7-бет
Мараттын акыркы жолку жазган макаласы асаба газетасына чыкканы, кадыры иштешкендеринин арасында кадимкидей өстү. Бир кезде атайын суранып убадасын алган Жолдош карыянын "аксакалдарга асылып, газетага макала жазба"-деп айтканы орундалган жок. Бирөөнү жамандап, өзүнө кадыр топтогон айыңчы аялдардын жолуна түшкөнүн Марат али таназар албады. Кайра өзүнө-өзү ыраазы болуп, дагы кимди сындап жазсам болот деп, шыктанып алды. "Кол чабуулар бирөөлөр үчүн сөөлөт болсо, бирөөлөр үчүн камчы"-деп айтылгандай, Марат үчүн дагы аксакал адамды сындап жазганы, сөөлөт күткөнгө тете эле иш болуп,өз кызыкчылыгын жогоруу тутту. Эгер, бир кезде атайын эскертип айткан Жолдош карыянын сөзүн эске алганда,анда атасынан улуу кишини сындап макала жазып, өзүнө кадыр топтомок эмес. Бул да болсо жасалма мүнөз күтүүнүн жана өзүн гана ойлогондун, өзүмчүлдүктүн бир белгиси болучу. Эмнегедир, Марат акыркы күндөрү чектен чыгып баратканын өзү анча таназар ала бербеди. Андан дагы эки жолу Азим Капаровичтен сыйлык алганы, өзүн асманда калкып жүргөндөй эле сезип калды.
Күнгө жума эле. Иш ортолоп калган кезде Азим Капарович, Маратты өзүнө чакырып, маанилүү сөз айтчуудай, сын көз менен карап, анан айтчуу сөзүн айтты:
-Марат, сен эртең Минск шаарына ажо менен барып келбейсиңби? - деп, сунуш кылып айтып калды. Марат күтүүсүз келген бакытка туш болгонсуп, оозуна сөз келбей, башын гана ийкеп жооп берип, каршы эмес экенин көз карашынан билгизип, азыраак ыңгайсыз абалда калды да, анан;
-Мен, сиз кандай айтсаңыз макулмун. Айтмакчы, ал жакка барганда мен эмне иш кылам?-деп кайра суроо менен кайрылды. Азим бул берилген суроого жооп бергенге шашылган жок, кабагы салыңкы;
- Эмне кылмак элең, ажо менен бараткан соң, аны газетага мактап жазып, өзүңө аброй топто, эл көрүп ал жактагылар менен пикир алыш. Эми ошонун баарын айтып олтурайынбы? -деп жактыра бербеген түр менен карады эле, Марат туура эмес суроо берип алганын билип;
-Мен сиздин бул сунушуңузду колдойм жана кошулам деп, ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн эпилдеп жиберди. Бирок, ушул жерден билди кошоматчы болуп баратканын. Акча менен мансапка жетүү үчүн бул жол аба менен суудай керек экенин ким тана алат. Марат кабинеттен энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп чыкты да, иш бөлмөсүнө келип эле жыйналып кирди. Анткени сапарга даярданыш керек болучу. Мындайда Мараттын фантазиясы укмуш иштеп, эмне керек жана эмне кылыш керек ушундай бир берилүү менен ойлонуп иш кылганы өзүнө дагы жагат. Студент кезинде дагы уюштуруу жагын жибине чейин аткарып, жеке эле группалаштарынын эле эмес, мугалимдердин дагы көңүлүн алган жайы бар. "Минск шаарына барасың" деген сөздү укканы Марат дароо бүт дитин коюп даярдана баштады. Андан дагы ажонун көзүнө көрүнүү керек экенин эсинен чыгарган жок. Бул түнү таң күлөөнөк атканга чейин уктай албай жатты, ар нерсени ойлоп. Акыры уйку гана Маратты чаржайыт ойдун кучагынан бошотту.
"Уйку жарым өлүк"-деп айтылгандай, эч нерсени сезбей уктаган Маратты телефондун үнү ойготту. Эгер телефондун үнү болбогондо дагы канча убакыт уктайт эле ким билет. Уйкудан ойгонуп жатып дароо, телефон чалган адамга ыраазы болуп кетти, уйкудан ойготкону үчүн. Уйкулуу көзү менен терезени карап, убакыт чоң шашке болгонун билип, көзү умачтай ачылды. Дароо телефонду кулагына такап:
-Мен, угуп жатам-деди. Телефон чалган Айданек болучу.
