Көк асманга алтын жиптер тартылгансып, түн менен күндүн алмашкан керемет көз ирмеминде таң жарыгы жаңы өмүрдүн демин жай таратып жатты. Күн нуру жылт эте көрүнүп, тээ алыскы тоо чокуларын кызыл алтынга боёду. Ал нурлар асмандан жерге найзадай түз кадай тийип, жоокерлердин саптай тизилген элесин калтырды. Ар бир нур жаңы күндүн кылычы, үмүттүн учкуну сымал. Жаратылыш таң менен кошо ойгонуп, чымчыктар обон чакырып, шамал жалбыракты акырын терметип, бүткүл дүйнө тынч, бирок терең бир сезим менен күндү тосуп жатты. Бул таңдын керемет көрүнүшүн Бакбергендер ызалуу маанайда тосуп алышты. Баарысы буулугуп, муштумдары түйүлүп, ким бирөөгө ачууланышып, үн-сөзсүз жаңы эле бүтүргөн үйдү көздөй кайтышты. Баары эч нерсеге карабай чуркап кетишкендиктен буюмдары туш тарапта чачылып, кечээ чогулткан азыноолак оокаттары бир жерде турат. Андан арырак аттын ээр-токуму, жүгөн, нокто жатат. Бакберген балдарга акырын назарын салды, баарынын маанайы чөгүп, кабактары салыңкы.
— Ой, жигиттер, маанайды түшүрбөгүлө! Эмнеге мынча мүңкүрөп калдыңар?
— Бакберген ага, ал биздин акыбыз эмес беле?.. Биз бул жерден кетели деп турабыз.
— Эми эмне болот?.. Ушинтип куру жалак калабызбы?
— Оой, токтогула эми. Табыш, жылкыларды аркандаган аркандарды, тиги ээр-токумдарды алып Сагын экөөң мени менен жүргүлө.
— Каякка барабыз?
— Кожоюнга! Ал билиши керек бул окуяны. Баарын айтып, тиги бубмдарын тапшырып келебиз.
— Ишенбесечи?
— Ишенсе койсо өздөрүнүн иши. Ээр-токум, жүгөнү тигине, уурунун изин суутпай өздөрү таап алышсын!
— Кечээ эле устанын акысы деп мактанып атты эле го?.. Ушу ууруларды өзү эле жөнөткөн жокпу я?
— Ким билсин?.. Бара көрөбүз да. Калганыңар баш-аягыңарды жыйнап тургула. Жөө болсо да кетебиз!
Бакберген кабагы каардуу, муштуму түйүлүп, уурудан калган күмүш сап кестикти тиктеп, жолго чыкты. Табыш менен Сагын ээр-токумду көтөрүп, артынан калбай келе жатышат. Кожоюндун үйү да бир топ алыс, жөө адамга машакаттуу жол. Чөлгө жакын жайгашкан бул айылда элүү-алтымыштай түтүн болсо да, үйлөр арасы сейрек. Камыш менен жабылган жапыз үйлөрдүн орто ченинде кожоюн Жаныбек жашайт. Үйү жыгач кашаалуу, мал короосу, сыртта коломтосу, тээ бурчта жапыз үйү көзгө урунат. Мал короонун эшиги ачык, демек, кожоюн малын жайытка айдап кеткендей. Алысыраак жактан уйдун мөөрөгөнү, сүттүн шоокуму угулат. Бакберген үйгө кире албай, үнүн бийик чыгарып:
— Ким бар үйдө?! — деп зоңк этти.
Жооп болбоду. Дагы кыйкырды. Баягыдай эле үн жок демек, бала-чакалары таңкы таттуу уйкуда жатса керек. Аңгыча кара эшек минип, бир карыя киши өтүп бара жатып:
— Жигиттер, тынччылыкпы? Таң атпай кайдан жүрөсүңөр?
