Тээ алыс калган балалыгымдан бир элес.Тоодо өскөн мага жыландарды көрүү жаңылык деле эмес эле. Айрыкча жай күндөрү көп кездештирчүбүз. Анда союз маалы, алыскы тоолуу аймактарга боорунда " Почта" жазуусу бар унаа, гезит, журналдарды ар бир жума күнү жеткирип келчи. Кайсы убакытта келээрин билген мен балдарга кошулуп ойнобостон, Николайдын унаасын күтүп жол карай берээр элем. О андагы журналдардын көптүгү, балдар үчүн атайын "Мурзилка" " Весёлые картинки" " Байчечекей" журналдары чыкчы эле. Эмнегедир мага көпчүлүктүн эсиндедир " Ала-Тоо" журналы көбүрөөк жакчы. Апам мени сүрөттөрү кооз балдар журналы менен тааныштырып алек болчу. Менин көзүм "Ала Тоо" журналында, сүйүктүү колумдан түшпөгөн баалуу буюмум, укта деп урушкандарына карабай күндүз окуп жетишпей калган чыгармамды, апамдын сыркоо адамдарды кабыл алуучу чакан доктурканасына уурданып чыгып, жашынып окуур элем. Светти күйгүзсөм көрүп калышат деп, атамдын кол чырагын уурдай чыгып, батарейкасын далай отургуздум. Кол чырагынын күйбөй калган себебин издеп, инилеримди эмнеге ойнойсуңар, тийбегиле дебедим беле деп үнүн өктөм чыгарчы, күнөөсү жок алтындарым мен экенимди анда билишсе кана😊 Ошондой күндөрдүн биринде адатынча Николай "байкем" да келди. Анда мен 14 жашаар болсом керек, шашылып болгон гезит журналды алдыма жыйнап алып тишим өткөнүн да, өтпөгөнүн да барактап окуп чыкчымын, жада калса жаман көргөн " Труд" чубалжыган гезити да кур калчы эмес😄 Азыр ойлосом от тамызгы издегенде апама биринчи Трудду берчи экенмин😆😆
Жайдын күнү эле, колума Асанбек Стамов аганын " Үч Мээрим" чыгармасы тийди, бир дем менен ыйлап да, сүйүнүп да окуп чыкканым али эсимде. Чоң энемдин жыланга ак чачкан себебин ошондо түшүнгөм. Бул чыгарма өзгөчө таасир калтырганбы же балалык баёлукпу жылан көрсөм мурдагыдай секирип качпай, кызыгуум артып азыр сүйлөп жиберчидей кобурана бүтпөгөн суроолорумду берер элем😀
Ар бир жыландан жылан энени көрчүмүн. Бир күнү тайакем көлдөн келген тайэжеме даарылыкка жылан керек экенин угуп,бир жылан кармап келип банкага салып үстүнө бир бөтөлкө арак куярда менин ыйлаганым али эсимде. Жыланды банкасы менен кучактап бербей убара кылганымчы, акыры коё бердим мына деп бош банканы көргөзгөндө ыйым басылган. Таштардын түбүнө апамдын табактарын далай уурдап чыгып, сүт куюп койгонумчу 😊 Бул чыгарма мени боорукерликке үндөптүр да.
Баса ошол убакта " Огонек" деген журнал бар болчу, эсиңиздердеби? Бир күнү мектептин библиотекасында отуруп ошол " Огонек" журналынын биринчи бетинен бийик тоо койнуна конгон вертолётту жанында колуна бикс кармаган атакемди, аппакай халатчан апакемди көрүп, отурган ордуман кыйкырып туруп- "Смотрите это мои родители" деп Огонекту өпкүлөп ыйлаганым да бар😊 Сыймыктанганымчы😊😊 эжейимден сурап алып сыртынан батман кагазга ороп, башыма жаздап жатканымчы, канча күндөр ата энемди, тоо койнундагы үйүмдү, козу, улакты, үстүнөн түшпөй жел менен жарышкан тору атты сагынганда, оо канча ыйладым дейсиздер😔😔
Бүгүн интернет мейкинин аралап жүрүп ошол "Үч Мээрим" чыгармасын кездештирип кайрадан окуп, балалык күндөрүм эсиме түшүп, бырылдап ыйлап да алдым😢😢
Азыр да ошол тоолор көзүмөн учту, амандык болсо дагы да барармын Мекениме. Ата энемдин турагы азыр инимде. Эми барсам деле сүт коём таштардын түбүнө, бирок табак андагыдай уурдабайм 🙈🙈 өзүм сата барам😊😊
Эмесе мени ыйлаткан " Үч Мээрим" чыгармасын жүктөсөм окуйсуздарбы?? Өз оюңуздарды калтырыңыздар, окуйбуз десеңиздер жүктөйүн.
Үйүңүздөрдө береке, урмат сый орун алып, жүрөгүңүздөрдө боорукерлик байырласын🙏🙏
интернет булагы
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 48
Ала тоо журналынан окугам балдарыма да айтып бердим ушул жомокту чыгарсаңар окуйт элем
Күтөм
Жуктосонор окуй берем
Кызыктырбай жазбайсыңарбы