— Таң атты тургула, бүгүнкүгө өтө көп тапшырма берилген, көп иш бүтүрүүбүз керек.
Сырттан кирген жүзүндө бармактай калы бар, жоокерлерче кийинген киши мойнунда артылган ышкырыгы менен уктап жаткандардын баарын ширин уйкусунан ойготуп сүйлөп кирди.
Дароо кулак жарган үндү угаар замат ордуларынан шыпылдай турган жаш бөбөктөр жаткан жайларын оңдоп жыйнап, кийимдерин кийе салышты да, кадимки эле солдаттардай катарынан тизилип тура калышты.
Ар биринин атын атап, жоктоп алган киши, жаш жигиттерди артынан ээрчите сыртка чыгып кетти.
— Бүгүн силерге бул жигит сабак өтөт, бул жигиттин аты Шин. Силер эми мурдагыдан да көп уруш ыкмаларын үйрөнүп, мурдагыдан да күчтүү болууңар керек.Тигилерди көрүп жатасыңарбы? Дал ошондой
Аркы жакта дал өздөрүндөй машыгып жаткан кара чүмбөт жигиттерди көрсөтүп койгон киши, жанындагы жигитке карай сүйлөдү.
Шин да алардын бири, эң мыкты уруш сырларын өздөштүргөн. Ошол себептен эми анын колунда тарбияланысыңар. Бирок айткан сөзүңөргө турбай, укпай, өз башымча болсоңор жини жаман аяп отурбасын жүзүнөн билип турсаңар керек.
Анын кытмыр сүйлөгөнүн уккан Шин жылдызы жок, мерез жүзү менен арсыз күлүп койду.
Баарынын бозоргон жүздөрүндө, көздөрүндө толгон кайгы бар эле. Бирок аны көрсөтүү булар үчүн эң бир алсыздык болуп саналат эмеспи, ичинде күйүттөрүн жашырып, ата эне мээримин эчак унутушуп, баарын машыгууга күчүн чыгарган өспүрүмдөр бул жерде дагы канча азап тартышаарын эч ким билбейт. Аркы жактагы өздөрүнөн улуулардын келекелеп кээде тепкилеп кеткени да аз эмес. Бир нерсе болсо, « сен күчтүү болушуң керек эмеспи, демек чыда ». Арсыз мыскылдап күлүшөт. Мындайда арына келген байкуштар колунун келишинче урушуп, каршылык көрсөткөнгө барышат. Бирок улуу деген баары бир улуу эмеспи, бат эле ар күчкө салып жеңип койушкан соң,ар түрдүү азап беришет. Жеңилген күч күрөшкө тойбойт дегендей, далай жолу токмок жеп, далай жолу азап тартышкан байкуштар, башкалар үчүн өлгөн адамга айланышкан. Мындан качып кай жерге барышаарын да билишпейт. Дүйнөнүн төрт бурчунда аңдыган ажал тооруп, артынан калбай түшкөн мындай жигиттер толтура. Чыдабаска арга жок.
— Баарыңар түшүндүңөрбү?
Жанатан оозу тыйылбай сүйлөп жаткан кишинин үнү жигиттерди селт этти.
— Түшүндүк шеф!
Анда жөнөгүлө.
Шиндин артынан калбай ээрчиген жаш өспүрүмдөр чуркап жөнөштү. Эртелеп саат төрттөн баштап буттарында турушкан байкуштар дагы канча чакырым чуркашаары белгисиз.
— Аркада калганың 30 жолу сабаласыңар бул жаза, андыктан ойлонбой тез тапшырма аткаргыла.
Чуркап баратып кыйкырып койгон Шин өзүнчө ичинен кытмыр күлүп алды.