— Ассалому алейкум, абаке. Биз бул кишиге келдик эле, үйүн бүтүрдүк элек.
— Ва алейкум ассалам, жигиттер!. Аа, Жаныбекке келдиңерби? Ал койлорун жайытка чыгарып кеткен го. Тынччылыкпы деги?.. Маанайыңар жок го?
— Ошо тынччылык болбогон үчүн ушул жердебиз да, абаке.
— Алда катыгүн… Эмне болду? Тигине, Жаныбек өзү да келе жатат.
Карыя жол тарапка карай кол жаңсай көрсөттү. Ат менен жол чаңытып келе жаткан адам чын эле кожоюн Жаныбек эле. Ал атын ылдамдай бастырып келип, аттан секире түшүп, тигилерди үрөйү учуп карады:
— Бакберген, балам, эмне болду? Кетебиз дебедиңер беле?
Бакберген ага ызалуу карап:
— Кетпей калдык. Түндө жылкыларды уурдаттык! Ал аз келгенсип, кунанды союп кетишиптир!
— Ким?! Ким кылды?
— Ким экенин биз кайдан билели? Бул аймактан эч кимди тааныбасак, кимди айта алабыз? - деп Бакберген бурк этти. Сагын:-
— Өзүңүз кечээ эле устанын акысы деп жарым саат акыл үйрөтүп жатпадыңыз беле? Балким ууруну өзүңүз жөнөткөндүрсүз?
— Туура айтасың Сагын, болбосо биздин кетээрибизди, жылкы алганыбызды ким билмек? Бул жерде бизди эч ким тааныбаса,— деди Табыш.
Бул сөздөр Жаныбектин өзөгүн өрттөп, бирөө башка чапкандай денеси дирилдеп чыкты. Жанындагы аксакал да:
— Ай балдарым, ак мээнетиңерди алдырыпсыңар да! Ким билет ким алганын… Жаныбек, уят! Ууруну таппасаң өмүр бою лакапка каласың! — деди.
— Ой, тообо… Силер менден көрүп жатасыңарбы?! Мен жинди белем кыянаттык кылгыдай? Бул эмне дегениңер?
Бакберген токтоо гана балдарын тиктеп, “болду” деген белги берип:
— Жаныбек ага, биз сизден көргөн жокпуз. “Күмөн миң, ууру бирөө” дегендей, балдар да өз ойлорун айтып жатышат. Алардын айтууга акысы бар. Бул теңдүү балдар ата мартабасы менен тайраңдап күлүк минип, кыз жандап жүргөндө, булар жашоо үчүн, тирүүлүк үчүн күрөшүп, узун саратанда ылай ийлеп, үй тургузуп, беш-алты айдан бери ушул жерде. Эми өз мээнетине күйүп жатышат.
— Ооба, Бакберген, мен көзүм менен көрдүм силердин ак эмгегиңерди. Бирок бул иштен менин кабарым жок. Мындай болоорун билгенимде жылкыларды короомдо кармап турбайт белем!
Жаныбек бир орунда тыбырчылап калды. Аңгыча бакылдаган үндү угуп, анын байбичеси, уулу, келини, кызы жана жакын жайгашкан үйлөрдөн адамдар келип, тегерек кишиге толо түштү.
— Жаныбек ага, кунандын башын, ич этин, шыйрагын таштап кетиптир. Менимче, териге этти ороп кеткендей. Бул бир кишинин колунан келе турган иш эмес! Ошол жерден бул күмүш сап бычак табылды. Бычак кимдики болсо ууру ошол! Мына, аттарга тиешелүү буюмдарды алып келдик. Ушул аркылуу ууруну да, чоң атыңызды да таап алыңыз. Биз жолго чыгабыз. Жакшы калыңыздар! — деди Бакберген. Ал күмүш сап бычакты Жаныбекке сунду да, Табыш менен Сагынга көз салып, “кеттик” деп ишаарат кылды.
