5–бөлүм....
Ыйлап , өзүнө келген Айназикти Жусуп ээрчитип алып жөнөдү...
Үйнө чейин ар кими өз ойлору менен чуурулуп келе жатты. Жусуп бирөө жарым билип калса мени сотойт , күнүм түрмөдө өтүп , ошол жакта жаш өмүрүм кайып болот —деп жүрөгүн коркуу басты.. Бир демке кылып айласын тапмакчы болду...
Томсоруп жер карап турган Айназикти карап,
—Айназ , сен экөөбүз эми чооң адамдарбыз. Эрди катын болдук. Биздин сырды эч ким билбөөсү керек. Эгер эл укса шерменде болосуң. Тең туштарың мыскылдайт. Сени да мени да торго салышат. Сенин жашың жете элек турмушка чыкканы ,окууну бүтүшүң менен той кылып, ак көйнөк кийгизип алып кетемин. Келиштикпи ? Эч ким билбөөсү керек...
——Макул , кимге да айтмак элем. Эч жерим оорубаса , же билинбесе, болгону мен келин болгум келип жатат эртерек. Ушул үйдөн качып кетсем. Сиз жакшы адамсыз , мээримдүүсүз, боорукерсиз. Мага көөп белек бердиңиз. Өмүрүмдө биринчи жолу гүл алдым, атир алдым. —деп жылмайым алды.. Чын бул жылмаюнун артында канча бакыт, аруу сезим, тунук кыял ,турганын эч ким байкаган жок... Жөн гана акмак алданды деп ичтен катып тим болуп Жусуп карап турду...
——Бар анда жатып эс ал. Үйүңө кир.
Жусуп ар кечте жаш кызды кордоп жүрдү.. Койну толуп, жүргөнүнө кубанып, ал эми Айназ болсо жылуу сөзгө , жалганчы мээримге алданып жүрдү.. Жаз келип, окуучулар мектеп аяктар кез келди.. Айназ күндөн күнгө толуп, жүзүн кара так басты.. Гүлгаз кызынын мүнөөзү өзгөрүлө баштаганын сезип, :
——Ээ Айназик жүзүңө эмне так түшө баштаганбы кызым ? Күндөн го. Толо да кеттиң. Мен да окууну бүтөөр кезде бир аз толуп кайра өзүмө келген элем...
—Апа , бир аз башым караңгылашып жатат. Тамакка да табитим жок.
——Ашказаныңа суук өткөрүп албадың бекен ээ.кызым. Жылуу жүр. Окууну бүтүп, тай эжеңдин астына барасың , Бишкекке ошол жакта иштеп, каалсаң оку кызым. Бул жерде биз окута албайбыз акыбалды көрүп турасың. Жакшы иштеп , өзүңө сеп сатып алып салсаң бул жакта чогултуп турамын. Кийин турмушка чыгасың. ..... Жакшы жерге мендей күндү силердин башыңарга салбаса экен кудайым.. Жолуңдан адашып калба да кызым. ..—деп ойлуу олтурган апасын аяп кетти..
Жанына олтуруп болгон окуяны айткысы келди. Бирок коркту. Жусуп абдан ишендирип койгондуктан унчукпай туруп ишине алаксып кетти.. Гүлназ кызынын минтип жүргөнүн билбеди. Түз жүрүп, окуга туура барып келгендиктен аябай ишенчү. Турмуш менен алек болуп кыздары менен сырдашып, аларга сыр айтканды да унуткан.. Колу бошосо үй тирилик менен алышат... Ушул балдарым ачка калбаса экен деп...
Эгзамен башталып, дене тарбиядан баарын жүгүрттү. ... Алыска секиртип, ден соолгун да текшерип жатты.. Стадионду эки жолу айланып жүгүргөндө Айназиктин деми кайтып, жүрөгү кысылап жыгылды.. Мугадимдер , окуучулар жүгүрүп, мед пунка алып барышты.. Дарыгер айым , өз бөлмөсүнө алып кирип, кайра жүзү бозоруп чыгып келди... Жакасын кармап, олтура калды... Мектеп директору Кошчу агайды чакырып, кыздар чогулушунун жетектеген Зуура эжекени чакырып, класс жетекчисини да чакырды . Эшикти каттуу жап, ичинен Айназиктин ойгонушун күттү...
Мектеп директору түшүнө бербей ;
—Эмне болуп кетти. Жүрөктү сыкпай айтпайсыңарбы ? Менин жумушум көп районого барышым керек. Болгула батырак . Барып балдарга күбөлүк алып келишим керек .