Шин өзүнүн эң мерез жаман адаттары менен баарынан өзүн күчтүү сезген жалгыз аскер жигит. Эч нерседен тайманбас, коркпостугу да бар, бирок ошончолук адилетсиз, өзүн бүт жактан үстүн койгон, мыкаачылыгы менен көбүнө жек көрүнүп алган. Бирок Шинге баары бир аны баардык аскерлер жек көрүп, жабылып кол салса да, өзүнүн күчүнө ишенип, өзүн коргоп кете алуусуна көзү жетет. Анан да эң башкысы шефинин ишенген аскер жигиттеринин бири. Ошол үчүн азыркы жанында бараткан наристелерди да аяп отурбайт. Тапшырма толук аткарылбаса 30 жолу сабалат. Анда эле азаптын азабы ошол. Ал сабалгандан кийин туруштук бере албай өлүп кеткен канча жаш өспүрүмдөр бар. Чыдоо кыйын. Ошол үчүн буту бутуна тийбей чуркап бараткан өспүрүмдөр жандары көзүнө көрүнүп кетип жатты.
— Аай... Аай...
Боздогон ачуу үн баарынын кулагына жаңырды.
Жабыла токтогон балдар баары жерде томолонуп, бутун кармап тура албай жаткан баланы тиктеп алышты. Анын жанындагы кулачтай болгон уулу жылан баланы чагып үлгүргөн, кайра жанына жетип тап берүүгө умтулган кезде балдардын арасынан чыккан бири жетип барып, сүрдүү, ышкырган уулу жыланды мойнунан дароо кармай, койнундагы бычагын ала ичин жарып алды. Онтогон баланын жанына отура кетип, бутун карай аркыларга сүйлөп кирди.
— Бул уулу жылан, анын уусу денеге тарап кеткенче жардам көрсөтүүбүз керек.
— Бул эмне кылык? Ким силерге уруксаат берди токтогонго?
Мердердин үнүнө удаа эле аркы жактан күркүрөгөн жоон Шиндин үнү угулду. Баарын титиреткен бул үндөн балдардын көздөрү, эми эмне болуп кетет экен дегендей, бир Медерди, бир Шинди карап алышты.
— Ал адам болбойт! Тапшырманы улантабыз!
Аркы жактан араң көз салып карамыш болгон Шин жылчыктай болгон кичине көздөрү менен Медерди тике карады.
Ага дейре өзүнүн жаман көйнөгүнөн чекесин жыртып алып, баланын бутун бууй салган Медер тиши менен жыландын чаккан жеринен канын соруп тиштеп чыгарып жаткан.
— Бирок бул тирүү. Эрежеге ылайык, чуркоону токтотуп, жардам берүү го бизге ошондой үйрөткөн.
Медердин сөзүнө кыжыры келген Шин баланы жакадан алды.
— Сен мага сөз кайтарып жатасынбы ары жок? Сенин шефиң мени кызыктырбайт, бул жерде тапшырма мен беремин.
Кыжырынган Шиндин жүзүнө тиктөө мында мүмкүн эмес эле. Азыр эле мына - мына өзүн кармай албай тиктеген Шин, качан Медердин ичке тамагында турган курч миздүү канжарды шилтеп жиберет экен деп, титирей түшүштү балдар.
Бирок Медердин көзүндөгү коркууну көрө албаган, тескерисинче ирмелбей тиктелген ачуу каректер Шинди биринчи жолу денесине калтырак бастырып жиберди.
— Сага адам чыдагыс жазалар даярдалат! Азаматсын мени оюмдан кайтара алдың азыр, кааласаң кала бер.
— Кеттик!
Калган өспүрүмдөрдү ээрчитип алды көздөй кеткен Шинди узата карап алган Медер жанындагы баланын жанына отура кетти . Бир аздан соң жакшы болуп каласың азыр. Анан үйгө кетебиз. Ары жактан алып келген чөптөрүн майдалап отуруп, баланын бутуна басып жиберди. Эми эле тилинип, ачышкан жанына басылган уулу чөп, байкуш баланын жанын жеп жиберчүүдөй оорутуп, азабына чыдабай калың токой ичин ачуу чаңырык каптады. Бутуна коюлган дары чөп жаш баланын жараатын күйгүзүп бараткан.
— Чыда, бир аз чыда. Өзүн жоготуп, алсыздыктан үнү чыкпаган бала, бир топко үнү басылып, жаны жай алган эмедей үнсүз жатып калды.
— Сен эмнеге кеткениң жок? Мен чын эле адам боло албайм го, андан көрө кете бер!
Жанында жаткан өспүрүмдүн акырын чыккан үнү шеригинин жанын ачытып жиберди.
