Сактадым сагынчымды, сырларымды.
Кечинде уктайм сени эстеп жатып..
Кучактап, сен жыттанган ырларымды!
Ырасы ырларымдын багын ачтың,
Ыр менен ылааңымды даарылаттым...
Ырыма калтырдын да карааныңды,
Ыраактап.. а сен болсо ары бастың!
Тамшанып турсам карап сүрөттөрүң,
Токтоосуз туйлап турат жүрөктөрүм...
Туптунук, сулуулукка сугарылган,...
Турпатыңы ырларыма түнөткөнмүн!
Жашымды кулап тушкон жаздыгыма,
Жашырып суртуп койдум жакшы ырыма...
Жалгыздык жан кыйышпас досум болуп,
Жап-жалгыз жатам кышта мына!...
Энтигип ыр жаза албай көшөөрөмүн,
Эркелеп ырларыма жөлөнөмүн...
Ширинтай сен ырымда жүрө берчи,
Эч кимге бербей сени бөпөлөйүн..
Ээси деп ырларымдын көтөрөйүн!
Автор: #Кимбилет
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Ыр куржунуна береке.