22-болум.
Милиция дагы апамдын таанышы да, убагында мага Аврамды издешкен киши. Жан талашып жетип келиптир, жакын жашайт окшойт. Бир жолу милицияга түшкөм, боорду эзип сабап, бандиттерге салып берген. Жакшылык деген эмне экенин билбеген калк болот булар. Акчама дагы ыраазы болуп кеттим чынымды айтсам. Ошол акча өлүп кетсин, жарым жанымды сабап, түрмөдөн өлүгүм чыкканча. Баягы эле нерсе, түрмөгө мага болушуп барчу адамым дагы жок эмеспи. Жада калса жактоочу дагы жалдай албайм.
-- Апа, суранам менин жок дегенде бир жакшылыгымды эстеп, милицияга салып бербеңиз. Алар мени эмне кылаарын билбейсиз да апа.
-- Сени жакшы адам деп жүрсөм, сен кадимки көчөдөгү калпычы турбайсыңбы. Алып кет бул кызды, бул үйүмө уруксатсыз кирип, баламды коркутуп, акча уурдап жаткан жеринен кармадым. Баламдын майыптыгын пайдаланып кылганын карап кой. Эмне кагаз болсо кол коюп берем, арыз жазам. Кармагыла, ошол жакта жатсын. Ошол жактан чыкпай калгын.
-- Апа, сизге жакшылыктан башка эмне кылдым? Мен өзүмдүн акчамды сурап келдим, силер мени тоноп кеттиңер. Мени каматкандан эмне пайда сизге? Менин ордумда эртең өз балаңыз болуп калышын элестетип көрүңүз. Мейли бербей эле койгула, эгер ушул акча силерди чындап бактылуу кылса алып кала бериңиз.
-- Жок, баламды кордоп жүргөндө унчуккан жокмун. Баламды көк ала кылып урганда унчукпай кетирдим. Эми айылга артынан келип акчасын коркутуп алып жатасың. Эртең эмне өлтүрүп кетесиңби?
-- Өзүмдүн акчам апа, үйгө кошкон акчамды сураган жокмун го. Эгер оюм жаман болсо миллион акчамды Акжолду Турцияда даарылоо го берет белем. Эгер кудай бар экенине ишенсеңиз, калп айтуудан коркунуз апа.
Канчалык апамды эсине келтирейин деген аракетим текке кетип, алып кет деп туруп алды. Жазып берген арызы эки барак болуп кетиптир. Эки барак болгуча эмне кылдым экен. Бизге кол салды, тоноого аракет кылды, үйүбүздү тартып алам деди деп жазыптыр. Жашоодон түңүлүп калган адаммын, мен таң калбайм. Мындай эки жүздүүлүк башымдан канча өттү. Суранып жатып Аида эжеге байланышсам, акча бердим го чыгып келе бер деп койду. Өзүнүн дагы жеке жашоосунда бир нерсе болуп жатса керек. Аял кишиге эле кыйын экен. Алып барып камап койду, кирип чыккандар башкача көздөр менен карап жатышат. Айыл жергесинде аял киши олтурганы жаман көрүнөт да. Кээ бири тааныйт, баланчынын келини деп. Эмне болду деп сурай албай чыгып кетишет, кеч киргенде деле кабар алышпайт экен. Баары кетип жалгыз калдым, булар деле акча үмүт этет да. Акча берсем дароо эле чыгарып салмак, колумдагы жүктүн баары үйдө калган болчу. Ал жерде деле кыйратып акча жок, жан талашып болгон акчага белек бекче алып салган элем. Эми менин алып барганымды жеп эле олтурушса керек. Өксүп ыйлап алдым, кана эми бул муздак темирдин ичиндеги түндөн мени бирөө куткарып алса деп. Эч ким сооротуп бооруна кыспайт, апам өлгөндөн бери мени эч ким соороткон дагы эмес. Апам барда деле көз жашымды көрүп сыздабасын деп, жашынып ыйлайт элем. Эртеси күнү дагы ошол жерден чыгарган жок, башка жака алып барып камайбы деген элем. Бирөө чыгарып кетет десе керек.