— Жок мен сени таштап калтырып кете албайм. Ооруң бир аз басылса кайра артка кайтабыз. Барып шефке түшүндүрөм өзүм. Сенин күнөөң жок экенин, бул калың токойдо экөөбүздөн башка нерселердин баары бар, уулу жылан басып алганың сенин күнөөң эмес. Ал тиги шеф болумуш Шиндин күнөөсү.
Жерди тиктеп алган жигит нааразы боло сүйлөнүп алды.
— Бирок сени жазалашат да, кантесин анда?
Чын эле аны эстегенде бүтүн дүйнөсү тарып кетип жатса да, сыр алдырбай сүйлөп алды.
— Мени бул жерге төрөлгөнүмдө эле алып келишкен экен, мен төрөлгөнүмдөн баштап эле жазага тартылып келем.Андай жазанын далайын өтөдүм.
Муңкана түшкөн баланы жанындагы араң жан жаткан шериги аяп кетти.
— Тагдырыбыз окшош экен да анда. Мени да өз колдору менен сатып жиберишкен экен. Бул жерден чыга алат бекенмин билбейм эми, же ушул жерде өлүп кетемби?
Баары жакшы болот. Сен өзүңдү ойлоп, бир аз күч жыйна. Андан соң кетебиз.
Жанында алсыз жаткан шеригин кадимки чоң адамдардай болуп, далысынан таптап койду.
Бир канча убакыт өткөн соң, ордуларынан турушуп,кайра жашаган жайларына көздөй жөнөштү.Эки саат, үч сааттап жүрүп качан күүгүм кирген убакта жашаган жерлерине жетип келген өспүрүм балдар өздөрүн жанатан күтүп отурган Шин менен кошо топтолгон чоң кичине балдарды карап алышты.
— Ыы келдиңерби? Хаха чын эле чала өлүк болгонуңар менен жаныңар бышык экен ээ?
Ырсайып, бир көргөн адамды коркутчуудай түрү менен ордунан турган Шин эки байкуш балдардын жанына басып келди.
Анын жанында баштапкы машыктыруучусу да эч нерсе кыла албайт окшойт? Айтор башка тегеректеги балдарга окшоп, жөн гана башын жерге салып тургандан башкага жараган жок. Ашыкча сөз сүйлөсө баарын жеп жиберчүүдөй болгон Шин өзүм билемдик менен өз каалаган максатына жетет. Азыр да өзү каалаган нерсени жасайт, кааласа өлтүрүп таштап көөмп салат, же жапайы жандыктарга жем кылып берет. Эң чоңдору алыста жүргөнү үчүн бул өз каалаганын жасап жүрөт. Шиндин жоруктары шефине жетпейт дагы билдиришпейт. Бул жердеги баарынын наристе кезинде чоңойгон жерлери башка, ал жерди эч кимге билдиришпей сыр сакташат. Ал жерде өздөрүнө окшоп дүйнөнүн төрт бурчунан алып келинген наристелер тарбияланып өсүшүүдө. Бул балдарды да башка мугалим окутса бешке толгон соң, ушул лагерге келип машыккандан бери Медердин азабын колуна куп эле берип келишет. Бул жерде аёо деген такыр жок. Канча аракет кылып качып кеткиси келсе да, бул жерден чыга албайт. Эркин түрмө сымал, алардын айтканын кыласын. Кылбасаң өлөөрчө сабашат. Бышып деле бүткөн кээде ичине толуп, бук болгондо ата энесине нааразы боло түшөт. Кимдер? кандай адамдар экенин билсе гана. Аттиң... Чоңойсо издеп табам деген ой максатына жетиш үчүн бардык сыноолорун кечип өтүүсү үчүн өзүнүн бар күчүн аябай келет. Жаш жанына ата - энесине жетиш үчүн, ошончо сыноолорго түтүү бул оңой эмес эле.
Башына дагы чоң балээни үйүп алганына көзү жетип турса да, ажал оозуна шеригин таштап кете алмак эмес.
Араң жан турган шеригин Шин желкеден кармап көкөлөтө, тээ балдар турган жерге ыргытып жибергенде гана өзүнө келген Медер шеригине карай жүгүрдү.