——Койо туруңуз! Шашылбаңыз! Айназиктин боюнда бар экен ? Мектепти бүтүшүнө дагы бир ай бар..Иш жаман , сиздер да жоопко тартыласыздар. Мектептен кетесиздер ушуну ойлодуңуздарбы ? Оозун жаап ,жок кылыш керек! —деди даарыгер айым..
Зуура эжеке жакасын кармап олтуруп калды...
—Эй бул эмне деген шумдук ия ? Телевизордон чет элдик кинолордон көрчү элек, өз башыбызга түштүгө бото—ом! Эми эмне болот? Ай бул каерде ким менен жатып жүрөт ия ? Шермендечилик ! Ай мектеп жабылат, !
Айназик өзүнө келди. Тегеректеп карап турган мугалимдерди көрүп , чочуп ордунан турду..
Зуура эжеке ;
——Айназик кызым , өзүңө келдиңби ? Эмне болду башың айландыбы ?
—— Ооба , башым айланып көзүм караңгылашып жыгылдым...
——Качантан бери ушундай , кыйналып жүрөсүң , апаңа айткан белең ? Дарыгерге кайрылгансыңарбы ?
—Жок апам билбейт. Кичине айланып кайра өтүп кетет болчу. ..
—Сиздер чыгып туруңуздар. Бизди жалгыз калтырып. Бир окучуну жибериңиз үйүнө апасын чакырып келсин... Мен сүйлөшөюн ачык эле, сиздерден уялып айтпай койбосун...
Баары чыгып кетишти. Зуура эжеке жакын басып келип, колунан кармап, ;
——Кызым, сени ким алдап койду? Ким менен жатып жүрөсүң —деди..
Көзү алая түшкөн Айназик колун каттуу силкип тартып алып,;
—Мен эч ким менен жаткан жерим жок. Ким айтса да калп айтыптыр.
—Айназик , айт чыныңды , иш жаманга айланат болбосо. Жигитиң ким ? Кайсы бала ?
—Жигитим жок дебедимби сизге —деп ыйлап жиберди, айласы эми түгөндү.
—Ай кыз ! Жакшы айтса эмне ыйлайсың ? Сенин боюңда бар. Жакында төрөйсүң ! Эртерек таап аны сени берип койбосок мектеп жабылат . Ата энең, директор баары соттолот, абакка кетишет. Иштен айдалат. А сени болсо жашың жете элек бузулганың үчүн соттойт балаңды алып коюп , жетимдер үйүнө берет—деп коркутту. Азыр апаң келет. Шермендеңи чыгарып баарына айтамын. Айназик эми коркту , ыйлап шолоктоп, — макул айтып беремин. Эжеке эч кимге айтпаңызчы.
Апама айтпай эле коюңузчу. Эми ичимди жарып бөбөктү аласыздарбы эжеке ?! —деп коркуп ыйлай кирди...
—Ай кызым ай, кайсыл жерден төрөштү билбей туруп, мындай ишке эмнеге аралашып калдың. Кайсыл акмак кылды , кайсы акмак ?!
Бүрүшүп, бурчка тыгылган Айназике чындыгында боору ооруду.. Гүлназ тез эле жетип келди. Кызына кирип, эч нерсеге түшүнбөй олтуруп калды..
Зуура сөз баштады. —Гүлназ кызыңды тергеп койбойт белең ! Сен деген «Энесиңго» ! Кызыңдын жүрүм турумун, кайда басып кимге жолукканын карап койбойт белең ?
—Түшүнүктүү кылып айтсаңыздар болмок. Уй эмне болуп кетти, неге башың айланды ? Каериң ооруп жатат деп ыйлап жаткан кызынын жанына олтурду...
Зуура дарыгер эжени карайт, экөө жер карап Гүлназга айтыш кыйын болду. Чындыгында боору ооруп аяды.
——Гүлназ, кел мында , иш жаман , биз уят болдук, эртең эл укса эмне болот билбейм. Ой Кудайай !
——Коркутпай жөн айтыңыз. !
——Кызыңдын боюнда бар экен. Чоң эле болуп калганго.
——Эже эмне деп тамашалап жатасыз!? Уят эмеспи ?!
——Тамаша болгон жок. Силкинбей олтур бул жакка.!!!
