Байтик эмдиги жылы колдоном деп жайлоого таштап келген буюму зарыл керек болгонунан кыштын кыраан чилдесинде жайлоого аттанды, өзү ишенген күчтүү атына жем чөп өзүнүн бир күндүк тамагын артынган Байтик таң эртелеп чыгып өзү көздөгөн чоң үңкүргө атын эки жолу чалдыктырып жарым саат бир саат өзү да куш уйку кылганы болбосо тынбай жол жүрүп эртеси түн жарымда жетти, үңкүр чоң эле, бир бурчуна атын жетелеп киргизип чөбүн жеп бүткөндөн кийин баштыка жемин асып өзү кол фонаригин жагып коюп шашпай тамактанып олтурду. Көп өтпөдү, сырттан жаң жуң кыйкырып сүйлөшкөн адамдардын сүйлөшкөнүндөй добуш угулду, эки аттап үңукүрдүн оозуна жетип фонаригин өчүрүп эки жака көз салды, төмөндө өзү чыгып келген жолдо эки караан чыгып келе жатканы аппак карда даана көрүндү. Байтик колдору калтырап кош ооз мылтыгын октоп жатты, даярдап коюп бурчта салынган көрпөчөсүнүн үстүнө тигилердин келишин күтүп олтура кетти, аюу деп ойлоду, 15 20 мүнөттөй убакыт өтүп тигилердин келгени байкалды, аты кошкурунуп тепкиленип кирди, эшиктин оозунда бою чакан жоон тукуру адам сөлөкөтүндөгү жаныбар пайда болду. Байтик фонарикти жакты, тептегерек башы моюнуна бириккен денесин жүн баскан адам сөлөкөттүү чымыр денелүү жаныбар турду көздөрү жалтырап жарыка чагылышып, Байтикте өмүрүндө өзүн жоготуп мынчалык коркуу сезими болгон эмес эле, колу мылтыка эмес муштумдай ташка илээшти, адам сөлөкөттүү жаныбар кыжынып кырылдаган каардуу үн чыгарып Байтикти көздөй бет алды, Байтик колуна илээшкен муштумдай таш менен жакын келип калган немени бет талаштыра уруп ийди, дал ошол моментте чаңырып ийген жаныбарга атынын кошкуруп кош аяктап тээп ийген буту дал тийип адам сөлөкөттүү жаныбар үңкүрдүн эшигин көздөй тоголонуп кетти. Байтик учурдан пайдаланып фонариктин жарыгын буруп мылтыгын алууга аракет кылды, мылтык кручогу басылып даяр тургандыктан ала бергенде кручогуна колу тийип ок үңкүрдүн шыбын көздөй атылды, тарс деген үндөн чоочудубу адам сөлөкөттүү жаныбар тура калып чаңырып үңкүрдөн чыга качты, Байтик эсин жыйнап мылтыгын оңтойлоп кармап үңкүрдүн оозуна басып келди, тээ төмөндө катуу катуу секирип тоголонуп жумаланып бараткан эки караан аппак карда даана көрүндү. Ошондогу адам сөлөкөттүү жаныбардын бет келгени, жүн баскан тегерек бети кареги кушукундай чакчайган кичине бирок агы чоң алайган тептегерек көздөрү Байтиктин күнү бүгүнкүдөй эсинде, бирок ал кандай жаныбарга туш келгени табышмак бойдон... Сүрөт интернеттен алынды...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7