Жаныбек бычакты карап:
— Токтогула… токто, Бакберген, кетпегиле! Мен силерди мындай акыбалда коё бере албайм! Бычак мага тааныштай. Бул күмүш сап, эски курал. Киргиле короого. Ушул жерде сүйлөшөлү, — деп Бакбергендерди колдон жетелеп киргизди.
Четте турган Жаныбектин уулу Насип:
— Ата, бычакты бериңизчи, көрөйүнчү… — деп карап, анан:
— Бул Зулпукардын иши, ата! Бул бычак Зулпукардын атасы Акман абанын күмүш сап бычагы! — деп кыйкырып жиберди!
Жаныбек баш болгон адамдар Насипти тиктеп калышты. Жаныбек уулуна карап:
— Чынбы ушул? Зулпукарды жакшы тааныйсыңбы? Бычакты тааныдыңбы? Жаңылган жоксуңбу? — деди.
— Жок, ата, жаңылган жокмун. Бул бычак Зулпукардыкы. Азыр барып, өз бычагы менен кардын жарып келем!
— Ой, токто!..
— Токтосоңчу, акылыңа кел! Бул иш мындай бүтпөйт, акылдашалы!
Тегеректеп тургандар да жаалап жиберди. Жаныбек Насипти колунан катуу тартып токтотту:
— Токтогун, адыраңдабай! Эгер бычак Зулпукарга таандык болсо, демек, ууруну таптык. Акмандын тартиби жок, терс аяк уулу менин коногумдун ырыскысын уурдоого акысы жок! Бул жерде улуу намыс жатат! Бүт урууга көө жапканы кечирилгис иш! Макул, сен бардың дейли, анан эмне, эки тараптан кызыл чеке болуп, кан төгүү керекпи?!
— Анан эмне кылабыз?
— Акыл менен иш кылабыз! Атчан беш-алтооң чогулгула, эки-үч аксакал менен барып, ортого салабыз. Тынч сүйлөшөбүз!
— Моюнга албайт да!
— Мына, колуңда далили — бычагы! Талаада жаткан шыйракты, башты, ич эттерди куржунга салып, Акман карыянын алдына төгүп беребиз! Арсыз ууруну өз уруусу жазаласын, өзү тарбияласын! Колуңарды тийгизбегиле! Болбосо догурунуп жүрбөсүн!
Жаныбек бул сөздөрдү калчылдап, чечкиндүү айтты. Насип чыдабай:
— Алар уурдаганын төлөп бермек беле?!
— Ой, короодо эч нерсе жокпу?! Мал толтура! Усталарга четинен кармап беребиз. Бирок бул жерде мал эмес, намыс керек болуп жатат! Кеттик, жигиттер! Куржунду алгыла! — деп Жаныбек атына кайра минди.
Ошентип, он чакты мырза атчан жолго чыгып кетишти. Жаныбек Бакбергенге бурулуп:
— Сен балдарың менен бизди күт. Кетип калбагыла. Мен силерге ашыгы менен кайтарам. Айыбымды тартайын, бул ишти өз мойнума алам, — деди.
Алар түндө кунанды союлган жерге келишти. Сомодой жигиттер куржунга башты, ич этти, шыйрактарды салып бүтүштү да, күргүштөп аккан дарыянын жайыгыраак жери менен өтүп кетмек болушту. Жайык жердеги суу аттардын омуроосунан келет. Чайпала баскан аттар кыйналып болсо да, суунун толкуну, шары менен аркы өйүзгө өтүп кетишти.
Берки өйүздө калган Бакберген далысына Таанды кондуруп, балдары менен артка кайтты. Аз да болсо көңүлдөрү жайланган балдар көлөкөгө жата кетишти. Бакберген болсо алардан көңүлү жайлана, Карагаттын эки күмүш сөйкөсүн колуна алып, терең кыялга батты…
(Уланат)
Кундузбү Маматова
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 83
күтөбүз аягын