Гүлназ нез болуп олтуруп калды.. Жер айланкөчөк болуп , бир заматта баш аламан башталды.... Тура калып, бүжүрөюп олтурган Айназиктин чачынан жулуп, тепкилеп кирди.. Башы көзүнө карабай. Чыңырып жөрмөлөп жүргөн Айназик. Зуура бөлүштүрө албай убара.. Бир аздан соң чарчап олтуруп калды...
——Оо—Ууу кудай ! Бул не азап ,? Не шордук ! ? Дагы не жазыгым бар эле ? Айланайын тагдырым мынча таш боор болбосоң. Мен кыйналганым аз келгенсип, эми кызымбы ? Акылдуу деп жүрбөдүм беле ? Бар үмүтүм ушул балдарымдан деп чыдап жүрсөм , аа буларчы не бок жеп жүрүшөт . Гөрго тыкыла мени , кууруп жегиле мени ! ..... —деп өзүн өзү тытып , койгулап ыйлап кирди...
Айылга чооң ушак болду.. Баары жакасын кармап, жаман үйдөн жаман түтүн чыгатта деп ке бир адамдарга табылбай калды.. Кошуна колоң, тегеле ошол көчөнүн эле кыздарыны жолунан да өткүргүсү келбей кооруп эле калышты.. Уккан кулактын баары тообо кылыр жакасын кармады. Жусуп болсо ошол түнү эле Алма атага качып кетип жок болду.. Мына эми тополоң башталып, мектеп директору, класс жетекчиси иштен бошотулду. Айыптуу болуп, ар күнү сотко катташты. Мектептеги бешинчи класстан баштап окуучу кыздарды даарыгер айымдар текшеришип, көчөгө чыгууга да тыю салышты... Асанкалый эми оңолуп баратканда кызынын бул кылыгына, элдин сөзүнө чыдай албай , арактан күчүн чыгара баштады...
Арадан күндөр өттү Айназиктин ичи билинип баштады.. Үйдөн чыга албай жатат. Эч ким жакшы сөз айтмак түгүл тамакта бербей койду.. Өзүн өзү жеп, түнү менен ыйлап чыгат...
Асанкалый бүгүн да мас келди.. Ажатканадан келе жаткан кызыны көрүп, абдан ачуусу келди.. Ызырынып!
——Эй акмак ! Шерменде энеңдурайын канчык ! Өлүп калбайт белең кантип жашап жүрөсүң аа канчык ,шерменде —деп бакырды...
Айназик кадам таштай албай ордунда туруп калды...
Кыйкырыкты угуп, Гүлназик чыгып,;
—Жаагыңды жап! Эми сеники өттү. Эртерек тергеп ата болбойт белең ! Алкаш ! Ит ! Эми өзүңчө намыстанып калбай. Бала бул ,бала ! Биз мынтип тытышып, ыркыбыз кетип жүрсөк , көчөдө жүргөндөр «Аа буларга боло берет. Алкаш атасы жүрсө өзүн билбей, апасы жүрсө ар кимге кул болуп иштеп, буга ким күйөт эле —деп алдап кетти да. Сөкпө , урушпа бул биздин күнөө! Убагында тарбия бере албадык . Биздин кесепетибизге балдарыбыз жооп берип жатат... —деди... Асанкалый бир кадам таштап, алдыга жылып, колун кезей :
——Оозуңду жап жалап! Кыздарың сени тарткан! Сен өзүңдөй тарбия бердиң. Сен жалаптын айынан, ушундай мен алкаш болду—м......... Кыздарың көчөдө бозуп калып жүрөт. Сен арамсың ! Сенин кесепетиң тийди бизге ,Энесин көрүп кызын ал дейт. Сен келдиң ,биздин үйдүн куту кетти. Сен желмогузсуң—деп Гүлназга атырылды....
Бул сөздү укканда ээси ооп, жакасын кармап олтуруп калды... Көңүлү каттуу иренжип, көзүнөн ачуу жаш акты....
Асанкалый жерде жаткан тандыр чукуган каттуу чукту алып, Айназикти сабап кирди... Үйгө качып кирип, бир бурчка жата калды..
Артынан бутуна кийген каттуу өтүгүн чечпей , эшиктин илгичин жулуп ачып кирип барды.....