-- Мени чыгарып кетчү эч кимим жок, коргоочу дагы жок. Ошол үчүн эмне кыласыңар өзүмө айта бергиле.
-- Сени сот болгончо убактылуу кармоочу жайга камайм. Калганын сот чечет, балким боштондукка чыгарат.
-- Келишсек болобу? Мен бул шакекти сага берем, сен мага телефонумду дагы бир жолу берип турасың.
Кече да бир шакегимди берип Аида эжеге байланышкан элем. Бул жолу Аида эжеге эмес, чындап мага жардам бере ала турган адамга байланышам.
Туууут....туууууутттт...
-- Ало, угуп жатам. Ким бул?
-- Жусуп, бул мен Айжамал. Кандайсың?
-- Жакшы, өзүң кандайсың. Сен кайдасың? Жок болуп кеттиң да.
-- Мага жардам керек болуп жатат азыр. Шамалды-Сай да мени камап коюшту.
-- Эмнеге? Ким камады? Эмне кылдың?
-- Жусуп, жолукканда кенен айтып берем, андан көрө мага жардам бере аласыңбы? Бул жерде калгым келбейт, чекесинен айтсам кайненем каматты.
-- Анан эмнеге майып балага тийдин дейм да, баары эле жаман ойлойт да.
-- Сен кайдан билесиң?
-- Айжамал сен тууралуу баарын билем, мейли жолукканда кенен сүйлөшөбүз..
Мени бир саатка жетпей чыгарып, Бишкеке кетүүчү машинага салып да коюшту. Жусуптан арыз эмне болот десем, өзү чечет деп койду. Эми туугандар, тааныштар да, чечип алышат. Уйдо калган нерселерди дагы алып келип беришти, алган нерсенин баары толук бар экен. Баарын алдым да ошол милиция кишиге берип койдум, ыраазычылык катары. Ошентип шаарга деле көздү жумуп келе бердим. Акчам деле жок, бирок бир эже насыяга алтын алган эле ошону эстеп кеттим. Ошонун дүкөнүнө барам деп ойлоп олтуруп уктап калыптырмын. Качан Автобекетке келгенде ойгондум.
-- Буйруса жетип келдик аман-эсен, эми мындан ары өзүңөр жетип алгыла..
Рахматымды айтып, ары жактагы шаар ичинде жүргөн маршрутка тарапка бара жатсам артымдан Жусуп тосуп чыгып калды. Көргөн көзүмө ишенбей, сүйүнүп ыйлап кирдим. Бир тууганымды көргөндөй толкунданып, кучактап ыйладым. Качан болбосун мени бардык жерден куткарып алат.
-- Болду, Айжамал ыйлаба. Биздин баштан мындан бир топ кыйын күндөр өткөн, эстесең. Ошол күндөрдүн алдында бул эмне болуп калыптыр? Тоодой нерсени жеңип, кумурскадай калганда сына көрбө. Жүрү кеттик.
-- Кайда барабыз? Мен мен.. Бараар жерим жок, мага бирөө карыз эле ошого барып акчамды алып алайын. Анан батир издеш керек.
-- Мен турганда кайдагы батир? Жеңең соонун тамак жасап күтүп олтурат..
Акыркы жолу коштошкон күндү эстеп кеттим, Жусупту кызгана берчү. Мен экөөнү уруштурбайын деп айтпай кетип калгам. Жусуп дагы түшүнүктүү адам да, ошондо эмне айтпай кеттиң деп бир ооз дагы сураган жок. Болбосо ыңгайсыз абалда жүрөт элем, алдымдан бир күн чыгып калса кантем деп. Азыр дагы баргым келбей турат.
-- Мен бир аз чарчадым, Жусуп кел бөлөк күнү конокко барам.
-- Жок дегенде жок, эс алып анан эртең жумуштарды кыласың.
Жок дегенге көнбөй, колумдан тартып барып машинага олтургузуп үйүнө алып барды. Тартынып, аялы дагы жаман болобу десем анткен жок. Жаркырап тосуп алып, бир топ өзгөрүп калыптыр.
