Албетте Аллах жөн жеринен милдет кылган эмес, анткени түбөлүк дүйнөдө гана эмес, бул дүйнөдө да азамзатына чоң пайдасын тийгизет. Жаратканга ыраазычылык билдирип сыйынуу менен бирге адамдын руханий жана физикалык саламаттыгына пайдалуу.
Күн сайын парз кылынган намаздар ар бир дене-мүчөнү кыймылга келтирет. Азыркы учурда дене көнүгүүлөрүнүн түрлөрү көп: фитнес, йога, аэробика, айрыкча эрте мененки көнүгүүнүн пайдасы чоң экенин айтып келишет. Бирок изилдөөлөргө караганда, эч бир спорттун түрү намаз учурунда аткарылган кыймылдардын ордун баса албайт.
Намаз учурунда дененин бардык байламталары кыймылга келгендиктен андагы туз уюп калуунун алдын алууга болот. Намаздагы кыймыл-аракет жүрөк-кан тамыр, омуртка, ички органдардын түрдүү ооруларынын алдын алууга жардам берет. Намазды дээрлик бардык жерде аткарууга болот, атайын жабдыктарды же башка материалдык чыгымдарды талап кылбайт. Сажда кылынган учурда мээге кан көп келет. Тик турган учурда мээге куюлган глюкоза 25%ды түзсө, рукуга барган учурда 40%га, саждага барганда 75%га жогорулайт. Жыйынтыгында, жаш кезинде намазды калтырбай окуган адам эске тутуунун начарлоосунан, жүрөк ооруларынан дээрлик жабыркабайт.
Намаздагы кыймыл тамак сиңирүү органдарынын жана өттүн жакшы иштөөсүн жөнгө салат, ушундайча ашказан-ичеги ооруларынын алдын алууга болот. Андан сырткары, үзгүлтүксүз намаз окуп кыймыл-аракетте болгон адам дайыма сергек жүрөт жана артроз, муундарга туздун топтолуусу сыяктуу илдеттерден алыс болот.
Илиимпоздор белгилегендей, намаз мээнин белгилүү бир бөлүгүнүн активдүү иштөөсүн жөнгө салып, эске тутууну, логикалык ой жүгүртүүнү жакшыртат. Серепчилердин айтымында, намаз учурундагы тынч абал организмде серотонин (кубаныч) гормонунун деңгээлин жогорулатат.
Ден соолук үчүн намаз гана эмес, намаздын алдынан даарат алуу, мисвак колдонуу да пайдалуу. Ошондой эле, намаз адамдын психологиялык саламаттыгына да зор таасир этет. Намаз учурунда Жаратканга гана көңүлүн буруу менен бул дүйнөнүн түйшүгүнөн, проблемаларынан алыстайт. Аны менен катар дайыма стресске кабылган нерв системасы эс алат, тынчтанат, психика тынч абалга келет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2