Үйдө кыйкырып, атасынан кечирим сурап, жалынган кызынын үнү чыркырап чыгып жатты. Кызына канчалык жаны ачышканы менен өз атасы , урса да ,урушса да болот сабак болсун деп Гүлназ үн катпады, кызына болушпады дагы.. Өткөн күндөрүнө каттуу өкүндү... Өтүп кеткен алтындай болгон жаштык кезине, кырчындай өмүрүнө. Бир күн келип, тообосуна таянып, менин да кадырымды билээр деп күтүп жүргөн болчу. Бирок ал ойюн ит капты. Жалп этип ыссып турган жүрөктүн жылыны өчтү. Денесин муздак басып , олтуруп калды...
Асанкалый кызыны уруп, чачынан сүйрөп, ичине бир эки тепкенге да үлгүрдү... —Эмне үчүн ? Деген суроого өзү да жооп таба албады...
«Элдин кыздары жапшакшынакай эле , атасынын төрүнөн ак бата менен чыгып, көгөрүп жашап жатат» а менин кызым, көчөдө бозуп мени бир өмүргө жерге тыкты. —деп кайра кайра ачуусун баса албай эзгиледи.. Ошол кезде үйүнө Улан кирип келди. Атасын белден алды. Каршылык көргөзүп канча жулкунса да , күч бербеген боз бала , так көтөрүп, бөлмөсүнө алып кирип жаткызып, үстүнө чыгып олтуруп алды.. Алы куруп чарчап уктап кетти...
....Түн кулак мээни кескендей тыптынч. Алыстан үргөн иттин үнү угулат. Аркы бөлмөдөн ызылдаган үн чыгып жатты. Улан кино көрүп жаткан сыңарындай. Айназикти жанатан бери , бурап ооруп жаткан ичи тынчсыздандырды. Аажатканага улам—улам барып келип, кайра эле ооруйт. Бир кезде бутуна ыссык нерсенин куюлганын байкады. Колу менен аарчып көрүп кан экенин көрдү. Корконунан үн чыгарбай, жаздыкка жүзүн жаап бышаңдап
ыйлап жиберди... Аркы бөлмөдө Улан менен Гүлназ кино көрүп жаткан....... Түн оокумдап, баары жатууга камынып, Гүлназ эне да, жүрөгү сезип, Айназик жаткан бөлмөгө баш бакты. Кызынын бүктөлүп, жатканын көрдү...
—Айназик ! Айназик ! Эмне болду кызым?
—Апа билбейм, ичим каттуу ооруп жатат...
Буттарындагы канды көрүп, Уланды тез дарыгер айымга жиберди.
Дарыгер айым жетип келгенче , кадимкидей толгоо тартып, ыйлап, кыйналып жүрдү. Жөрмөлөп, жан соого сурайт. Гүлназдын бутуна жабышып;
—Апа кечирип коюңуз, экинчи мындай кылбайм, жардам бериңизчи —деп ыйлайт. Кызынын кыйналганын көрүп өзү да ыйлады. Дарыгер айым жетип келип, Айназикти чалкасынан жаткырып, текшергиче болбой, кадимкидей күчөн келип, ыйынган кезде алаккандай кыймылы жок бала түштү... Дарыгер айым да каттуу чочуп коркуп кетти. Кадимкидей эле бала көзү , мурду, кичинекей колдору баары бар. Болгону аябай кичинекей . Айназикти , жууп тазалашып, жаткырып коюп, Гүлназ экөө сыртка чыкты.
——Эже мен абдан коркуп жатамын. Сиз алып кетиңизчи?! —деди Гүлназ. Аппак сурпка оролгон кичинекей жансыз жаткан баланы көрүп.
——Уй кызык элесиң да. Эмнесинен коркосуң? Менин үйүмдө эки мышыгым, иттерим бар. Анан жеп койсун. Андан көрө кайтарып жат. Бир жерге илип кой, мындай балдар жеткис. Эрте менен бир сыйра жууп тарап, ат коюп, мүрзөөгө алып барып көмүп койгула. Кадимкидей бала бодуп калган экен. Ошондой кылышат. Мен барайын эми уулуңду чакыр, караңгыда мени жеткирип койсун.
Эртеси Кудум даарыгер айткандай кылып көмүп келишти. Айназикти районодогу оору канага алып барып жаткызды. Жусуптун ата —энеси күнөөлү адам болуп, акчасын төлөп кабар алып жатышты... Бир жума жатып , чыкканда ошодон аары , үйгө кайтпай борбор калабыз Бишкекке жол алды. Тай эжеси күтүп алмакчы болуп....
Автор Жаңыл. Уландысы бар..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 30