Өзүмчө кайгыга батып, анча деле эч ким менен сүйлөшкүм келген жок. Тамактангандан кийин көрсөткөн жайга барып жатып алдым.Жусуп дагы көп нерсени сурагысы келет, бирок өзү айтып калаар деген ойдо батынып сурабайт. Аялы бир топ аракет кылды сурамжылап, менин сүйлөшүүгө көңүлүм тартпай койду. Эртеси шашпай, бара турган жериме жыйналып кеткен жатсам Жусуптун аялы чай ич деп болбойт. Чай ичип олтуруп сырдашып алдык, көрсө боюнда болуп, төрөйт дегенде тепкичтен кулаптыр. Баланы сактай албай, өзүн араң алып калыптыр. Жатынды толугу менен алып салышкан имиш. Жусуп жакшы адам экен, төрөй албай калганын укса дагы унчукпай жашап жатат. Албетте аял катары мен аны түшүнөм, мен деле бир бөйрөктү адаммын. Мен деле төрөй албай калышым мүмкүн. Бала багып алса болот го деп жибериптирмин, аз да болсо көңүлүн көтөрөйүн деп. Жусуп деле ыраазы экен, бул өзү бирөөнүн баласына мээрим төгө албайм деп көнбөй коюптур.
-- Жусупка экинчи аял ал деп жатам. Мен ыраазымын, мен төрөп бере албасам эмне кылам анан. Экинчи аял алса тукуму уланат, кетип калайын десем мени эч качан жибербейт. Билесиңби жаманы ал мени кармабайт дагы, ал мени сүйбөйт.
-- Койчу кайдагыны айтпай, Жусуп жакшы адам. Тарбиясы ушундай, сүйүүсүн башкаларга окшоп көрсөтө бербейт. Бирок кылган иштери менен далилдеп турат. Экинчи аял тууралуу айта албайм го бирок Жусуп жакшы адам экенин анык айта алам. Мен Жусупту бир тууган агамдай көрөм.
--- Ал болсо сени сүйөт, унута албай келет. Билесиңби түндө уктап жатканда, түшүндө сени көрөт дайым. Кайдан билем десең, күндө түндө "Айжамалым"-деп чыгат. Угушума караганда сен турмуштан ажырап келиптирсин, экөөң кайра табышып көрбөйсүңбү. Мен силерге жолтоо болбойм Айжамал. Мени түшүнүүгө аракет кылчы, ойлонуп жооп берчи.
Өз күйөөсүнө мени алып берүү үчүн, жакшы адам болуп жаткан экен да көрсө. Мен буларга жанагы төрөп берчү эне окшоймун.
--Жетим болсом эле мени ушундай кордосо болобу? Бир күн үйүндө жатканым үчүн ушундай жол менен төлөй турган болсом, башка нерсе үчүн жанымды сурайсынбы?
-- Суранам, суранам Айжамал...
Тизелеп бутума жыгылып ийсе болобу. Ыйлап жатат, ыйлап жатат. Бир чети Жусуптун көңүлүн карабай, буюм катары көрүп, экинчи аял алып берген жатканына жинденип кеттим.
-- Тур нары, бар ордуна барып отур. Мейли дейли, сен чыдайсынбы? Кечинде күйөөң менен бир бөлмөгө кирип кетсем кызганычка чыдайсынбы? Эч качан...
--- Чыдайм, чыдайм... Чыдайм дейм..
--- Анда, качан сен биротоло ажырашып кеткенде макул болом..
Мен чын дилден айткан жокмун,күйөөсүн жоготуу сезими канчалык деңгээлде оор экенин сезсин дедим. Ойлонуп иш кылсын, бирөө үчүн чечим кабыл албасын дедим да чыгып кетип калдым. Үмүтүм ал ойлонуп, ойлогонунан кайтабы дегем. Сөзүн артка алабы дегем... Жумушумду бүтүрүп үйгө келсем, Жусуптун аялы чын эле кетип калыптыр..
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11