-Ало, Марат, сени шеф издеп жатат. Тез ишке келип кал. Айткандай бүгүнкү командировка болбой калыптыр. Кыскасы калган сөздү келгенде угасың, эмне сен али төшөктөн тура элек белең?-деди. Марат жооп бергенге шашылбаганга аракет кылып:
-Жок, эбак эле туруп, телевизор көрүп олтургам. Айданек, эгер табышмак болбосо шеф эмнеге шашылыш чакырып жатат, билген жоксуңбу?
-Качан мага ал иши жөнүндө айтчу эле, менин баамымда бүгүн чет элден конок келет имиш, ошого чакырып жатса керек. Кой,мени чакырып жатат келип кал-деп, трубканы коюп койду.
Марат кечинде жакшы тилек менен жаткан эле. Анткени ажо менен бирге сапарга жөн адам чыга бербейт эмеспи. Ушул жолку сапарда ажого көрүнгөндөй иш кылсам деген изги оюу ишке ашпай кала турганын эстегенде Мараттын кабагы бүркөлө түштү. Баам салып караган кишиге, бул мансап деген неме өзүнчө бир азгырык белем, ким билет. Жаш туруп Марат дагы ажого жагынып, кызматынан көтөрүлүүнү максат кылып алганы эле эмне деген сөздү ичине камтыйт. Көрсө адам баласы азга алым сынбай жатып, абийиринен кетет белем. Марат шашылыш ишине келип эле, шефтин кабинетинин алдындагы күзгүгө бир сыйра каранып алып, анан эшикти чертип ичкери кирди. Бул учурда Азим Капарович адатынча кагазына тигилип, бир нерсе жазып олтурган. Маратты көргөндө эч үн катпай, көзү менен белги берди "олтур" деп, анан кайра ишине алаксыган болду. Марат олтургучка олтуруп жатып, шефин сын көз менен карап алды да, купуя ичинен ойлонду "Буга эмне болгон, мен жөнүндө жаман сөз уккан го"деп. Андайда адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Өзгөчө эки жүздүүлүктүн доору жүрүп, кирпикке карап мамиле жасап турган учурда, кожоюндун көзүн ким карабайт. Марат ичинен эзилип, санаа тартып, өз оюу менен алаксып олтурганда, капыстан Азим Капарович үн салды:
-Коош, Марат мырза. Кыскасы, бүгүн биз Польшадан келген конок менен жолугушабыз. Мени ойлонткон маселе аларга эмне маселени айтабыз дагы, кандай иштерди бүтүрдүк ошону кеп кылабыз. Кыскасы иштеп жатканыбызды көргөзүшүбүз керек. Мага жогору жактан телефон чалышты "конокторду кабыл ал"- деп. Марат мындайда туңгуюктан жол таба калган ишмерлиги бар. Сөз кезеги келгенде, маанилүү сөз айтчудай ордунан копшолуп алды да:
-Азим Капарович, ал жагынан эч кам санабаңыз. Менде болгон документтер катылуу бойдон. Командировкага барган ал жактан сиздин жасаган докладдардын көчүрмөсү, эл менен жолугушкан сүрөттөр бар. Аларды көргөзөбүз дагы "эл менен бирге иш алып барып жатабыз" деп айтабыз. Аны коюп мени бошотсоңуз. Мен болгон кагаздарды карап таап, анан азыраак даярданып алайын. Айтмакчы, сиз эч нерсе сүйлөбөңүз, баарын мен айтам. Анткени, сиз өзүңүз айтсаңыз мактангандай болуп каласыз деп, оюн ортого салды эле, Азимдин жүзүндө кандайдыр бир жагымдуулук пайда болуп:
-Баяле айтпайт белең, мен кайрадан баарын жазып чыгыш керек деп, баш катырып жаттып эле. Жөнө, тез кыймылда. Мен Айданекти стол даярда дейин-деп, Мараттын иш билгилигине жана тапкычтыгына ыраазы болуп, ордунан козголду. Марат бүгүн дагы шефине көрүнүүчү учур келгенин билип кабинетине келип, болгон кагаздарды алып чыгып, катуу даярдыкка киришти.