Бирок экөөнү тегеректей чыккан өзүнүн эле шериктерин көрүп экөө ордуларында таштай катышты.
— Эгерде бул балдарды жеңип ала алсаң, досуң тирик калат. А сенин бактың бар экен, менин сөзүмдү эки кылгандар тирүү калган эмес эле. Эгерде ушул балдарды жеңип өтсөң досуңду куткарып каласын.
Ыржайа күлүп, жүзүнүн баарын тырык баскан Шин өспүрүмдү сынай карап, колуна жоон бамбук дарагынан жасалган учтуу жыгач куралды ыргыта салды.
Кантсин башка айласы жоктой, жанындагы араң жан жаткан шеригин карап алды.Кантип ошончо азаптан куткарып келе жаткан байкушту эми өлүмгө кыя алмак эле? Шиндин колунан жан таслим болгончо, жыландын уусу алда канча оңойураак өлүмгө алып келет эмеспи.. Эрксизден эрдин тиштеп ала, көздөрүнөн от чачырай, өзүн көздөй ач бөрүлөрдөй тооруй басып келе жаткан шерик балдарды кыжырдана карап, колундагы жыгач куралын мыкчый кармап алды.
— Баштагыла!
Буйрукту уккан азаматтар жабыла чуркашып экөөнү көздөй жөнөштү. Бул урушта бирин бири аёо жок эле. Колунан келгенче күрөшүп, шуулдаган жыгач куралдардын үнү кулак түбүнөн өтүп жатты. Алсыздары тебеленип кайра турушуп, айтор Медерди колго жеңип чөгөлөтүүгө миң аракет жасашса да, кылган аракеттери текке кетип жаткандай Медер арстандай айбаттуулугу, жалын чачкан көздөрү менен эле көбүнүн сүрүн алып койгон. Бул нерсе көпкө созулчуудай, качан гана өзүнүн жигиттери жеңилип кетип жатканда ордунан турган Шиндин үнү угулду.
— Токтоткула!
Бары турган орундарында токтошуп, колдорундагы жыгач куралдарды таштай салышты.
— Устунга байлагыла!
Медердин колундагы куралын жулкуп алышкан жигиттер жабылып келе төрт тараптуу устунга Медерди байлай салышты.
— Жок, жок мен күнөөлүүмүн кечириңиз мени.Сиз сөз бердиңиз эле го?
Бутуна чалынып жалбарган шериги Шиндин алдына жалдырай тура калды.
— Жогол көзүмдөн, сага да убакыт келет.
Түртүп салган Шин жанатан эки кол, эки бутун керип байланган Медерди кызыгуу менен карап тура, жанына басып барып тура калды. Дагы бир жолу Медердин от жанган көздөрүнө тигиле тиктеди.
Шиндин мерездиги чекте жок эле. Азыр да ошол өзүнүн ыкмаларын бирден колдонуп баштаган.
— Мен эрте менен, мени укпагандын жазасы өтө оор деген элем, бирок сен сөзүмдү жерге таштадың бул сага жаза. Муну баары билишет.
Шиндин колунда турган узун, аркандын жоондугунча бар кулачтай темир зым Медердин жылаңач денесин тилип өттү.
— Ааааа....
Бул ары ызалуу, ары аянычтуу, ары кектүү үнгө эч ким чыдай албайт эле. Тилин тиштеп башын мыкчыган шериги көз жашын көлкүлдөтө ыйлап, колунан эч нерсе келбей турганына арданып да ачууланып да досунун үнүн уккусу келбей кулагын баса калды.
Эч ким, бул аянычтуу абалды көргүлөрү келбей башын жерге салса, кээ бири чыдабай ичкери кирип кетип жатышты. Бир гана ырайымды билбеген Шин, күчүнүн барынча байкуш баланын денесинен кан шорголото сабап жатты.
— Ааааааа....
**************
Ааламды жаңырткан ачуу кыйкырыктан Элгизанын көздөрү умачтай ачылды. Бул кыйкырык чын эле эт жүрөгүн тилип өтүп, түшүндө ыйлап алышка аз калган.
Эч нерсени түшүнбөй биринчи оозуна келген сөзү ушул болду.
— Өөх түшүм экен
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
ИЙГИЛИК