Он жаштагы кыз атасынан, “Мен бир жолу болсо да сизди ыйлаттым беле, себеби ыйлаганыңызды эч көрө элекмин” деп сурап калды. Атасы, “Бир жолу” деди.
“Сен ал кезде үч жашта элең. Уксаң жомокко, жесең таттууга, ойносоң оюнга тойбогон кезиң болчу. Бир жолу мен экөөбүздүн ортобузга калем, акча жана оюнчук коюп койдум. Сени кайсынысын тандаарыңды билгим келди. Калемди алса илимге кызыккан, акчаны алса байлык кууган, ал эми оюнчукту алса оюнкараак, жеңил желпи жашаганды жакшы көргөн жалкоо кыз болот деп болгоолоп турдум. Сен аларды көрүп чуркап келдиң да, үчөөнү бир-бирден карап туруп калдың. Бир кезде үчөөнү тең четке сүрүп салып, мага карап кучак жайып чуркап келгенсиң.
Сен ошондо мени – өз атаңды тандашыңды эч күтпөгөнмүн. Толкунданып кетип көзүмө жаш келип кеткен. Мына ошентип, мени бир жолу ыйлаткансың, алтын кызым.”
(с) Англисчеден которгон Жыргалбек Ажиматов.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5