Түшкү тамактан кийин сыйда кийинген, көзгө сүрдүү көрүнгөн эки эркек жана бир аял Азим Капаровичтин кабинетинде болушту. Алгач ортодо учурашуу аземи болду. Анан сөз учугу ишке такалганда Марат орус тилинде кадимки дикторлордой, эч бир сөзгө такалбай, алгач кагаздарды алып чыгып, анан ара-чолодо сүрөттөрдү көргөзүп, деле эч тыным албай иштеп жаткан адамдай тили тилине тийбей, сөздү эби менен сүйлөп, сөз удулун келтирип Азим Капаровичтин иш билгилиги жөнүндө да кошо айтып, келген коноктордун көңүлүн көтөрдү. Алар менен бирге кирген теле журналисттер дагы камерага тартып, суроо бергенге үлгүрүп жатты. Марат берилген суроолорго так жана маанилүү жооп берип, жолугушу абдан жогорку деңгээлде өттү. Азим ушул жерден дагы бир жолу Маратка ыраазы болуп, ага көңүлү толуп турду. Андан дагы келген коноктордун бирөө:
-Жардамчыңыз абдан тың экен, мындай адамдарды колдош керек -деп, учурун келтирип айтканда, Мараттын эмгеги кандайдыр бир деңгээлде кайткандай эле болду. Коноктор кеткенден кийин Азим Капарович, Мараттын колун кысып:
-Ыракмат, бир мүшкүлдөн кутулттуң. Эми бул жолугушууну кечинде жаңылыктардан берет. Мына "вазир жакшы, хан жакшы"-деген ушул. Чоң керекке жарадың. Айтмакчы, ажонун иш сапары кийинки аптага жылып калыптыр. Мен сени сөзсүз ал жакка жибергенге аракет кылам. Эми бошсуң, өз ишиңди жасай бер. И, баса, ме, бул акчага досторуң менен кафеге кирип кой-деп, беш жүз доллар берди. Марат акчаны албаска айласы дагы жок болучу. Анткени шефи ушундай ыраазычылык менен берип жаткан соң, андан баш тарткан осолдук эле. Акчаны алып, кабинетине келип, иш кагаздарын салыштырган соң Марат ак үйдөн чыгып, түз эле Таңсулууга жолугуу үчүн окуу жайды көздөй бет алды. "Убакыт баарын дарылайт" -дегендей, убакыттын өтүшү менен Мараттын алгачкы ууз сүйүүсү жанын жай алдырбай, кандай иш кылбасын аягы барып эле Таңсулууга такала берди. Андан дагы канча кыз менен таанышты, биринен дагы өзү күткөндөй мамилени алардан байкай алган жок. Таңсулуунун башка кыздардай болуп жеңилдикке бара бербеген адаты Мараттын дитин ээлеп алганы, аны менен сүйлөшкөндө кадимкидей жеңилдей түшкөнү, жасалма эмес, чын ниетинен жасаган мамилеси, тоо булагынын үнүндөй шаңк эткизип таза күлгөнү, өзүнө жарашыктуу кийген кийми деги койчу, Марат үчүн өзгөчө сезилип, анын алдында булганып алганы, акыркы кездерде жанын жай алдырбады.Эмнегедир эле бир капшыты эңшерилип калгансып, өзүн кандайдыр бир белгисиз жалгыздык ээлеп алгандай, сабыры түгөнүп баратты.
Марат, окуу жайга келип алып, эми анын астанасын аттай албай, алгач келген абутуриенттей сүрдөп, бир саамга туруп калды. Аңгыча эле Таңсулуу бир бала менен сүйлөшүп келатканын көзү чалды да, боюн жашырганча шашып, тетири карап өңүн жашырды. Таңсулуу, Маратты байкаган жок. Жанындагы бала менен бир маселени талкууга алып келатканы, алардын сөзүнөн улам билинди. Мараттын ушул саам кызгануу сезими күч алып, алиги баланы ушундай бир көз караш менен карап, аны таанып калганга аракет кылды. Эгер, Марат учурунда Таңсулуунун көңүлүн оорутпаганда, минтип андан боюн жашырбайт эле. Узап бараткан экөөнү карап туруп, ушундай бир чоң бакыттан куру калгансып, күч менен үшкүрүнүп жиберди. Андан дагы апасына келечектеги келиниңерди алып барам деп, айткандан бери апасы, телефон чалган сайын сураган адатка айланганын танып болбойт эле. Марат бир топко тиги экөөнү аңдып басты да, алар маршуруткага түшүп кеткенде гана чоң жеңиштен куру калгансып, шаабайы сууп изине кайтты. Ишинен жетишкендикке жеткени менен Таңсулууга жолуга албай калганына өкүнүп, квартирасына капа болуп келди. Болгон ой максатын алиги Таңсулууну жандап бараткан бала ээлеп алып, кыскануу сезими күч алды. Ушул жерден тээ бала кезинде атасынын айткан бир икаясы эсине келди.
Анда Марат тогузунчу класста окуп жатса керек эле. Атасы огороттогу чөптү чаап, эс алганы олтурганда айтып берген.
-Тээ илгери бир байдын баласы болгон экен-деп сөздү баштаганда, Марат берилүү менен уккан. Атасы сөз учурун келтирип укулуктуу кылып айткандыктан ушул кезге чейин аны унутпай эстеп келет.
