Он беш жыл. Сиздин балам деген сөзүңүздү укпай калганыма бүгүн он беш жыл болуптур Апа. Келиниңиз болгондо бүгүн чоң дасторкон жайып сизди эскерип отурмакпыз. Ал дагы бизди таштап сиз тарапка кете берди. Өксүктүн орду толуп, армандан арыла баштагандай болуп атканда күтүүсүздөн жоготуп алдым Апа. Азыр гана ишенип, эми гана бир аз өзүмө келип түбөлүк жоготуп алганымды аңдай баштадым.
Сиз келиниңизди тааныйсыз Апа. Сизден калган үйдү жаркыратып, сиздин буюмдарыңызды көзүнүн карегиндей сактап, аярлап колдонуп, бекитип, сактап жүрүп өттү. Өзүңүздү көрбөсө да <<Апамдын буюмдары>> деп алтындай сактады. Атам экөөңдүн туулган, каза болгон күндөрүңөрдү унутпай үч күн мурун даярданып колу-коңшуларды, чогу жашагандарды чакырып куран окутат эле." Бүгүн жооп сурап кел жумушуңдан, Апамдын туулган күнү " дечи эле мага дагы эскертип. Атам экөөңүздөр аны жакшы тааныйсыңар Апа. Көзүңөрдүн тирүүсүндө көрбөсө да, көптөгөн куран-сообун багыштаган силерге.
Апа, сиз келиниңизди жакшы тааныйсыз. Сизге окшогон мээнеткеч, үйүм десе үзүлүп түшкөн, жоктон барды жараткан аял эле. Тазалыгы, тыкандыгы, тирилик деп тытынып жүргөнү кудддду эле өзүңүз болчу. Ооба, ошондой эле Апа. Болгону мен байкабай, барктабай калдым. Кадырын, калың эл кайгырып, кайын журт ыйлап, коңшулар күйүп, үч кызыңыз бүк түшүп ыйлап атканда билдим. Аз жыл келин болсо да кайын журтка сиңип кеткен экен. Кабагым кашым дебей кызмат кылып жүрүп, барган жерин шаң кылып жүрүп көпчүлүктүн көңүлүнө орношуп калган экен. Аттиң, эми мен эч нерсени өзгөртө албайм. Болгону ошону убагында көрө биле албадым Апа.
Сиз аны көрөсүз Апа. Сиздин жаныңызга жерге бердим. Катар болуп калдыңар окшошуп. Балаңыздай бапестеп алыңыз. Караңгыдан коркчу эле, колунан жетелеп жүрүңүз. Карап жүрүңүз Апа. Мени кандай жакшы көрсөңүз аны да ошондой көрүңүз. Атам экөөңүздөргө кызмат кылып жүргөндүр чайын берип. Оң колунда сиздин колуңуздагыдай калы бар эле. Коркунчак жаны бар эле коруп жүрүңүз Апа.Балдарынан кыжалат болбосун жакшы карап атам. Биз жакшыбыз. Сиздер бейиштин төрүндө чогу болгула Апа. Кудайым мээримине алсын силерди.
К.Карабалаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36
окуп буткучо