жанбүбү селейген бойдон бир ордуна катты. Бир кезде дал ушул кызындай курагында таап алган акчаны эстеди. “Мына!” деди Жанбүбү. “Мына, кем жашоонун баары ошондогу уурдалган эки жүз сомдон башталды эле. Тамырымдан чириген экенмин” деп турган жеринде тегеренип кетти. Бир топко чейин нес болуп турду да, “акчаны азыр Сапан эженин колуна жеткирип бергин” деди кызына. Анан көпкө ойлонуп олтурду да дүйнөсү таарыгандай оор үшкүрүп, улуу баласын өзүнө чакырды. Айтпаска аргасы калбаган Жанбүбү бир чекиттен көзүн албай ойлуу эле. “Балам, сен чоңоюп калдың, эсиң бар, бүгүнтөн баштап иниң менен карындашың сага аманат. Атаң экөөбүз жүрөгүбүздү калбыр кылган канча жаман иштерди чогуу жасасак дагы акыр-аягында жазасын мен тартышым керек. Аны бул жолго сүйрөгөн мен болдум... Мындан ары атаңар силерге көз болуп жаныңарда калышы керек” деп төркү үйгө кирип, кийим-кечесин бир түйүнчүккө түйүп үйдөн чыкты.
Мынча болду, уулуна Жантай экөөнүн уурулук иштерин бирин калтырбай айтса болмок. Оң келген жерден элдин адашкан малын жетелеп кетип, малканасына камап, аны түн ката күйөөсү тоо ашырып, мындайга өлө кынык алган касапчыларга жеткирип, пулдап келип турганын. Ага оозу барбады.
–Апа, апа, эмне болду сизге?! Сиз каякка кеч киргенде?!,- деп аркасынан кошо чыккан уулуна “айыл башчыга, милицияга барышым керек…” деген бойдон артына кылчайбады…
Тагайбек кызы Жумаида
"Матисаков мектеби"
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук
университеттин журналистика институтунун алдындагы "Матисаков мектебинин" мүчөсү.
#экижузсом_элдик
Комментарии 5