Илгери Нух Пайгамбардын Хам,Сам, Жаппес деген үч уулу, жана Уэсила деген бир кызы болгон экен.
Пайгамбарыбыз дайыма кызын эркелетип,сыйлап эч убакта үнүн көтөрчү эмес экен.
- Уэсила Атасын урматтап,сыйлап, Атасынын айтар сөзүн кабак - кашынан түщүнгөн акылдуу кыз болуп өстү.
- Нух Пайгамбарыбыз дасторкон жайылганда дайыма, кызын үч уулунан жогору чыгарып,төргө отургузчу экен.
Эң чоң уулу Сам,эмне үчүн бизден жаш карындашыбызды бизден жогору чыгарып отургузуп,бизди алакчылап атат деп ойлоп,кыйтыйып калат.
Бир күнү дагы тамактанууга отурганда минтип сурады.
--- Ата, Уэсила кичүү болсо да,эмнеге бизден жогору отурат?..
-- Уулдун кадыры кыздан бийик эмеспи?- деди.
Нух Пайгамбар;
-- Биздин ырыс кешигибиздин көп болушу Уэсилага байланыштуу.
Кут кызды жакалап жүрөт.
Кызды босогого отургузсаң кейиийт, кут качат.
Төргө чыгарсаң,кубанат кут даарыйт.
Кыздын отурган орду жайлуу болсо, дасторкон ырыскыга толо берет.
- Турмушуңар оңолот деди.
Ошол күндөн баштап,Нухтун үч уулу карындашын кадырлап, сыйлап төрдөн оорун беришчү экен.
Үч уулдан калган урпактар,бул жөрөлгөнү дайыма сактап келишет.
Кыргыз,Казак элинде кызды төргө отургуз,босогого отургузба деген ырым- жырым ушундан чыккан экен.
Аялдарбыз кыз төрөдү деп иренжибегиле,Аталардын берекеси ушу кыздарда.
Кыз бала Ата - Энеге күйүмдүү жана боорукер, кызбала ыймандуу болсо Ата -Энеге бейиштин жолу ачык....
Интернеттен алынды.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
Керемет сонун корнуш. Кошуласызбы.