11- бөлүм.
Айтурган табылыптыр деген жаңылык , анын туугандарына ,окуу жайына дүңк эте түштү.
Эрмек кызынын табылганына түлөө өткөрүп,тууган уругунун баарын чакырды.
Дасторкон жайылып, баары даяр болгон кезде, мени атам менен апам аркы бөлмөгө чакырышты.
- Кызым , азыр туугандардын баары келет ,сен өткөн заманга барып келдим ,деген сөзүңдү айтпа! - акырын апам сүйлөй баштады.
- Эмнеге мен ачык айтсам болбойт! Калп айтайынбы эми?
- Ай кыз ,сенин чындыгын менен Чым- Коргонго жаткызып салат.Макул биз атаң экөөбүз ишенели,ал эми башкалар эмне деши мүмкүн?
- Жана мага оперлер чалды, аларга эмне айтуу керек,аны да ойлонуш керек - атам акырын апамды карады.
- Макул эми ,эмне деп айтайын? - сөздөрүно макул болуп,апамды карадым.
- Айт ,таштан жыгылыптырмын ,мени бир аял таап алып, үйүнөн багып,кийин эсиме келип,айыккандан кийин үйдү таап келдим де!
- Анан ,үч ай дайынымды билгизбей жата бердим дейинби?
- Амнезия болдум деп кой ,сени эле тактап сурамак беле! Милицияларга да ошентип айт ,жанагы дос кыздарына да эч нерсе айтпа!
- Кандай гана начар адамдар жашайт бул заманда эххх!Жакшы адамдардын баары өткөн доордо калган экен ! - шуу үшкүрүп алдым.
- Тигини ,тигини ,тиги кызыңды карасаң,биз да жакпай , заманыбыз да жакпай ...
Апам тултундап аркы бөлмөгө жөнөдү.
Эшиктин алдына машиналар келип, коноктор келе башташты.
- Алдыңа кетейиним, кагылайыным ,садага кетейиним аман - эсен көрдүмбү?
Чоң апам калчылдап,таягын таштай коюп ,мени кучактап чекемен жыттады.
- Чоң апоооу ,мен сизди сагындым!- кучактап бетинен өөп, өөп алдым.
Анын артынан туугандар биринин артынан бири кезек менен учурашып жатышты.
Баарынын суроосуна апам менен атам айткандай жооп берип жаттым.
Кээ бириникине оозуман жулуп алып апам жооп берип жатты.
Чай ичилип , беш бармак келгенде , чоң апам сөз сурады
- Айтурган кызым,сени көргөзгөн Жараткан Теңириме рахмат! Сени көрбөй өлсөм,арманым аттын башындай болмок!
Мына сени көрдүм,эми өлө берсем да мейли - ээги кемшеңдеп ыйлап жиберди.
- Чоң апоооу, ыйлабаңызчы!Мен эми эч жакка жоголбойм- кучактап , миң бырыш баскан бетинен өөп алдым.
- Мына ,бул буюм тээ илгерки энелерибизден калган таберик алдыңа кетейин! Ушуну өзүңө тапшырайын ,бул буюм энеден кызга өтүп келген.Кийин сен да кыздуу болосуң,ошого бересиң!
Чоң энем ,чыптамасынын ички чөнтөгүнөн көк бет аарчы алып чыкты, анын ичинен кызылын алып чыкты. Аны ачып ичинен күмүш менен капталган ак берметтен жасалган билерикти алып чыкты!
Мына кызык тамаша,бул баягы мен кербен сарайдан таап ,ала келген Айсулуунун билериги эле!!!
Берметтери кетилип, күмүшү карарып калганы болбосо,баягы Айсулуунун билериги алдымда жатты...
Мен баарын түшүндүм,эмнеге башка доорго,заманга өтүп кеткен себебимди да түшүндүм!
Айсулуу менин түпкү чоң энелеримден болгон үчүн, анын өмүрүнө коркунуч туулган кезде ,
Кудай мени аны сактоо үчүн тиги заманга өткөргөн экен! Эгерде мен Айсулууну сактап калбаганда биз баарыбыз, төрөлбөй деле калмак экенбиз да...
Же төрөлөт белем,төрөлсөм да көзү бүтүк,буту тайтак шаң -саң, чиң - миң деген кытай болуп калат белем??? Өзүмдү элестетип алып каткырып күлүп жибердим...
Туугандардын баары мени карап калышты,айрыкча апам көзү менен мени атып салды.
- Тур ,тиги билерикти катып кой жоготосун!- апам мени тиги бөлмөгө кубалады.
- Ай ,кыз эмне жинди улактай болуп күлүп жатасың? Акыл - эсиң ордундабы?
- Кечирип койчу апа ,жөн эле күлкүм келди да - апамдын бетинен өөп кутулдум.
Аңгыча кесме бышып , жеңем менен көтөрүшүп залга кирдим.
- Келегой кызым ,менин жаныма отурчу - чоң апам мени карап.
Баарыбыз чогулуп эт жеп жатканда таякем суроо берди
- Айтурган эми эмне кылайын дейсиң?
- Мен юрист болбойм деп чечтим, мен дизайнер болом.
- Кийимдин фасондорун ойлоп тапкан адам дизайнер деп аталат.
- Жакшы кесип ,кыздарга керектүү - таякем коштоп калды.
- Азыр таш ыргытса , дизайнерлердин башына тиет , атаң экөөбүз сенден прокурор чыгат деп жатсак...
Апамдын жини келе түштү.
- Мен кыргыздын улуттук кийимдеринин фасондорун кайра жаңыртып чыгам.
Көйнөк,чыптама,элечек,топу ж.б чыгарам.
- Иий алдыңа кетейин, тилегиңди кудай берсин!
Чоң энем батасын берип,бетимден өөп койду.
Азыр мен , документтерди тууралап жатам,ага чейин эжемдин тигүү цехинде улуттук кийимдердин түрүн тигип баштадык.
Мен өткөн замандагы кыргыздардын кийимин жаңыртып иштеп жатам.
Күндө жатып алып, көзүмдү жумуп Наалбү чоң энени, Уулжан жеңени , Айсулууну элестетип жатам.
Ысык - Көлдү эмес , Ыйык-Көлдү сагынам.
Көлдү чалпылдатып кирдеткен заманды эмес , ыйык деп кирдетпеген заманды сагынам.
Кадимкидей ошол заманга куса болом!
Негизи,бир жерден киши жоголуп кетиптир десе ,дагы бир жердеги порталдан, башка заманга өтүп кетти бекен деп ойлонуп калам.
Ошшо , ошентип менин кызыктуу ,бир чети таң каларлык окуям ушундай болуп бүттү!
АЯГЫ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18