Байдын баласы, бир кедейдин кызын жактырып калып, ал кызды байлык менен сүйдүрүп алам деген ойдо, күндө ага белек берип, бир жеңесин жиберип турат. Кыз акылдуу кыз болгон үчүн, анын берген белектерин эч коротпой катып жүрөт. Бирок, кыздын көңүлү байдын баласына карата такыр эле жок болот. Анткен менен анын көңүлүн оорутуп албайын деп, бергенинен баш тартпайт. Арадан күндөр өтүп, эл жайлоого жөнөй турган учурда, байдын баласы кыз менен бир баланын сүйлөшүп турганын көрөт да, бастырып келип кызга бир тийет:
-Сен эмне, мени чанганга жарап калдыңбы?-деп. Кыз учуру эми келди деп, эч тайманбай туруп минтип айтат:
-Жүрөккө тынчтык бербеген сүйүү, байлык менен чектелбейт. Адамдын көңүлү гүлдөй назик. Берген белектериңизди милдет кылбаңыз, сиз алгач менин жүрөгүмдү багындырсаңыз болмок. Ушунча белек бердиңиз бирок сиз, өзүңүз бир басып келип жолукканга жарабадыңыз. Эгер мен сиз менен пикир алышып, сиздин кандай адам экениңизди билгенимде, аз да болсо сиз жөнүндө ойлонотон элем го. Кааласаңыз, жеңеңизди жибериңиз, берген белектериңиз чыпчыргасы коробой катылуу бойдон турат. "Тең-теңи менен, тезек кабы менен" дегендей, сиз мага берген белектерди сүйүүнү эмес, байлыкты бийик туткан кыздарга бериңиз-деп айтканда гана байдын баласы сөзгө жыгылып, өзүнөн кеткен күнөөнү моюнга алган экен. Анысысыңары, уулум, сен дагы бой тиреп, кыз жандоочу кезге келип калдың. Эч качан кызды "байлык менен же берген белек менен өзүмө имерип алам"- деп ойлобо. Каадалуу жердин кызы менен гана сүйлөш. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат"-деген кеп бар. Кайын журтун жамандаган келин эч качан баркка жетпейт. Кыскасы, ала турган кызың болсо анын сөзүнө кара, анан ишине кара-деп, сөз улап келе жатканда, кошуна Тентигул карыя келип калып сөз үзүлүп калган.
Ошол кезде атасы айткан сөз, башына келээрин анда билген эмес. Таңсулууну "акчанын күчү менен болсо дагы имерип алам" деген оюу тетирисинен чыкканын эми гана билип туру.
Марат, үйүнө келип киймин чечип, душка жуунуп чыккан соң муздаткычтан бир шише аракты алып чыгып, чоң стаканга куюп туруп бастырып жиберди да, анан алигинин күчүн пайдаланып, Таңсулууга телефон чалды, башка номер менен. Болбосо, Таңсулуу Мараттын телефонунан барган чакырыкка жооп бербей, өчүрүп койгонго өткөн. Анткени,анын акыркы учурда Мараттан ушундай бир көңүлү калган болучу.
Кулакка тааныш үндү укканда Марат;
-Таңсулуу, суранам сенден, телефонду өчүрбөчү. Сага айта турган сөзүм бар. Билесиңби, мен сени чын ниетимден берилип сүйөм. Жолугуп сүйлөшөлүчү, жок дебечи!-деди, ушундай бир терең өтүнүч менен. Таңсулуу сөз кезеги келгенде:
-Марат, сага окшогон булганыч адамдар менен жолукпай эле койгонум оң. И, баса, баягы берген акчаларыңды жакын арада берем. Билген эмесмин, сени ушундай бала экениңди. Көрсө алдамчылык жагын эле эмес, саунага сатылып барган кыздардын дагы көңүлүн алганды жакшы өздөштүрүптүрсүң, аны көрдүм. Кайран гана сага ишенген атаң менен энең жана силерге ишенген кыргыз элим. Мен эми сенин бир дагы айткан сөзүңө ишенбейм. Билесиңби, мен сени кандай берилип ууз сүйүмдү арнап сүйгөнүмдү. Сени ойлоп узун түндө уктабай чыкканымды. Көрсө мен сенин накта жүзүңдү көрбөй эле, берилип сүйүп жүргөн турбаймынбы. Кыскасы Марат эми экөөбүз такыр башка, бири-бирибиз үчүн чоочун адамбыз. Мага эми убактымды алып, телефон чалбай эле койсоң болот. Билем, сен мага эмне деп айта турган сөзүңдү. Эгер мен сага турмушка чыккан күнү дагы "сени кайсы сойку менен эзилишип жүрөт" деп күткөнгө, менин дитим барбайт. Марат, Таңсулуудан