Мектептин алдында балдарын алганы келген ата-энелер, окуучуларын узатып чыккан эки мугалим эжей турду. Жыйналыш бүтүп, алар мектептин короосуна чыгышкан эле.
Сайрагүл ачуусу менен үнүн чыгара сүйлөдү.
- Эки сөздүн башын кошуп жаза албаган адамдар кайдан чыгышты? Эч китеп окушпайт. Балдарына кантип сабак окутушат үйүнөн? Ушуларды эч түшүнбөйм.
- Ошону айтсаң, анан дагы акыл үйрөткөндөрүчү. Эгемендик келгени мурдун балта кеспегендер көбөйдү. Булар кантип жашашат, кантип оокат кылышат билбейм. Билимсиз коом калыптанды.
- Ушубу силерге келген эркиндик? Эгемендигиңердин энесин урайын, - ары жактан басып келген адам сөзгө аралашты. Ал эки мугалимдин сөзүн угуп, абдан ачууланып алган.
- Эй жигит, оозуңа карап сүйлө. Эгемендик өзүнчө мамлекет болуп өнүгүүгө жол ачты.
Сайрагүл ачууланып жиберди.
- Кана өнүккөнүңөр? Эркиндик дегенде ээнбаштар өсүп чыкты го. 7 жашымдан жетимдей чоңойдум. Ата-энем бизди таштап мигрант болуп кетишти. Мээрим, жакшылык көргөн жокпуз. Мендей болуп ар кимдин колунда чоңойгон жүз миңдеген балдар бар. Ошолор мектепте кыйратып окудубу? Ар кимдин үйүн шыпырып, суусун ташып, “апам эле келсинчи” деп зарыгып күткөн бала окуйбу? Силер жериген мигранттын миңдеген балдары эптеп мектепти бүтүштү. Эми илээшип университетке окуйлу десе ОРТ дегенди ойлоп таап, балл жетпейт деп балээ кылдыңар. Кетет да анан адам тентип эч жакка батпаса. Жумуш иштейли десе жумуш болбосо. Ушул мамлекетте туулуп өскөнүң менен түрткүнчүк болуп жатсаң, эмне кылыш керек? Өлүш керекпи? Өспүрүм кезинде ата-энесине зар балдардын канчасы өлүп кетти, айтайын.
Эки мугалим унчуга албай калды. Бул сөздөрдө жан бар эле.
- Ата-энем мигрант болгону аз келгенсип, анан мен дагы мигрант болдум. Мына, ошол эки сөздүн башын кошуп жаза албаган менмин! Мендейлер толтура. Не кыла аласыңар?
Бул киши ушунча ачууга алдырды белем, үнүн бийиктетип дагы бакылдады.
- Мендей болуп балдарым да “мигранттын балдары” деген сөзгө сынбасын деп өзүм Орусияда жүрсөм да балдарымды Бишкекте окутуп, барып-келип турууга аргасызмын. Учурунда өзүбүз ата-эне мээримине зар болуп жүрүп, кыйратып окуй албадык. Эми балдарыбыз зар болбой окусун.
Бейтааныш киши жерге бир түкүрдү. Манжасында айлантып турган машинасынын ачкычын катуу-катуу мыкчыды. Колунда мылтыгы болсо ушул эки мугалимди атып салчудай түрү бар эле.
Аңгыча топ балдардын арасынан суурулуп келип, эки мугалимге тааныш татынакай окуучу кыз ачууланып турган бейтааныш кишини кучактап калды.
Жинденип турган киши “жарк” эте күлдү да кызын жетелеп жөнөдү.
Бул кызды мектептеги эң бай ата-эненин кызы деп угушчу. Алар мектептин иш-чараларына дайыма акчалай жардам берип турушчу. Сайрагүл аларды өтө билимдүү, чоң жерде иштешсе керек деп ойлоочу.
Мугалимдер алар кеткен тарапка басышты. Тиги киши эң кымбат жол тандабас машинасына кызын салып кетип баратыптыр...
Сымбат Максутова
21-январь 2025-жыл
#сабатсызмигрант_элдик
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 3