мындай таамай айтылган сөздү угам деп ойлогон эмес. Анын өзгөчө "сага ишеним жүргөн кайран гана атаң менен энең"-деген сөзү жөн эле жүлүнүнө жете түштү да, дароо ичкен арагы кайда кеткенин билбей калды. "Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа"-дегендей, Марат атасы менен апасы жанында Таңсулуунун айткандарын угуп тургансып, кысынып кетти. "Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло"-дегендей акча тапканына сүйүнүп, өзүн баатыр сезип, Таңсулуу менен эми чечишем деген тилеги таш каап, ушул жолу билди, өзүнүн жана чогуу иштешкендеринин жүзүн. Адам баласы бир нерсеге өзү күбө болмоюн эч нерсени моюнга албаган адаты бар эмеспи. Ушуга чейин атасынын айткан сөздөрүнүн тереңи кайда жатканына маани бербеген Марат, Таңсулуунун сөзүнөн улам билип, башын мыкчып, бир топко бир жерди теше тиктеп олтурду. Ушундайда акылдаша турган ишеничтүү досу дагы жок экенин моюнга алды. Курсташтары менен классташ балдарынын алдында дагы кадыры кете түшкөн. Буга дагы акчанын көптүгү жана келген дөөлөттү көтөрө албагыны себеп болгон.
Бир курдай классташы Алымбек үйлөнгөндө аракты ашыкча ичип алып, боюн көтөрүп сүйлөй коём деп, кагуу жеп мушташа кеткен, Эмил деген досу менен. Ал жерден көпчүлүк Маратты күнөөлөп, ошол окуядан кийин алар андай той- топурга Маратты чакырбай калышкан "Сен эми чиновниктер менен табакташ эмессиңби" деп, какшыктап. Бул айтылган сөзгө дагы өзү күнөөлү болгон, тилине алы келбей, ашыкча сөз сүйлөп алып.
Ал эми курсташтарынын чакырган жерине "барам" деп убада берип коюп, эки-үч жолу барбай койгон соң, алар дагы далысын салып калышкан.
Марат, кеминде бир чай кайнам убакыт эч кыймылсыз бир жерди теше тиктеп олтуруп анан эч нерсеге көңүлү чаппай жаздыкка баш койду. Анткен менен бүт дитин бир гана Таңсулуу ээлеп алып, анын көңүлүн кантип жибитүүнү ойлоно баштады. Андан дагы ушакчы жана айыңчыларга таң берди "менин саунага барып жүргөнүмдү ага ким жеткизди, ал жоругумду атам менен апам укса эмне дешет"-деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Ыпыластык ар качан билинип калаарын өзүнүн тагдырынан улам билди. Ушул жерден англис филасофу Френсис Бэконун "адам маймылга окшош,өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт"- деген таамай айткан сөзүн эстеп, азыркы эл билермандарынын жана өзүнүн көчүгү таза эмес экенин аны эл эбак эле билип койгонун билип, өзүнөн-өзү уялып кетти. Андан дагы эл эгеси аталган ажонун аялынын көзүн караган чиновниктеридин жоосунсуз жоруктарын өз көзү менен көрүп, мунун аягы кандайча аяктайт болду экен деп, дагы ойлоп койду. Чалкасынан шыпты карап жатып уктап кеткен Марат, түш көрдү.
Түшүндө ак үйдү кара нерселер басып алып, ар ким өз арбайын согуп жүргөнүн көрүп, түшүнөн катуу чочуп ойгонду. Ойгонсо таңдайы катып суусап калыптыр. Көргөн түшүн эстеп, бийликтегилер элдин камын ойлобой эле баары жапырт өздөрүнүн гана кызыкчылыгына тартып, жан талашып жатканын түшүнөн дагы аян бергенин билип, бул жолдон кантип тазаланыш керек экенине баш катырып ойлонгон болду.
Эртең менен таң эрте Марат ишине эмес, айылын көздөй сапар тартты. Анткени булганычтын сазынан кутулуш үчүн эми бир гана атасы менен гана сүйлөшпөсө, башка ким менен сүйлөшөт. Кесиптештери бүт жапырт алдамчылык менен дүнүйө топтонун артынан түшкөндөр, алардан ылайыктуу акыл чыкпай турган үчүн таза суу ичип, таза ой жүгүрткөн атасынан башка ой бөлүшө турган адам жок болгондуктан ишине дагы бир ооз сөз айтпастан, айылды эңсеп жолго чыкты.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5